Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Апам тигип берген майке, айылга кирген танк


СССРдин айылдык жаш хоккейчилери. Жалал-Абад облусу

СССРдин айылдык жаш хоккейчилери. Жалал-Абад облусу

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Кайрат Искендеровдун "Азаттыкка" келген блогун сунуштайбыз.

Мен улуу держава, коммунизмди курууга белсенген СССРде, он беш Союздук Республиканын катарындагы Кыргыз Советтик Социалистик Республикасында төрөлдүм. Биз мектепте дүйнө жүзүндөгү улуу, жеңилбес, империализмди жек көргөн, тынчтыкты сүйгөн, көп улуттуу өлкө - бул советтик мамлекет деп окудук. Аны түзүүчүсү улуу В.И.Ленинди, ырда айтылгандай, "Улуу Ленин атабыз, бизди өстүргөн капасыз" - деп окуп чоңойдук.

Беш жылдыздын ортосунда кичинекей Володянын сүрөтү бар төш белги тагынып, октябрят болуп, анан мойнубузга кызыл галстук байланып, пионерге өтүп, өспүрүм куракта жаштар уюму болгон комсомолго мүчө болуп, коомдук иштерге активдүү катыштык.

1990-жылдары «кайран» СССР өз таасирин жоготуп, оор кризиске учурай баштаптыр. Муну биз мектеп окуучулары кайдан билели.

Бир жолу телевизордон профессионалдык NBA баскетбол лигасынын оюнун көрүп отуруп, класста команда түзүүгө кызыгып калдым. Айрыкча мага алардын кыпкызыл майкеси, ага жазылган катар сан номерлери жагып калды да, атама ошондой майке сатып берүүсүн сурандым. Атам муну аткаруу азыр мүмкүн эместигин, андай спорттук кийимдер дүкөндөрдө жок экендигин айтып, баш чайкады. Чынында ошондой экен. Дүкөндөрдө жадагалса күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр да таңкыс эле. Ушундай чоң өлкө ошол мен көргөн майкени тиге албаса деп капа болгом. Эми менин бул мүдөөмө жетүүмө апам гана жардам бере алышы мүмкүн деп чечтим да, апамдан ушундай майке тигип беришин өтүндүм. Апамдын тикме машинеси бар, өзү да чебер. Кичинекейимден эле сүрөттү жакшы тарткандыктан, заматта ал майкенин эскизин сызып бердим. Кездеме сатып келип, апам экөөбүз жумушка кириштик. Майке даяр болду.

Мен апам тигип берген кызыл майканы кийип турам. 1990-жыл

Мен апам тигип берген кызыл майканы кийип турам. 1990-жыл

Мектептеги классташтарыма баскетбол командасын уюштуралы дедим. Алар макул болушуп, менин майкемдей майкелер тиктиришип келишти. Траферет менен майкелерге алардын тандаган номурларын жазып, «Адидас» фирмасынын эмблемасын да кошуп койдум. Ошентип биздин мектепте «кичинекей» NBA баскетбол командасы пайда болуп, көптөгөн жеңиштерге жетишкенбиз.

Апаларыбыз тиккен кызыл майка кийген классташтарым.1990-жыл

Апаларыбыз тиккен кызыл майка кийген классташтарым.1990-жыл

Дагы биз кызыккан нерсе чет элдин видеофильмдери болду. Өмүрүбүздө көрбөгөн андагы каармандар: Брюс Ли, Жеки Чан, Шварценеггер дегендер биздин көз карашыбызды өзгөрттү. Бош убакты боло калганда жапатырмак каратист, ниндзя болуп кеттик. Кинодогудай кийимдерди жасап кийип, эки тарап болуп «мушташып», ата-эне, мугалимдерден көп эле тил уктук.

Кино таасириндеги жаңы "ниндзялар". 1989-жыл.

Кино таасириндеги жаңы "ниндзялар". 1989-жыл.

Биз 1990-жылы каникулга таркап, адаттагыдай эле салт болуп калган экскурсияга Апшыр-Сай деген жерге бармакпыз. Белгиленген күнү жөнөйбүз деп турганда, бир тууган эки элдин, өзбек-кыргыз болуп урушуп, Ош окуясы болуп кеткенин агайларыбыздан уктук. Барбай калып ичибиз ачышканы менен, бизде кандайдыр бир «согуш» ушундай турбайбы деген коркуу пайда болуп, үрөйүбүз учту. Үйдөгүлөрдүн, элдин маанайы суз. Ошондогу Ош окуясында айылга чейин коменданттык саат киргизилип, танктар бастырып кирген күн дале эсимде. (Биз танк дегенибиз БТР деп аталат экен).

Ош окуясындагы коменданттык саат учурунда биздин айылга кирген танкттар. 1990-жыл июнь

Ош окуясындагы коменданттык саат учурунда биздин айылга кирген танкттар. 1990-жыл июнь

Күндүз биздин айыл көчөлөрүндө тартипке көз салып турган советтик аскерлерди, танктарды таңыркап карап, артынан чуркап ойночубуз. Мага атам «Смена» деген фотоаппарат сатып берген болучу. Аны менен көптөгөн фотосүрөттөрдү тарттым.

Ош окуясындагы коменданттык саат учурунда биздин айылга кирген танкттар. 1990-жыл июнь

Ош окуясындагы коменданттык саат учурунда биздин айылга кирген танкттар. 1990-жыл июнь

Ал учурда сүрөттөр караңгылатылган абалда чыгарылып, көбүнесе ак-кара түстө даярдалчу. Ошондогу мен тарткан сүрөттөр алигиче сакталуу. Мен билдирбей ошол фотоаппаратым менен танктарды далай сүрөткө тарткам.

Убакыт келип орто мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайына кирүү экзамендерин СССР убагында тапшырып, Эгемен Кыргыз Республикасынын студенти болуп калдым. Ал эми сабакка барганда жакадагы улуу В.И.Лениндин сүрөтү бар комсомолдук значокту чечүүгө туура келди. Себеби, комсомолдук уюм жоюлуп, ал жөнүндө талап коюлбай, маани берилип, суралбай да калган эле. Кыргызстан өзүнүн желегин БУУга желбиретип илип, көз карандысыз суверендүү өлкөгө айланды.​

: Жаш каратисттер. Инилерим Марат менен Талант.

: Жаш каратисттер. Инилерим Марат менен Талант.

Жаш эгемен өлкөбүздөгү студенттик күндөр барган сайын тартыштык, жетишпестик, кыйынчылыктар менен коштолуп өтө баштады. Акча табуу кыйын, коротуу оңой болуп, ошол кездеги СССР рубль акчасынын куну учту. Ата-энем, бир туугандарым менен кат жазышып, зарыл учурда сүйлөшүү түйүнүнөн кезек күтүп, азап менен байланышчубуз.

Айылда күнүмдүк тиричилик кылуу шаардан да кыйындап кеткенин апамдын айткандарынан угуп, ичимден сызам. Анда-санда үйдөн токоч нан, сары май, курут салынган посылка келчү. Бири-бирибизди чакырып сыйлап, бир тойлоп алчубуз.

Саясат менен ишибиз жок болсо да, дагы эмне болуп кетет экен деген санаа менен колго тийген гезиттерден кызыгып окуп тураар элек.

Мен учкан СССРдин акыркы авиабилети.

Мен учкан СССРдин акыркы авиабилети.

Барган сайын шаардын чар тарабы жайма базар, комок, дүкөндөргө айланып, жаш-кары дебей майда соода менен тирилик кылып калды. Бизди да агайларыбыз соода кылгыла, эмесе жашай албай каласыңар деп айта берчү. Дааналап тамеки саткандарды көрүп, таң калчубуз, уят го деп.

Бир жолу бизди окуткан эжекебиздин жайма базардагы көчөдө майда-бараттарды сатып отурганын көрүп калдым. Экөөбүз тиктешип, мен өзүмдү ыңгайсыз сездим. Эжекебиз сабакта талапты өтө катуу койгон окутуучу болчу. Көргөн көзүмө ишенбей, ал жерден тезирээк кетүүгө шаштым. Базар экономикасы ушул болсо деп аябай кейигем.

