Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Кыргыз оору


Жакында Бишкекке кетейин деп Оштогу аэропортто учакты күтүп отурсам, баштыгын көтөргөн бир элеттик жаш жигит: “Эже, сизди Бишкекте тосуп алышабы?” – деп сурап калды.

“Жок, такси кармап кетем”, - десем - “Анда чогуу бир такси жалдабайлыбы, арзаныраак болот”, - деп жалооруй суроо катты.

“Кайда барат элең? Жолдо болсо таштай кетем”, - десем мен кетчү жолдон таптакыр башка жактагы “Баят” базарынын жанына бараарын айтты. “Эч нерсе эмес, таштай кетебиз”, - деп убада кылып, экөөбүз жол ката маектешип келдик. Журналисттик кызыгуум артып, кадимки тоолуу кыргыз айылынан алыска чыкпаган баео мүнөз жигиттин айткандары кулагыма унутулуп бараткан эски обондой жагымдуу куюлуп жатты.

Маектешим Ноокаттын алыскы тоолуу аймактагы Чеч-Төбө деген айылында картайган “кемпир-чалды” караган кичүү уулу экенин, өзү 20дан жаңы ашкандай көрүнгөнү менен үч балалуу болгонун, элетте жумуш жок, саналуу мал-жанын карап, жайы-кышы көбүнэсе талаада, эртели-кеч үйдө кыргыз телесин эрмектеп күн өткөрөөрүн айтып берип отурду. Жалгыз бир тууган агасы оокаты тың, Орусияда көп жылда тапкан акчасына Бишкекте үй салып, очор-бачар жашап жатканын, жылына бир жолу айылга барганда атасы экөөлөп аны мактап-жактап, бир коюн союп берип, көңүлүн алган соң, ал кайра жыл бою аларга арпа-буудай, акча жөнөтүп каралашаарын төкпөй-чачпай айтып берип, арасында элеттик байоо мүнөзүнө салып, каткырып коюп келатты. Бишкекте жашаган айрым туугандар Ноокаттагы ата-энесине арпа-буудайдан да каралашаарын ушул жигиттен биринчи ирет уктум.

Бишкекте экөөбүз бир таксиге түшүп, аны “Баят” базары тушундагы жаңы конуштардын бириндеги агасынын дарбазасы жанына түшүрүп койдук. Ыраазычылыгын айтып түгөтө албай, мага батасын берип, эки баштыгын түшүргөн бойдон кала берди ал жигит. Ага чейин үн катпай келаткан таксист аздан соң: “Сиз дагы Оштонсузбу?” – деп сурап калды. Добушу негедир орой угулду. “Жок, иш менен баргам, эмне болду?” – десем, ушундай бир ачуулуу үнү менен ушул “түштүктүктөрдөн” тажаганын он мүнөтчө тынбай аябай жиндене төгүп кирди.

Мен бир аз унчукпай турган соң: “Ии, башка элдер менен урушуп-согушуп бүттүк, эми өзүбүз ич ара эки-экиден мушташалы. Андан башка колубуздан келбесе, жалаң уруш-мушташ аркылуу атагыбыз дүйнөгө тарасын. Алакандай элбиз, бири-бирибизди жек көрүп, бытырап-бөлүнүп турганыбыз четтеги душмандарга майдай жагат”, - деп бир аз ичимдеги бугумду чыгарган соң, дагы көпкө экөөбүз талашып келатып, аягында таксист менин айткандарыма бир аз муюгандай сезилди.

Июнда Ошто каргалашалуу кооганын оту алоолоп күйүп жатканын өз көзү менен көрүп, союлдун башына канжар байлап алып, анысынан кан тамчылап ары-бери жүгүргөн жаш балдарды токтото албай аябай катуу депрессияга батып келген кесиптешим түн ката Бишкекке келсе, ал жакта эч нерсе болбогондой кафелерде от күйүп-жанып, музыка жаңырып, эл тойлоп-бийлеп атканын көрүп, көчөнүн ортосуна туруп алып, айкырык салгысы келгенин айтып берген эле.

Жогорку Кеңеште бир жолу таанымал эле депутат өкмөттүн аткарган ишин талкуулаган жыйында туруп алып: “Айылга барсам, кемпир-чалдар тегеректеп алып, эмнеге биздин райондон министрлер жок? Эмне үчүн бизден чоңдор чыкпай атат?” – деп ортого алышты, ушуну чечип бергиле дегенин угуп ичимден иренжидим эле. Качан биз “мен тиги коктудан, же өзөндөн болгон үчүн мага майлуураак токоч бергиле” деген аң-сезимден арылып, ар бир адамды кесиптик жөндөмү, жеке касиети боюнча тандайбыз деп.

Деги биз качан регионалдык деңгээлдеги оору-сыркоодон арылып, жалпы улут, мамлекет тууралуу ойлонуп-түйшөлгөн деңгээлге жетебиз? Ушул суроо башымды көп оорутчу болду. Балдарыбыз башкача чыкса экен, эмки муун биздин далай эскичил оорулардан, айрыкча ушул “кыргыз оорудан” оолак болчудай сезилет мага.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG