Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Кыргыз жерине эч нерсе жетпейт


Мен деле курбуларым сыяктуу өз мекенимдин өсүп-өнүгүүсүн каалайм. Мекеним Кыргызстан болуп калгандыгына чексиз сыймыктанам. Кыргыз тоолору, тоолордун артында асман тиреген мөңгүлүү зоолору кандай керемет.

Токойдогу бак-дарактар, кышында да, жайында да жапжашыл болуп турган арчалардын арасында түркүн канаттуулар топ-топ болушуп учушат. Кыргызстандын табиятын жаза берсең бул ак барак түтпөйт.

Мекенимдин таза абасын, тоолорун, зоолорун таштан-ташка урулуп аккан суусун сагынам. Мекениме төрт мезгил тең ирети менен келип, ар бири айланага көрк берип турат.

Жайлоого барганыңда жылкылар кошкуруп, кулун-тайлар биринен бири озуп чуркашып жүргөндөрүн көрөсүң. Таң атканда зоолордун жана тоолордун артынан күндүн чыгып келе жатканы кызык. Таттуу уйкудан туруп боз үйдөн чыгып, шаркырап агып жаткан сууга жүзүңдү жуусаң, табият уйкусунан ойгонгондой болот.

Мекенимдин жети облусунун баары керемет. Ысык-Көл дүйнөгө таанымал, жерибиздин бермети!

Ысык-Көлүм сулуулуктун келбетисиң,

Бейиштен орун алган жер бетисиң.

Кыргыз дүйнөгө көркүн чыгарган,

Ысык-Көлүм мекенимдин берметисиң.

Нарын облусунда керемет кооз жерлер абдан көп. Кыш мезгилинде ал жердин көркү ушунчалык сонун. Кышында айлана аппак, табияттын үнүн угуп ойго баткан санааларың тазаланат.

Ош облусу болсо өзүнчө эле ажайып, тарыхый жерлери абдан көп укмуш аймак. Кудайым бизге бейиштен орун тартуулап жатканда Ош жергебизди биринчи иретте бергенби, деген ойдомун.​Талас облусу да тарыхый жерлерге бай. Көптөгөн акындар Таластан чыккан, ага кандай мактоо айтса да жарашат.

Чүй өрөөнүндө да өзүнө жараша керемети, кооздугу бар экендигине эч качан шек санабайм. Баткен облусунда мөмө-жемиштин түрү бар. Кызыл өрүгү тамшандырат.

Жалал-Абад облусу төрөлгөн жерим, киндик каным тамган жерим.

Төрөлгөндө ак бешикке бөлөндүм,

Кыйынчылыкта бир гана ага жөлөндүм.

Кудайыма чексиз шүгүр келтирем,

Жалал-Абад жергесинде төрөлдүм.

Кыргызстан өлкөмдүн согуп турган жүрөгү - Бишкек шаары. Гүлдөй ачылган, тоодой бийик, жаздай керемет жер.

Кыргыз элинин салттары жакшынакай,

Тоодо ачылган гүл сымал кызгалдактай.

Кыргызстан деген жерге эч нерсе жетпейт,

Кыргызстан койнунан береке кетпейт.

Кыргызстан күн чыкканда жаркырайсың,

Кыргызстан теңдешсиз баа алтындайсың.

Ар бир жериң аялуу да керемет,

Кудайдын бейишинин атындайсың.

Комузуң чертилгенде дүңгүрөйсүң,

Бейиштин керемет гүлүндөйсүң.

Эх чиркин, комузуң чертилгенде,

Сайраган булбулдун үнүндөйсүң.

Кыргызстан бейиштен орун алгансын,

Алоолонуп сен оттой жангансың.

Мен бул ырды Кыргызстан өлкөм үчүн чын дилимен, чын көңүлүмөн жана чын жүрөгүмөн жаздым!

Кочкорова Дилдора

XS
SM
MD
LG