Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

"Өлө жаман” мугалимдер көбөйсө экен...


Мен үчүн “мугалим - ыйык адам” деген сөздүн мааниси жоголду. Ал түшүнүктүн жоголушуна ошол эле мугалимдерим өздөрү себепчи болду. Кантип дейсизби? Анда мен сизге бул мисалдарды келтирейин. Баса, мен мектептин эмес, жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери жөнүндө сөз кылып жатам.

Биринчи себеп: эки жыл мурун 9-классты бүтүп, окуу үчүн шаарга келдим. Алгачкы семестрде жакшы окудум. Сабак калтырып, тапшырма аткарбай баруу мен үчүн жат көрүнүш эле. Сабактан сырт курстарга да катышып, китепканага каттап, баары ойдогудай болчу. Союз мезгилиндеги студенттик доорду сүрөттөп жазган китепке окшош эле. Ошол эле учурда сабакка айлап келбеген, тизмеде аттары гана жазылган студенттер да бар эле. Мен аларга маани деле берчү эмесмин.

Сессия башталды. Жаңы термин. Биз күтүп, даярданып, коркуп жүргөн учур келди. Баары дүрбөп эле калды. Окуу жайдын китепканасында студенттер катарга тизилип, ичи да ар дайым толо. "Сынакка жакын окуп калышат экен да" деген ой келди. Арасында чындап окугандары да бар экен. Мен бир күндүн ичинде 15 сабактан баа алдым, эки сабагым калып, бара албадым. Кийин өздөрү коюп коюшуптур. Башкалары кантип алышкан? Акча беришти, тааныштарын ортого салды. Кимдер Кыргызстанда жогорку же орто окуу жайда окуп көргөн болсо, кантип баа алуунун жолун жакшы билет.

Эң жаманы - кинодон, анекдоттордон, ушакчылардан угуп жүргөн акча менен да баа алса болот да деген түшүнүктү айылдык аң-сезими таза баланын көкүрөгүнө так ушул окутуучулар киргизди. Мендейлер ар бир тайпада 30-40тан окуп жатышат да.

Экинчи себеп: ошентип окуунун экинчи бөлүгү башталды. Студенттер сынактан чарчашканбы, түшүнүктөрү өзгөрүлүп, башкача ойлоно башташканбы, айтор сабактарга болгон кызыгуу бир заматта солгундай түштү. Менде деле ошол абал. Окубасаң деле баа алат экенсиң да деген ой мээге кирди да калды.

Анысы го мейли, миллиондогон жаман-жакшы ойлорго аралашып жок болуп тынат дечи. Бир күнү күтпөгөн жерден “мээңде болсун, болбосо чөнтөгүңдө болсун” деген сөздү так ушул окутуучунун оозунан уктум.

Үчүнчү себеп: экинчи, үчүнчү семестрлер бири-бирине окшош эле өттү. Экөөндө тең окшош сөздөр “сен окубай калдың, айныдың, мурдагы бааларыңа карап коюп берип жатам, журналист болгуң келсе бир жолу окубай кой” жана башка ушул сыяктуу сөздөр.

Таптакыр окубай койгон жокмун. Кээ бир сабактарга барып катышам, берген тапшырмасын интернет деген жаңы “досумдан” карай салып, жообун көчүрүп алам. Сааттап китепканада отурмай жок.

Төртүнчү семестр башталды. Мугалимдердин көбү баа койгулары келбейт (албетте арасында окуганыңа жараша коюп бергендери бар). Айрым окутуучулар менин анча-мынча жазганымды билип алышыптыр. Баа коюп беришпейт же акчасын сурашпайт. Өздөрүнчө табышмак кылышып, убакытты алып, артынан чуркаткысы келет. Эмнеге антишээрин да билдим. Экинчи курстун аяктап жаткандыктан мамлекеттик сынак бар. Ага чейин зачет, сынактарың бүтпөсө кире албайсың, кирбесең демек курстан курска көчпөйсүң. Айлаң кеткенде алардын оозунан чыккан акчаны группадагы ортомчуга тапшырып, жаның жай алат.

Кайсы бир эжекем сабакта отуруп, акча туурасында сүйлөшүп калдык.

"Биз акча албай, баа койбой койсок, атайын айылдан ата-энесинин акчасын коротуп келген баланын келечегине балта чаап алабыз", - дейт.

Акчаны да өзүн алышса жакшы. Эмнени кааласа, ошону айтат. Сенин акчаң жетпейби - ал көйгөй эмес. Сага окшогон бирөөнү кошот. Мындай аталыштагы китепти таап кел, торт алып кел, Өзгөндүн күрүчүн, Баткендин өрүк кагын, Кара-Кулжанын же Алайдын кымыз-курутун... жаза берсең түгөнбөйт.

Ушул төртүнчү семестрде бир агайыма досу чалып, акча сурап жатат:

-Акча берип турчу, мага өтө керек болуп калды. Силерде азыр сессия болуп жатат да.

-Жок, менде да акча жок. Быйылкы жылы сабак билбей, акча бере тургандар жок экен.

-Эмне, дене тарбия сабагынан деле алган жоксуңбу?

-Жок, норматив тапшырышты. Эгер тапшырышпаганда беришет эле, - деп сүйлөшүп жаткандарын телефондун үнү катуу чыккандыктан угуп калдым.

Чынында кээ бир окутуучулар үчүн биз акча өндүрүүнүн бир булагы экенбиз. Болбосо, өздөрү каалагандай талапты коюп, биздин мээбизге киргизе алса, кийин ошону сурашса... Андай окутуучулар да бар. Аларды көбү “Иии, баягыбы, өлө жаман дейт го, акча албайт дейт го” деп таанышат. Ушул “өлө жаман” мугалимдерибиз көбөйсө экен.

Дастан Үмөтбай уулу, Ош шаары
XS
SM
MD
LG