Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13
Азезил – Библияда жана ислам уламыштарында Шайтандын күнөөгө баталек периште кездеги ысымы. Уламыш боюнча Азезил адам пайда боло электе Алла тарабынан жердеги жиндердин башкаруучусу болуп дайындалган имиш.

Азезилди кыргыздар азгырык, шайтан, алдамчы катары түшүнөт.

Ак каңкы ээр – Атка токула турган ээрдин бир түрү. Мындай ээрдин кашы жазы жана томолок болуп, бетине ою түшүрүлүп, күмүш менен кооздолот. Ак каңкы ээр кыргызга гана таандык болгондуктан “кыргыз ээр” деп аталат.

Алакет, алекеттен, алакеттенүү деген сөз бар. Бул – убаракерчилик, машакат, түйшүк дегенди түшүндүрөт.

Мунун дагы бир түрү “алек, алек болуу, алектенүү” – натыйжасыз, пайдасыз, майнапсыз иштин артынан түшүү дегенди билдирет.

Маселен: - Керелди кечке алектенип, бүтүргөнүң ушулбу?-дейт.

Бул сөздүн маанисин түшүнбөгөн журналисттер кээде мактешип жаткан адамына:

- Сиз акыркы кездери эмне менен алектенип жатасыз?- деп таптакыр туура эмес суроо берчү болду.

Бул деген: -Сиз акыркы кездери эмне менен убара болуп жатасыз, майнапсыз кайсыл ишти иштеп жатасыз?-деген эле суроонун өзү болуп саналарын эске ала жүргөнүбүз оң.

Мисалы: “Ал бечара болбогон иштер менен алек болуп жүрөт” дейт.

Ак ордо (“Манастын Ак ордосу ж.б.) деген сөз бар. 3-5-кылымдарда байыркы гунндардын жана 6-8-кылымдарда байыркы түрктөрдүн доорунда бир жерден экинчи жерге сейрек көчүрүлгөн Ак ордо болгондугу тарыхта дайын болгон. Маселен Көкү Нор көлүнүн жээктерине кетип, Тибет мамлекетин башкаргандардын бир нече жүздөн ашуун адам сыя турган үйлөрдө жашай тургандыгын кытай жазмалары жазып калган. Мындай үйлөрдүн керегелери да эки кабат болгон.

Ак Ордо үйгө Манас баштаган 40 чоро, кербендер, дагы толуп жаткан коноктор кенен баткан. Эшигинен атчан адам эркин кирип чыккан мындай Ак Ордонун турмушта чындап эле болгондугу толук чындык.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөргөн Акаев тушунда жасалган эки кабат бозүй ошол Ак Ордонун элесин берүүгө жасалган далалат эле. Ошондуктан кыргыз архитекторлору бул боюнча кытай булактарын дагы бир жолу иликтеп чыгып, кыргыздын анык Ак Ордосун жасап, аны Бишкек менен Ошко, Чолпон Атага ж.б. шаарларга тигип койсо жаман болбос эле деген ойдобуз.

“Ак үйлүү” дейт. Бийлик төбөлдөрү тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, аттуу-баштуу адамдарын (өзүн же баласын) барымтага алуу. Экинчи бир элге үстөмдүк кылып, буйругун эки кылдырбай аткартуу үчүн Ак үйлүү кылуу ыкмасын колдонгон.

Ак үйлүүнүн дагы бир мааниси – Байлык менен бийликтин символун түшүндүрөт.

Кыргыз бийлик билермандары отурган үй да бекеринен Ак үй деп аталган эмес.

Акыйнек – Айтыш жанрынын бир түрү. Акыйнектин “Манас” эпосунда бар экенинин өзү эле бул өнөрдүн байыркылыгын далилдейт. Акыйнекте кыздар же жигиттер эки тарап болуп, бирин бири кордоп, мазактап, шакабалап, мыскылдап, тамашалап ырдаган. Бул өнөр чечендикке, сөз тапкычтыкка үйрөткөн.

Ат үстүнөн саламдашуу –Мааниси тең аталыкты, укугу, таасири, даражасы, кадыр-баркы бирдей экендикти мүнөздөй турган жосун. Маселен, илгери кыргызда эң жогорку даражалуу адамга андан даражасы кичине адам алыстан эле атынан түшүп, жөө жалаң келип салам айткан. Мындай салт жашуу улуу, аксакалдарга жашы кичүүлөрдүн аттан түшүп салам берүүсүндө да сакталган. Феодалдык доордо букаралар, кара таман кедей-кембагалдар манаптар менен болуштарга, байлар менен бийлерге ушинтип “төшөлүп” салам айтып турган.

Ат үстүнөн саламды зоболосу бирдейлер гана айталган. Көкөтөйдүн ашында Кошой баш болгон баатырлар Манасты сыйлагандык жана ага баш ийгендик катары аттан түшүп, жөө келип саламдашкан. Алгач Манасты теңсинбей: “Манас ким эле?” деп турган кытай хандары да коркуп, аттарынан түшүп келип саламдашкан.

Кийин жөөчөндөргө “ат үстүнөн саламдашуу” өзүн мыкты санагандар тарабынан атаандашын келекелөө, басынтуу, теңине албоо максатында колдонулган учурлар болгон.

Мисалы: “Ал ат үстүнөн салам берип калыптыр, байлыгы менен бийлигине көпсө керек” дейт.
(уландасы бар)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG