Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02
Бул блогду жазуума мектептеги бир классташым түрткү болду. Ал 10 жылдык мектепти тыңгылыктуу бүтүрө албай, 8-класста мектептен чыгып кеткен, айылдагы чоң бекерпоздордун бири эле. Аракты, тамекини 6-класстан эле “өздөштүрүп”, кыштакта кары-жаштын кыжырын кайнаткан “атаманга” айланган.

Мындан 4 жыл мурда айылга эс алганы барып, энем экөөбүз жобурашып отурсак эшикти бирөө каккылап калды. Элет жеринде эч ким минтип уруксат сурап кирбейт эмеспи, эшик баарына ачык, ким кааласа салам айтып кирип чыгат да. Энем таң калып мени чыгарды. Ачык турган эшиктен баш баксам сакалы сапсайган, кир буттарына байпак кийбеген, узун чапанчан адам турат, эмнегедир көзүмө тааныш учурады.

Ал мага: “Үйдө киши барбы?”, - деди. Мен таң калдым: Ооба, мен бармын, энем бар, - десем: “Жок, кадимки киши”, - дейт. Менин таң калганымды байкады окшойт, үнүн өктөм чыгарып: “Эркек деп жатам!” дегенде эле баягы аракеч классташым экенин билдим. Таң калганымдан сүйлөй албай калдым. Ал мага: “Мен дааватка келгем, киши жок тура. Киши келгенде айтып кой, бардык ишин жыйыштырып мечитке барсын!”, - деп шартылдап буйрук берди да: “Сүннөткө туура келбей, саксайып жүргөнүңө жол болсун, классташ!”, - деп кемсинте көчөгө басты...

Ошондон көп өтпөй үй-бүлөм менен Британияга көчтүм. Лондондо жашаганыма 2 ай болуп калганда эшигим дагы тыкылдады. Ачканымда таза, тыкан кийинген, жашы 50дөн ашып калган сулууча англис адам туруптур. Ал өзүн Иегова дааватчысымын деп сыпайы тааныштырып, эгер убактым болсо айта турган сөзү бар экенин жобурады. Өмүр бою мусулманчылыкты туу туткан атанын кызы болгондуктан, мурдумду чүйрүп, тарс эттире эшикти жаптым. Бул жоругумду жолдошум байкап калган эле. Бир апта өтүп, эшик дагы кагылып, баягы киши эми тестиер кызы менен келди. Бул ирээт жолдошум аны ичкери киргизип сыпайы маектешүү башталды. Менин жактырбаганымды байкаган жубайым мага кыргызча: “Буларды сен иеговачылар эмес, англис катары кабылда. Англисче сүйлөшкөнгө үйрөн”, - деди. Чын эле, эмнеге болбосун деп ойлоп апта сайын аларга эшик ача баштадым. Таң калганым, Марктан (Иеговачынын аты) бирөөнү диний ишеними тууралуу кемсинтүү, же кандайдыр бир динди басынтуучу бир да сөздү укпадым.

Алгач таанышканда эле ага биз мусулман экенибизди, өлсөк да бул динден чыкпашыбызды айтканбыз. Ошентсе да ал бизге баш чайкап келбей койгон жок. Ар бир келгенинде кызын, уулун, жубайын ээрчитип келип, Иегова динин түшүндүргөнгө аракет кылат. Биз болсо ага мусулманчылыкты айтып беребиз, Кыргызстан тууралуу жобурайбыз. Өз дини, Иегованын Библиясы тууралуу ийне-жибине чейин маалыматты билген, ыйык делген китебинин ар бир сабын жатка айткан, ошол эле мезгилде башка диндерге да сый урмат кылган сыпайы дааватчыдан мен эң чоң сабак алдым.

Аны менен пикир алышып, мусулманчылыкты айтып берүү үчүн Курандын ар бир сүрөсүн Марк Библияны жатка айтып, ар бир сөз айкашын түшүндүргөндөй деңгээлге жеткире окушум керектигин билдим. Эки жылдын ичинде Марк биздин чакан үй-бүлөгө өзүң туткан динди башкаларга үгүттөөдө зордук-зомбулуктун, кемсинтүү-басынтуунун эч кажети жок экенин үйрөттү.

Лондондон кетерде Марк бизди көзүнө жаш кылгырта жакын адамын узаткандай узатты. Бул жакындыктын биз Иегова болуп кетпедик, ал мусулманчылыкты кабыл албады. Ошентсе да эки диндин өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүп, диндерге, Библия менен Куранга сый-урматыбыз артты.

Балким, менин баягы классташым деле Марктай жолду тандаса, тазалык, адамга сый-урмат менен дааватка чыкса аны да, ал чакырык кылган Ислам динин да сыйлагандардын саны артат беле?
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG