Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Эркин бир жумадан бери үйүнө бара элек. Эгемендик колго тийгенден кийин көпчүлүк катары жер үлүшүнө ээ болуп “Айдың-Көлдө” дыйканчылыкка баш-оту менен берилип, өз колу менен тургузуп алган бир бөлмөлүү сокмо дубал кепесинде күн кечирип келет.

Мына бүгүн ал атайын үйүнө барып, неберелеринин бетинен сүйүп, байбичесине кир-когун жуудуруп, “Ата, апа бизден кам санабагыла, окуп, иштеп силерди багабыз”,- деп жер кезип кеткен уул-келини, кызы менен сүйлөшүү үчүн телеграфка барууну көздөп жолго камына баштады.

Мээ кайнаткан жай саратанынын күнү батып бара жатканда, нарыда аркандалуу турган жорго чалыш карагерине арабасын чиркеди да, орулганына эки-үч күн болуп нымы качып калган чөбүн арабасына үймөлөй, талаадан чегиртке терип жейт деп алып келген жөжөлүү тоогун кепесине камап, тышынан зым менен буроо сала карагерине шапалак урду. Эркиндик деп ушуну айт. Мына ушуну жасасаң да жасайсың, жасабасаң да жасайсың деп бирөө сага зордук кылбайт. Тээ союз маалындагыдай "кой өлгөнчө, сен өлбөйсүңбү" деп өлгөн козунун шыйрагынан кармап алып раис башка чаппайт. Ал эми жогору жактагы Ак үй, Көк үйдөгүлөр бийлик талашып чабыша беришсин. Ушуларды ойлогон Эркин карагеринин өз басыгына коюп, тердеп тармалданган желке чачына жабышып калган көйнөгүнүн жакасынан колун сунуп жиберип арка мойнун карс-карс тырманып, колго Эркиндиктин кантип тийип калганы тууралуу жол ката ойго тунду.

* * *

Эркин 20 жыл райондук автобазада такси айдады. Беш колун оозуна тыкпай, ынсап ыйманы, тубаса чынчылдыгы менен коллективине жакса да, автобазанын жетекчилигине жакпады.

Жыйналыш болгон сайын өзү коммунист болбосо да жаңычыл көз карашын айтуудан тайманбай, кээ бир оркойгон одоно кемчиликтерди сынга алды. “Тигини карасаңар, баарыбыздан акылдуу окшойт”, бүгүнкү жыйналышта айткан сөздөрүн толук токтомго кийригиле деген базанын башчысынын сөзүнө кандайдыр бир Эркинде ишеним пайда болсо да бара-бара ал куру эле сөз экенине ынанды. Жыйналышта Эркиндин көпчүлүктүн кароосуна койгон маселесинин бирөөсү төмөнкүдөй болуучу. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн бөлүнгөн жеңил таксилердин акыбалы бүгүнкү талапка жооп бербейт. Дөнгөлөктөрү эскирип бүткөн. Нары үстүнө каптама. Жок эле дегенде эки алдыңкы дөңгөлөгү “заводской” болуусу керек. Антпесек болбойт. Биз отун эмес, адам ташыйбыз. Экинчиси - “слесарь” балдардан бирөөсүн окууга жиберсек, ал серпилгичтерди (амартизаторлорду) жана автоунаанын жүрүүчү (ходовая часть) бөлүгүнүн оңдоо, түзөө иштерин үйрөнүп келсе, өзүбүзгө жакшы болмок. Ал эле эмес дөнгөлөктөрдүн мөөнөтүнөн мурда иштен чыкпасы үчүн автоунаанын жүрүүчү бөлүгүн оңдоону үйрөнсө (развал, схождение), биз канчалаган запастык бөлүктөрдү үнөмдөп калууга жетишет элек.

Эркиндин жыйналыштагы бул сөздөрүн токтомго киргизишкени менен анын бирөөсү да аткарылган жок. Тескерисинче, Эркин жаз келгенден сакманга, коомдук малга тоют даярдоого, андан тамеки үзүп, тизүүгө, керек болсо пахта теримине жумушка тартылууга биринчилерден болуп тизмеде жүрдү. Ошон үчүнбү коомдуку деп эсептелген колдо бардын баарысы хан таламайга түшкөн кезде Эркиндин минип жүргөн таксисин текеден арзан баага райондун акими сатып алып бир түндө өзүнүн туулуп-өскөн айылына алып кетип калды. Муну Эркин көпчүлүк менен бирге Чаткалда малга тоют даярдап жүргөн убакта укту. Анын жатып ичерлерден, паракор, бюрократтардан ушунчалык көңүлү калгандыктан чөнтөк дептерчесинде төмөнкүдөй ыр саптары пайда болду. Анын бир куплети мындайча эле.

Тоо кирди тоодой болгон жүгү менен,

Бээ кирди беш байталын жетелеген.

Вагондор чиркелишип кирип кетти,

Көзүңдөн көрө албадым тойдум деген.

* * *

Бир топ жыл жан жолдошундай болуп калган унаасынан айрылуу Эркинге оңойго турбады. Ал Чаткалдан келээри менен башчынын алдына кирип, бирок алгылыктуу жооп ала албагандан кийин “Жашай туралы көрө жатарбыз”, деген ойдо кечке маал үч-төрт жолдошу менен базанын маңдайындагы дүкөндөн чарчоо басты кылышып, аркы-беркини сүйлөшүп бара жатышып “Сейил” багынын чыга бериш жеринде архивде иштеген классташын жолуктуруп калды. Ал да бир топ алагүү болуп алган экен, тигилерди болбой кеңсесине ээрчитип кирип отпускасын жууй кетти. Ар ким өз деңгээлине жараша эркиндиктин оңой эле колго тийип калганын ары-бери калчашып, ортодогу сөз бир топ кызып калганда, Эркин коридорго чыгып Л.Брежнев башында турган политбюронун мүчөлөрүнүн сүрөттөрүнө көз жүгүртө баштады. Аңгыча сөздөрү түгөнө баштаганбы жолдоштору да коридорго чыгышып, Л.Брежневден кийин Генеральный секретарь ким болот деп талаша кетишти. Бир топ талаш- тартыштан кийин четте тамекисин түтөтүп турган Эркинге жолдоштору жабыла карашып, сен да өз оюңду билдирбейсиңби деп калышты. Тамекинин түтүнүбү же шараптын күчүбү айтор ошондо Эркин түз эле мына бул адам болот деп ал М.Горбачевду көрсөттү да, эгер ушул адам бийликке келсе, өлкөдө зор өзгөрүүлөр болот деди. Баары аны таңдана карап калышты. Эркин өз оюнан кайткан жок. Ал биринчиден тиги чалдарга караганда бир топ жаш, жана бийлик башына башында калы бар адам келсе сөзсүз өзгөрүү болорун ал мурун уккан эле. Бул өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын аяк чендери болчу.

* * *

Мындан көп өтпөй эле Кыргыз ССРинин министрлер советинин председатели Султан Ибраимовду атып кетишти. Иштеп жаткан адамды да жөн коюшпайт. Бул инсан кайсыл ажыдаардын куйругун басып алды экен деп Эркин өзүнчө бушайман ойдо жүрдү. Андан аркысы өтө тездик менен өткөндөй болду Эркинге. Леонид Брежневден кийин бийлик биринен бирине өтүп акыры Михаил Горбачовдун кайра куруусу башталып анын “Сухой закону” кызыл кулактардын чөнтөгүн кампайтып, иш быякта калып эле арак дүкөнүнө кезекке турмай көнүмүш адатка айланды. “Үйрөнгөн адат калабы”, - демекчи жадеп желкебизге минип түшпөй келе жаткан мындай адатты бир шилтем менен эле жок кылуу оңойго турбасын бийлик башындагылар кеч түшүнүп калышты. Көпчүлүгү самагон айдашып, бир кой бир бөтөлкө аракка алмаштырылды. Казак боорлордун “жел токсону” жүз жарып, эл арасында жаңы түшүнүктөр, жаңы көз караштар, доор алмашуусу күтүлүп жатты. Аңгыча түштүктө Ош окуясы бир ууч эл бузарлардын тилине кирген талапташтардын айынан канчалаган энелердин көз жаштары төгүлүп, жүрөккө айыкпас дарт салды. Андан кийин Кыргызстанда Аскар Акаевдин бийликке келип “Демократия Америкага анын токойлорунан чыгып келсе, бизге тоолордун башынан түшүп келди”, - деп айтканы, Кыргыздар “быкы-чыкы”, (Г.К.Ч.П.) деп атаган Орусиянын борборундагы көрүнүктүү орус жетекчилеринин бийликти кайра өз колубузга алабыз деген ойлору ишке ашпай таш капты. Ушул жана башка окуяларга саресеп салып колуна калем алып ыр жазып жүргөн Эркин төмөнкүдөй сатиралык ыр саптарын жаратып жиберди.

“Дем арал” биздин өлкөбүз,

Ден соолук үчүн ичебиз.

Дүйнөнү түгөл кыдырып,

Дүңүнөн баарын сөгөбүз.

Ыктытып ырас калабыз,

Ышкырып жылкы айдайбыз.

Ыйлаба катын ичпейм деп,

Ыштанга башты катабыз.

Анан эмне болду? Колубузга эркиндиктин тийгенине сүйүнгөнүбүз менен баарын баштан жасоого туура келди. Бирде туруп, бирде иш жыгылыш болуп, бирде там - тум баскан жаш баладай алдыга үмүттүү карап жашап келе жатканыбыз чындык. Мына ушуларды кино тасмадай көз алдынан чубурткан Эркин инир кирип келе жаткан маалда өз үйүнүн босогосун аттап, неберелеринин бетинен сүйдү. Мышыкты жарга такай берсең жолборско айланат. Ал эми чымчыкты капаска камап көрчү. Адам баласы да ушундай. Эркиндин түшүнүгүндө адам негизинен үч нерсеге баш ийип жашоосу абзел. Биринчиси - он сегиз миң ааламдын ээси болгон теңирге, ата-энеге жана өзү жашаган өлкөнүн мыйзамына. Учурда анын жашы бир топко барып калганына карабастан ушул мыйзамдын негизинде өмүр сүрүп келет.

Абас Кабай, Ала-Бука району

XS
SM
MD
LG