СССРдин айылдык жаш хоккейчилери.

СССРдин айылдык жаш хоккейчилери.

Шаарга лөлүлөр, тилемчи-селсаяктар көчүп келгендей болду. Угуп көрбөгөн «рэкет» деген сөздү ошондо уктук. Көчөдө бараткан аялдардын кымбат баалуу тумактарын жула качып кеткен тоногучтар көбөйдү. Бул турмуш студенттер арасында ынтымакчылык, биримдикти күчөтүп, бири-бирибизге кыйынчылык болгондо жардам бере баштадык.

1993-жылдын май айында кыргыз сому жүгүртүүгө чыгарылды. Атам жумушу боюнча борборго келип калып, «Ала-Тоо» мейманканасына токтоп, чогуу тамактаналы деп мени чакырыптыр. Тамактанганы кирсек, совет акчасына соода кылбайбыз, кыргыз сомун бергиле деп, тамак бербей койду. Эсимде ошол 15-май күнү болучу. Атам мени акча алмаштырганы жөнөттү. Мөөнөтү эчак бүткөн болсо да кээ бир жерлерде алмаштырып жатыптыр. Темир жол вокзалында алмаштырып жатат дегенин барсам, эл толтура экен. Кезеке туруп, үч саат дегенде колумдагы толтура рубль акчаны алмаштырсам, аз эле 1,10,50 тыйындык, 5 сомдук, 20 сомдук кыргыз сом болду. Карасам тыйыны деле кагаз, сому деле кагаз. Биз тамактанып, эсептешкенде 3-4 сомго жетпеген акча болуптур ичип-жегенибиз. Ошондо атам: «Мына кыргыз сомунун күчү, Американын долларын артка таштадык»- деп сүйүнгөн.

: Биздин айылдык кичи NBA командабыз оюн учурунда. 1990-жыл.

: Биздин айылдык кичи NBA командабыз оюн учурунда. 1990-жыл.

Биз өткөөл заманда окууга тапшырып, жаңы доордо, башка көз караш менен жогорку окуу жайын бүтүрдүк. 1996-жылы мал доктур адистиги боюнча дипломго ээ болуп, жакага ромб тагып, айылга жол тарттым. Бирок айылымда колхоз жоюлуп, дүркүрөгөн мал, короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкынын дареги жок, баарын эл бөлүп алып бүткөн убакка туш келип, менин адистигимди сураган да, ага кызыккан да жан болгон жок.

Бизге да бирин-экин жандык, алакандай үлүш жер тийиптир. Жерибизге пахта да эктик, тамеки да айдадык. Жыйнаган түшүмүбүздү өткөрүп сатуу мүшкүл эле. Барына шүгүр кылып жашап жеңдик. Өз алдыбызча эмгектенип, турмуш-шартыбыз жакшыра баштады. Бара-бара жашоо оңолуп, кыйын кезеңдер унутулуп да калды.

Азыр болсо мен эңсеген нерсенин баары бар! Баягы апам тигип берген майкедей майкелерди тандап сатып алып кие бер. Союз убагындагы бош жаткан дүкөндөр, базарлар толуп турат, айылга чейин базар ачылган. Мага да базардан орун тийди. Салыгыңды төлөп, каалаганыңды кыла бер. Мыйзам бузбасаң болду.

Азыр элде баягы колхоз, совхоз убагындагы малдан эки эсе көп мал бар. Илгертен кыргыз калкынын байлыгы мал саны менен ченелип келген эмеспи. Айтор элибиз бай, мамлекетибиз да бай.

Мына быйыл Кыргыз Республикасынын көз карандысыз, эгемендүү өлкө болуп, дүйнө тааныганына 25 жыл толуп отурат. Жалпы кыргыз элимди бул майрам менен куттуктайм!

Кайрат Искендеров

Кайрат Искендеров

Ал эми «Азаттык» радиосунун бул майрамга карата жарыялаган сынагына, бизди өткөндү эскерткенине ыраазычылык билдирем.

Кайрат Искендеров, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айыл аймагы, Миң-Өрүк айылы

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG