Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58
Кыргыздар “шымал” деген сөздүн маанисин билбей калдык.

“Манаста” "Шымаланып сел келди,
Шымал жактан жел келди"
дейт же “Күнжүрүшү- Анжыян, шымал жагы – ойроттор” дейт.

Күнжүрүш дегени - Күн Чыгыш жагы, Анжыян дегени - Түндүк жагы же түндүк жагында ойроттор жашайт дегени. Ошентип шымал деген – түндүк тарап дегенди билдирет. Кээде түндүктөн соккон желди же шамалды: “Шымалдын жели, шымалдын шамалы” деп койот.

Кыргыздын байыркы сөздөрүнүн дагы бири – “сара” деген сөз. Бул да колдонулбай, унутулуп калды. Ошол эле “Манаста”:

Акундун кызы Айчүрөк,
Ургаачынын сарасы-дейт.

Сара деген – ургаачынын сырттаны, төрөсү, эң жакшы, эң мыктысы деген маанини түшүндүрөт. Мисалы: Баатырлардын сарасы - Манас, жердин сарасы - Ала-Тоо дейт.

Кыргызда: -Хандын калабынан сактасын,
Карачанын дооматынан сактасын
деген сөз бар. Адегенде “Хандын калабы” дегенин түшүндүрө кетели. Калабы деген - Калаба деген сөз. Ыр сабына келгенде “калабы” болуп өзгөрүүгө учурап кетет. Ошентип Калаба - чатагы деген сөз же Хандын чатагынан сактасын дегени. Ал эми Карача дегени – бөлөк-бөтөн, чет элдик же чет өлкө, чет мамлекет дегенди түшүндүрөт экен.

Арбап деген сөз бар экен. Мисалы: Агам Ак үйдөгү арбап кишилердин бири дейт. Арбап деген – кожоюн, чоң кызматкер, мансаптуу дегенди билдирет экен.

Кепер дегенди да билбей калдык. Илгери айылдагы табып кишилер сыркоолоп калган адамдын тамырын кармап туруп: мунуңар “кепер суук экен”же “кепер ысык экен” деп койгон.

Кепер суугу - адамдын чыйрыгып, ак жайдын күнү да үшүп турганы.
Кепер ысыгы - эти от менен жалын болуп ысып турганы.

Дабир деген сөз бар.

Мисалы: Эрге дабир келгенде,
Элге тарайт атагы,-
дейт. Дабир деген- кези келгенде, ооматы келгенде, жолу ачылганда, багы ачылганда-деген мааниде.

Чайла-деп коет. М: -Көкүрөгүм чайлап кетти,-дейт. “Көкүрөгүмө бугум толуп кетти” деген маанини билгизет. Дагы бир мисал: -Отузга жашың чыкканда, отурткан гүлдөй чайлайсың,-дейт. Гүлдөй жайнап, бажырайып, көркүңө келесиң дегени.

Же “душмандар жер чайлап кетти” дейт. Жерибизге нээти бузук адамдар толуп кетти дегени. “Чайла” деген сөз оң дагы, ошол эле учурда терс дагы мааниде колдонула берет.

Пар деген сөз куштун жүнү, куштун канаты, куйругу дегенди түшүндүрөт. Буга далил катары куштун жүнүнөн жасалган жаздыкты кыргыздар “пар жаздык” деп атап келгенин айтсак болот.

Дагы бир мисал: -Кушту учурган пар болот,-дейт. Паранда же канаттуу деген сөз ушундан чыккан.

Эми ушул эле “пар” дегендин башка бир маанисин чечмелесек “тең” дегенди да түшүндүрөт. Ал сага “пар” эмес экен дейт. “Тең” эмес экен дегени.

“Темир дат болот, киши дак болот” деген да сөз бар. Дак болот дегени түңүлөт, көңүлү калат деген мааниде. М: -Жамандан көңүл дак болот,-дейт.

Коноо деген сөз бар. Алыстан ат чаба турган жерди ушинтип атаган. Мисалы, Коноого чапчу күлүктөй элирип турду,-дейт.

Конолголуу жер - түнөп кетүүгө ыңгайлуу жер. Мисалы: Алар конолголуу жер издеп жүрүштү.

Чомочо деген сөз бар. М: Атадан алтоо туулдум деп чомочоңду көтөрбө,-дейт. Чомочо дегени боюңду көтөрбө, өөдөсүнбө, кадыр-баркыңа, мансабыңа салба дегени.

Борч - карыз, бересе деген мааниде.

Мисалы: Насыя борчко малынба,
Насыя борчко малынсаң, айлыңдан доо кетеби?-
дейт. Карызга батсаң туш-тушуңдан доолагандар келе берип, айлаңды алты кетирет дегени.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG