Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55
Менин студенттик күндөрүм т.а. өзүмдүн айылымдан алыстап, башка аймактарда окуу 6-классымда эле башталган. Анткени, Кара-Кулжадагы Шарип Жээнбеков атындагы лицейге келип окуумду уланттым.

Биринчи жолу туулуп - өскөн айылымдан алыстап, туугандарымды абдан сагынып, кусаланып жүрдүм. Жалгызсырап, буулугуп эч кимге көрсөтпөй ыйлап алгандарымды эстегенде жылмайып алам. Көзүмдү жалдыратып алайкуулуктардын бекетине күндө келчүмүн.

Күндөлүк жазганга ошол кезде үйрөндүм. Анда жазылгандарды азыр окусам, боорум эзилет. Мисалы мындай:

- Бүгүн жатакананын супер шорпосун ичип алып окуума жөнөдүм. Анан кайра келдим. Анан кечки тамакты ичтим, сабак кайталадым, чарчадым эле уктадым.

- Алайкууну абдан сагынган экем, чоң атам салып жиберген тору бээнин кымызынан жутуп-жутуп алдым.

- Бүгүн дүкөн жактан келе жатсам эки эжекем көрүп калып, "ии-й Айбек, сынып бербейсиңби?!", - дешти. Анан мен ал экөөнө 1 сомго нак, 50 тыйынга бирден балон чакыч, бир сомго печенье алып бердим. Ушуну менен чөнтөктө 28 сомум эле калды.

Чоң класстын балдары кундөлүктү окуп алышкан экен, бир кыйлага чейин тору бээнин кымызын доолап жүрүштү.

Ошентип баш-аягы бир жылдай окуп, өз айлыма кете бергем.

Өзгөндө...

9-классымдан тарта Өзгөн районунда окуп баштадым. Үй-үйлөргө бөлүнүп алып араб тилинин грамматикасын окуйбуз. Ал үйлөр “Хужра” деп аталчу. Арадан бир жума өтүп, атам менен чоң атам келгенде, өзүмдү кармана албай көзүмө жаш алганымды эстесем, азыр да уялып кетем.

2005-жылы Мекедеги Уммул-Куроо университетинен улантайын деп, документтеримди жөнөтүүгө камынып калдым. Ал үчүн документтерди Оштон которуш керек болуп, эки күн ичинде эле шаарга 3 жолу келип, кеткенге туура келди. Үчүнчү жолу келгенимде чөнтөктө 5 сомдон башка эч нерсе калбады. Эми кайра кантип кетем? Кайдан акча табам? Кимден сурайм? Маршруткаларга жол кире 5 сом эле. Акыркы акчамды жол кире кылып, Ак-Тилекте жашаган туугандарымдын үйүнө жөнөдүм. Ошентип ал күнү курсакты кампайтып алып жатып алдым. Оюмдун баары эртеңки күн. Таң да атты.

Тууганымдан акча сураганы аябай камынып өзүмдү даярдап залга кирсем, балдары күнүмдүк соодага иштетилчү акчаларды санап жатышыптыр. Сурагандан тартындым. Бир саамга акчадан көзүмдү албай карап туруп калсам керек. Анымды байкап калган агам – Айбек акчаң барбы? - дей калбаспы. Мен да камырабай – Ооба, жетет - деп койдум.

Ошентип курсакты тойгузуп алып, чөнтөктө сокур тыйын жок, Оштон Өзгөндү карай жөнөп калдым. Чыгып баратып “Оо, Кудай, жардамыңды бере көр” деп да күбүрөнүп алдым.

Эгер пенде чындап Аллага гана таянып тобокел кыла турган болсо, ал пендеге Аллах өзү жетиштүү эмеспи. Менин ошол күнкү башымдан өткөргөн бул окуя жашоомдо эң кызыктуу да таңгалычтуу да болуп калды десем жаңылышпайм.

Кайыптан келген ырыскы...

Үйдөн коштошуп чыгып алып, эмне кыларымды билбей эшиктин алдында ары-бери басып жүрдүм. Акыры, “кой эми,Өзгөнгө кетчү бекетке чейин жөө бара берейин, балким дагы тууган-урук жолугуп калаттыр” деп илкий басып, дарбазаны жаңы эле аттасам алдымда 10 сом жатыптыр. Сүйүнүп кетип, эки жакты карабай эле шак чөнтөккө салдым. Түндө эле түшүп калса керек, бир аз ным экен.

Мына, жол кире да табылды. Чоң жолго чыгып, маршруткага кол көтөрдүм. Ичи толо экен. Мен бара турган жер узак болгондуктан арт жагына өтүп бараткам. "Айбек" деген тааныш үн кулагыма шак эте түштү. Жалт карай койсом, Замира эжем экен. Бизге алыс тууган. Кубанып кеттим. Ден соолук, ал-жай сурашкыча аялдамага да жетип калдык, эжем 50 сом карматып, “жол киреңди төлөп коём” деп түшүп кетти. “Жөн эле койбойсузбу” демиш болгонум менен чырагыма май таамп, кудуңдап жаттым. “Мына эми, Өзгөнгө да табылды” деп бирде кымыңдасам, бирде ичимден Аллага жалбарып жаттым.

“Аргымакты жаман деп тулпарды кайдан табасың, агайынды жаман деп тууганды кайдан табасың” дейт эмеспи, тууган кадырын ушундай кыйынчылыкта билесиң. Кечээ күнү көптөн бери көрүшпөй жүргөн дагы бир тууганыма Ошто жүргөнүмдү баса белгилеп койдум эле, дароо эле жетип келди. Ал документ бүтүрүп жүргөнүмдү угуп, колума 220 сом карматты. Сүйүнүчүмдө чек жок.

Казакстанда иштеген байкем да угуп калган экен, телефон чалып, документтериңе керек болот деп 50 доллар салып жиберди. Мына, урматтуу окурман. Бул нерсени мен жашоомдо көрдүм. “Кудай деген куру калбайт” деген сөз бар эмеспи? Деңиздин түбүндөгү кара таштын астында кетип бара жаткан куртка да ырыскысын бере турган зат, баарын көрүп, билүүчү күч бар!!!

Ошентип документтеримди бүтүрүп, капчыкты да, курсакты да кампайтып алып Өзгөндү көздөй сапар тарттым.

Муундарым иштебей, жер кучактап жыгылганда...

Бишкектеги Ислам университетинде окуп жүргөм. Түштөн кийинки убактымды пайдаланып, жазга чейин айдоочу күбөлүгүн алып алайын деп, курста окуй баштадым. 3 жарым айлык курста окуп, бүтөйүн деп калганымда 1000 сомго жакын акча төлөш керек болуп калды. Акча жок, бирөөдөн сурагандан уялдым. Иш издей баштадым. Дал ошол убакта окуумдан 1 жумага дем алыш болгон эле. Беловодскийде сабиз отоп, күндө 200 сомдон тапса болот дегенди угуп калып, кечинде эле жөнөп кеттим. Бир тааныштын үйүнө жатып алып, эртеси таңга маал жумушка чыктым. Сабиз эгилген талаа дунгандардыкы экен. Иштегендердин көпчүлүгү кыргыздар. Топ-топ болуп үймөктөшүп турушат. Арасында улгайып калган апалар, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш кыздар, оозунан эне сүтү кете элек балдар, эмчектеги баласын көтөргөн келиндер да жүрөт. Дунгандар ары басса ары, бери басса бери басып, “жумушка мени ал, мени ал” деп артынан чуркап жүрүшкөнүн көрүп абдан намыстанып кеттим. Алар өздөрү тандап алып кетишип, кечке иштетип, каш карайганда колдоруна 200 сомдон карматат экен.
Сокур намыска алдырып, баарын таштап басып кетип калсам да болбос эле. Көп өтпөй “мени ал” дегендердин сабын толуктадым. Бир группанын ичинде 10 чакты адам болот экен. Иш башталды. Күн болсо ысык. Жердин кожоюну текшерип кошо жүрөт. Мени кечке зерикпесин дедиби, айтор 3 кыздын жанына кошуп коюшту. Үч жөөктөн бөлүп алдык. Көптөн бери кара жумуш кылбай жүргөн жаным, бат эле чарчап калдым. Улам артта калып калам. Жанымдагы кыздар жардам берип коюшат уялтып. Ошентип кеч да кирди. Акчабызды алдык. Оюмда беш - алты күн иштейин дедим эле. Бирок ага мүмкүн эместей. Кечке чейин сабиз отоп, казга окшоп басып жүрө берип буттарым менен белим түшүп эле калды. Ал күнү үйгө эптеп эле келдим. Үйүбүз Карпинкада эле. Эртең менен турсам буттарым таптакыр эле жоктой, чымырап болбой калыптыр. Туруп ажатканага жөнөдүм. Бутумду эптеп эле сүйрөп басып бара жаткам. Жолдо суу түтүгү бар эле, жанында бир топ жаш балдар, кыздар анан бир эже суу алып жатыптыр. Ошол түтүктүн жаны болоор-болбос ылдыйлап кетет эле. Араң кетип бара жаткан жаным ошол жерден өзүмдү токтото албай, күүлөнгөн бойдон көмкөрөмөн жыгылдым. Тигилердин баары мени карап, аң-таң. Мас экен деп ойлошту го. Муундарым иштебей калыптыр. Ар бир мүчөнүн өзгөчө чоң ролу бар экен да. Адамды тең салмакта кармап турчу муундар эмей эмине.

Шпаргалка колдонуп, уят болгондо...

Бул окуя Египеттин Искендерия облусундагы институтта окуп жүргөнүмдө болгон.
Негизи шпаргалка колдонуу менин адатым эмес. Бирок араб адабиятын кенен тааныткан “Адаб аннусуус” деген китеп бар. Араб адабиятынан түзүк эле маалыматым болгону менен эмнегедир эле ушул сабакты окугум келчү эмес.
Эртең сынак деген күнү үйдөн сонун кылып шпаргалка даярдадым. Адаттагыдай эле ордума отурдум. Сынак башталды. Суроолорго карасам, мен даярдаган шпаргалкага такыр туура келбейт экен. Кап, кечээ китепти бекер жырткан экем деп кайгырып олтурсам, башка устаз жаныма келип кол койдуруп калды. Ага канчалык сыр бербейин дегеним менен деле болбой, мурун мындай жаман иш кылып көрбөгөн жаным, кызарып-татарып кудум эле күнөө иш кылып жатканымды көзү менен карап тургандайкысыла баштадым. Ал дагы мага окшогондорду кармап жүрүп, дасыгып калганбы айтор, алдымдагы дептерлеримди аңтарып баштады. Мен каткан барактарды чекесинен чубай баштаса болобу. Бир укмуш чыгат да. Эми уялганымдан жер жарылбады, мен кирип кетпедим. Балдардын баары мен жакты карап турганы, устаздын табышмактуу жылмайып койгону намысыма абдан катуу тийди. Өз оюмда жакшы жазганыма карабай, жыйынтыгында бир эле ушул сабактан өтпөй калгандыгым – шпаргалка менен түбөлүк коштошуума себеп болгон.

Бактылуу көз ирмемдер...

Окуум чет мамлекетте болгону үчүн, көп улуттар менен тааныша алдым. Тили да, дили да, түсү да башка болгону менен динибиз бир. Анан жакындан таанышып доско айлангандан кийин, алардын улуттук салтын, тамагын, оюндарын, салт-санаасын угуп отуруп кээ бирине тан берип таңдай шакылдатсаң, кээ бирине бооруң эзилгиче күлөсүң.

Мисалы, бизде дос балдар көчөдө кучакташып жүргөнү уят деп эсептелбегени менен, мысырдык балдардын көз карашы боюнча уят. Ошон үчүн алар көчөдө колтукташып жүрүшөт. Жаңы келгенимде алардын колтукташып жүргөнүн көрүп алып күлсөм, алар биздин кучакташып жүргөнүбүздү көрүп күлүшөт. Көрсө алар кыздарды кучактап жүрүшөт экен да.

Ал эми казак группалаштарымдын жанында «бут» деген сөздү көп колдонуп, күлкү болгонум эстен кетпейт.

Оогандык бир бала менен жакындан таанышып калдым. Алар жакын адамдары менен учурашканда дароо эле кучакташып, анан гана кол алышат экен. Мен улам эле колумду узатып алып, көнгүчө кызыктай болуп жүрдүм.

Жыйынтык...

Студенттик кез – адамдын жашоодогу өз ордун табууга чоң өбөлгө түзгөн убак эмеспи. Ошондуктан ары кызыктуу да, өтө чоң жоопкерчиликтүү да. Адамдын баары капитан болуусу мүмкүн эмес. Демек, катардагы аскер болууга тийиш. Бирок өз ишин мыкты билген, мыкты аскер болуусу керек. О.э баарыбыз тең мамлекет башкарган жетекчи болуп кетүүбүз мүмкүн эмес, кандай гана кесип ээси болбосун ак иштеп, ак эмгек кылуу керек.

Андыктан, эң алгач өзүбүздү анан жакындарыбызды, кошуна-колоң, эли-журтубузду караңгылык түркөйлүктөн жарык нурга жетелеп чыгуу башкы мүдөөбүз болушу керек. Студенттик убак ар кимге эле насип боло бербегендиги үчүн, карылыкка моюн суна электе жаштыгыбыздын, ооруп калуудан мурун ден соолугубуздун, жардыланып калуудан мурун байлыгыбыздын, алек болуп калуудан мурун бош убактыбыздын, ичээр суу, көрөөр күнүбүз түгөнүп калуудан мурун жарыкчылык жашообуздун, гүлдөп турган өмүрүбүздүн кадырын билели!

Данияр уулу Айбек

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG