Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Тойго бала ээрчиткен опурталдуу


Сүрөттөр Дастан Умоттегиндики
Сүрөттөр Дастан Умоттегиндики

Тойго бала ээрчитпей баруунун төрт себеби

Мен фото сүрөтчүмүн. Кесибиме байланыштуу той-кечелерге чакыргандар болот. Өзүм күбө болгон нерседен улам соңку кезде балдарды той-ашка ээрчитүүнүн кажети жок деген ой жаралды. Буга жүйө катары төрт себепти жазууну эп көрдүм.

Биринчи себеп - коопсуздук

Алты саатсыз бүтпөгөн той учурунда баланы жандан чыгарбай отурууга дээрлик мүмкүн эмес. Ары-бери басат, чуркайт, ойнойт. Кокус саал көзүңүз бурулса, сыртка да чыгып кетиши мүмкүн. Айткан жерден алыс кылсын бирок ошол маалда аны бир бейтааныш адам жетелеп кетсе кандай болот? Же тойго кечигип келген машиненин алдынан чыга калсачы?

Анын үстүнө, биздин ресторан-кафелерде коопсуздук талапка жооп бербеси анык. Электр туташтыргычтар, чыгып түшүүчү тепкичтерде тосмолордун жоктугу, мармар таштардын сыйгалактыгы, ысык тамакты тынбай ташыган официанттар...



Экинчи себеп - тоскоолдук

Тойго барган бала бутка сөзсүз чалынат. Ашынган тентектер ата-энесинин сазайын берерин көрүп эле жүрөм. Же отургузбайт, же тамакты жөндөп ичирбейт. Мындан көрө үйдө эле отурбайбы деп ойлойсуң аргасыз.

Байкуш тамада антракт сайын “Балдарды жаныңардан чыгарбагыла, ысык шорпо үстүнө төгүлүп кетпесин” деген өтүнүчүн тотукуштай кайталай берип чарчаса керек.

Кадрды шыкаалап атканда фотоаппаратымдын көзүн колу менен чукуган балдар көп эле болот. Аларды урушпай сүрөткө тартып, ойнотуп коем.

Үчүнчү себеп - ден соолук

Кыргыздын тоюна баргандан кийин, эртеси күнү эс алышың керек. Антпесең кадимкидей чарчап, катуу чыккан музыканын добушунан кулак тунжурап чыгат. Чоң киши ушинтип жатканда балдардын ден соолугу канчалык жабыркарын элестетип көрүңүз.

Катуу жаңырган музыка, ызы-чуу, ашыкча тамак-аш, түнгө чейин уктабай жүрүү мунун баары баланын ден соолугу үчүн зыяндуу экени айтпаса деле маалым.


Төртүнчү себеп - адеп-ахлак


Сизди кесиптешиңиз, аяшыңыз же наркы столдогу татынакай бийкеч же келишкен бир мырза бийге чакырып калды дейли.

Тойго баргандан кийин “Жанымда балам отурат, чыкпайм” деп айта аласызбы? Менимче, жок.

Анан бала “Апа, эмнеге тиги менен кучакташтыңыз?” деп сурабайт да. Сиз деле “Балам, бул жөн эле бий” деп айтпасаңыз керек. Айткан күндө деле балдар аны толук аңдап түшүнөрүнө көзүм жетпейт.

Кээ бир учурда, кичинекейлер чөйчөктөргө куюлган ширени, чоңдордой тост айтып, кагыштырып ичип жатканын көрүп калам.

Ошончо кишинин “ачуу суусундукту” “кастарлап” куюп, бири-бирин кыстап, “Бар бололу, бай бололу, кел, алып ий” дегенин көргөн балдар муну үлгү көрүп жатканы өкүнүчтүү. Тойдо “өчүп” калгыча ичип, көрүнгөн кыз-келиндерге тийишкендер тууралуу айтса өзүнчө сөз…

Кыз талашып же кичи колот, чоң колот болуп “концерт” койгондор да жок эмес...

Ушунун баарын көргөн сиздин кичинекейиңиз жакшы таасир аларынан күмөнүм бар.

Мен атайын төрт себепти жаздым. Бешинчисин сиз сунуштаңыз. Өзүм балалуу боло электигиме байланыштуу кайсы бир жерин таштап же байкабай калышым толук ыктымал. Эгер бул блогум жакпай калса, жок дегенде тойго ала барган балаңызга көз кырыңызды салып коюңуз.

Кокус бул маалымат сиз үчүн пайдалуу болсо, анда мен максатыма жеттим. Токчулуктун символу болгон тойлор көп болсун!

Дастан Умоттегин, сүрөтчү

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG