Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Кыргыз кышы


Пушкин, Есенин, Тютчев, Фет жазган орус кышы чынында эле укмуш!!!
Орусияда армияда кезимде жаштары жапырт шаарга баса берип, каралбай, таралбай калган орус хуторлорун көп көргөм. Бир күнү эле ошол хуторлордун айыбын да, айыпсыз азап-тозогун да душман көзүнө көрсөтпөй, Александр Сергеевич Пушкиндин ямщигине окшогон коңгуроолуу аппак кыш каптап өтүп кетүүчү. Көрүп ал анан!

Кудайдын кышы жер үстүнөн кылайган ала калтырбай, ойрон орустун жамандыгын жаап-жашырып, баарын тегиздеп, баарын унуткарып, ак аюудай баарын таман алдына басып калар эле. Ошондо кудуреттүү кыштын өзү дагы дүйнөдө эмнеге колу жетсе ошонун баарын орустуку кылгысы келген, жадагалса Кудайдын кышын да орустуку кылгысы келген орус калкынын өжөр, өзүмчүл мүнөзүнө окшоп кетер эле. Буга бир чети ардансам, бир чети суктанчумун...

Анан мен дагы кыргыз поэзиясына “Кыргыз кышы” деген түшүнүктү киргизсем деп тилер элем. Муну мен эми бүгүн, керемет кыргыз жеринин башка аймактарынын көбүнөн кышы катаал Ат-Башынын мисалында айтып олтурам.

КЫРГЫЗ КЫШЫ

Алкынганда аппак ызгаар төгүлгөн,
“Ауу!” десе таш экиге бөлүнгөн.
Кыргыз кышын көрдүң беле андагы,
Кызыл бороон кырдан-түздөн сөгүнгөн.

Кузгун да жок, куш дагы жок, бак да жок,
Кудай гана жалгыз мында жаккан от.
Куюккандан чыдай албай Ак-Сайдын
Кулап түшөт суугунан аткан ок.

Күйүккөндө күндүк жолдон күрсүнүп,
Күүлөнгөндө күрткү болуп түртүлүп.
Күкүктөнгөн ызгаар агат бир гана
Күн Чыгыштан Күн Батышка бүркүлүп.

Жээликкенде жер табалбай сыйгандай,
Жел да тоңуп, желип-жортор кыр калбай.
Жээгин бербей мелт-калт болуп кыш жатат,
Жер шарынын кышын мында жыйгандай.

АТ-БАШЫДА

Албууттанып аяз тоого соктугат,
Ала буурул адыр-түздөр кошкурат.
Ак жоолукчан кыш далбактап эшикте
Айылдардын боорун жүрөт топчулап.

Кайыңдынын кара суугун түшүнбөй,
Карагайлар калч-калч этет бүтүндөй.
Жылуу түтүн колу менен көктөгү
Жылдыздарды кармап турат түшүрбөй.

Сай жалтылдап тонун муздан тиктирген,
Сагызгандар бадалдарга тик кирген.
Салып-уруп сарайына баратат,
Сарыкоолук сары жигит ЖИП минген.

Аз калгандын шамал бүтөп жылчыгын,
Ач калгандын ак кар бүтөп жыртыгын.
Эңкейиштен экиленген жыт келет,
Эттин жыты... болгондо да жылкынын.

Бул өрөөндү ызгаар менен апаптап,
Буудан минген чилде жүрөт акактап.
Бубак баскан зым карагай түбүндө,
Бубак баскан эшек турат апаппак.

Алтай-жетай, чеги кайда, билинбей,
Азапка да, тозокко да ийилбей.
Асман-Жердин ортосунда жатат кыш,
Ат-Башыга таштап кеткен Сибирдей.

АТ-БАШЫГА БАРГАНДА

Ат-Башыга бара калсам, баягы,
Асман-Жердин аппак болуп аягы.
Канча жылдан бери таппай келаткан
Карды көрдүм, көрдүм сары баланы.

... Айылдардан анда жалаң кут агып,
Аяп тийчү Күндүн табы жукарып.
Үшүгөндөн кире качып от үйгө,
Үшүгөндөн аяз кетчү кызарып.

Кайран кез ай, бубакка окшош зымдагы,
Каңгып жүрүп кайткан кезде шымдары
Картон болуп... кагып-силкип апабыз,
Кактап мешке кайра киши кылганы.

Колтугунда ойноп өстүк муз-кардын,
Коюнуна кар салганда кыздардын.
Эмне кылар айла-амалын табалбай,
Эриндери күйүп кетчү ызгаардын.

Чокулары алда кайдан көрүнүп,
Чоорун тартса бороон болуп төгүлүп .
Агып жаткан экен ак жал дайрасы,
Ала буурул аргамжыдай өрүлүп.

Коньки тепкен көралбадым балдарды,
Короолорду “Аудилер” айланды.
Согум сойгон жерден көрдүм соксоюп,
Сотка чукуп олтурушкан чалдарды.

Ушунча жыл мени кимге кул кылды,
Улуулугуң бүгүн араң туйдумбу?
Тоону тиктеп шамалыңа тууган жер,
Топозго окшоп тосуп турдум мурдумду.

* * *
Асмандан аздап бөлүнүп,
Агарып тоолор көрүнүп.
Ак чаңгыл болгон булуттан
Ай түштү сайга өрүлүп.

Ай түшкөн ошол сайдагы,
Ачмыйып арык талдары.
Айылдын көзү кыпкызыл,
Айнектен тиктейт тамдары.

Күрөндү кылган дөбөнү,
Күрөк тур бурчта жөлөнүү.
Ит барып жаба сийди да,
Ийреңдеп ары жөнөдү.

Түйдөгүн түрүп күндөрдүн,
Түтүнү бийлейт үйлөрдүн.
Түйшүгү жеңил болгойле,
Түн катып жолдо жүргөндүн.

Тытынып шамал ынтыккан,
Тырмалайт тынбай жылчыктан.
Сактай көр, Кудай айылды,
Саат-сабыр, бөөдө кырсыктан?...

21-январь, 2017-жыл, Арча-Бешик.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG