Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

“Самолет, самолет, Москвадан ала кет!”


Казакстандагы тажик мигранттары.
Казакстандагы тажик мигранттары.

Тээ бала кезде асманда учуп бараткан самолет же вертолётту көрсөк, баёо сезим менен чурулдап артынан чуркап, "самолет, самолет, Москвага ала кет",- деп кыйкырып ээрчип алчубуз.

Мектепте окуп жүргөндө мугалимибиз "Көрдүңөрбү балдар, бул - Москва, бул - Кызыл аянт", - десе суктана тиктегенибиз дале көз алдымда. Анын үстүнө биз окуган Эне тил китебинин алгачкы барагында мына ошол Москванын сүрөтү, анан акын Алыкул Осмоновдун: "Эй Россия, Россия бир боор энем, мен өңдүү тоо кушуна коюнуң кенен"- деген ыр саптары болоор эле. Ошол кездеги кыялыбыздагы Москвада башка мигранттардай болуп, ушул күндөрү биз да жашап, иштеп жүрөбүз. Бүгүн окурмандарга Москвадагы кыргыздардын турмушун мындай кой, батир ичиндеги гана маселени жазайын.

Эки бөлмө, он адам жана келишпестиктер

2013-жылдагы Бирюлево окуясынан кийин Москвада батирдин ижара акысы бир топ кымбаттады. Москванын четиндеги райондордо батир акысы мурда бир адамга 3000 орус рубли болсо, азыр 4000 рубл. Ал эми шаардагылар, айрыкча метрого жакын жайгашкан, борбор деп аталган аймактарда баа 5000-6000 рублга чейин өскөн.

Биз эки бөлмөлүү батирде он адам жашайбыз. Анын ичинде көлдүгү, баткендиги, оштугу да бар. Бири ашпозчу болсо, дагы бири дүкөндө сатуучу, бири курулушта иштеп, жан багат. Иш тартиби да түрдүүчө, бири күндүз иштесе, бири түн бир оокумда ишке кетет же келет. Түн ортосунда тарактатып кийимин издеп, башкаларды ойготуп, тынч уйкуну бузат. Байкашымча, көпчүлүк учурда батирде чогуу жашагандардын келишпестиги мына ушундан чыгат.

Биздин батирге жаңы турмуш курган жаш үй-бүлө кошулду, алар болсо турмуштун айынан тынбай урушуп, батирдеги башкаларды такыр көзгө илбейт экен. Жаш күйөө бир күнү мас болуп келип, батирдегилерге такыр тынчтык бербеди, сөгүндү, кыйкырды. Чогуу жашаган эже тынчтыкты сакта дей коюп балээге калды, аны кошуп сөктү. Өмүрү мындай жаңжалды үй-бүлөмдө көрбөгөн мен жолдошумду бекем кучактап, корккон бойдон уктап калыпмын. Эртеси тиги жигит баарыбыздан кечирим сураптыр, бирок ага болгон жек көрүүбүз кала берди. Дагы бир күнү суук тийгизип алган башка эже таң атканча күрсүлдөп жөтөлүп чыкты, бирок аны аяган киши жок, уйкуну бузганы үчүн баарына жаман көрүндү.

Тынч жашоо өкүм сүрбөгөнү аз келгенсип буюмдарыбыз тынбай жоголот, бирөө бут кийимин, бирөө кемселин, жадагалса тиш жууган каражаттардан бери жоготуп эле басып жүрөбүз.

Мектептегидей тазалык

Кудайга шүгүр мен жашаган батирди ижарага алган эже тыкан аял экен. Баса, кыргыздар жашаган ар бир батирде кечки саат 23:00дөн кийин нөөмөт менен жууп-тазалоо иштери башталат. Ошол сыяктуу биз да кезек менен батирибизди жууп-тазалайбыз. Бүтөөрүбүз менен "кожойке" текшерип, кадимки мектептегидей эле ишибизди 5, 4, 3 деген упай менен баалайт. Элден уялганыбыздан баарыбыз 5 алганга жан үрөйбүз.

Бирок Москвадагы бардык кыргыздар ушинтип жашайт дегенден алысмын, мындан он эсе жакшы шартта жашагандары да бар, балким мындан да начар шартта жашагандары да көп. Айтор, ушунун баарын көрүп, өз мекенибизде дал ушул Москвадагыдай маяналуу жумуш болгон күнү “Самолет, самолет, Москвадан ала кет” деп кыйкырып, ата журтубузга кеткибиз келет...

Дария Чынбердиева, Москва шаары. (автордун аты-жөнү өзгөрдү)

XS
SM
MD
LG