Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20
Көп жыл Кипрде жүрүп, түрдүү окуяларга, кубанычына да, кайгысына да күбө болдум. Бул өлкөдө кыргызстандыктардын саны көбөйгөн сайын проблемалар кошо күчөдү. Мына, бүгүн эле өз курбусунун эжеси алдап, Кипр жаранына сатып жиберген 19 жаштагы Жаркынды Кыргызстанга узаттым. Мындай окуялардын бизге билинбей калгандары канча?

Жаркын жакын курбусу менен Кыргызстанда иштеп жатканда, курбусунун бир тууган эжеси Элмира (аты өзгөртүлдү) буларды көп акча табасыңар деп Кипрге ишке чакырат. Билеттеринен бери сатып берет. Кипрден жакшы жумуш табылганына сүйүнгөн кыздар дароо эле макул болуп, Кипрге учуп келишет. Аларды аэропорттон Элмира менен алдан бир топ тайып калган ак чач киприот аксакал тосуп алат.

Дароо эле Элмира өз сиңдисин жанына алып, Жаркынга тиги чал менен чогуу кетиши керектигин айтат. Жаркын таң калып, эмне болуп жатканын түшүнбөй, тиги чал менен барбай коёт. Ал убакта чал Элмирага таарынып, Элмира Жаркынга жинденип, үйгө келишет. Көрсө, Элмира Жаркынды ошол чалдын үй иштерин кылып, аны менен чогуу жашайт деп чакырткан экен. Билетти чал алып берген экен, ал эми Элмира билеттин акчасын Жаркындан да өндүрүп алганга жетишет.

Ошентип Элмира Жаркынды күнүгө "ошол чал менен жашай бер, ишиң жеңил" деп көндүрүүгө аракет кылат. Бирок Жаркын көнбөйт, Казакстандагы эжесине айтып, Элмиранын жүзүн ачып, алдаганын аныктап, уятын чыгарат. Себеби Элмира менен Жаркындын үй-бүлөсү бири-бирин таанышат экен. Элмира ансайын Жаркынды жемелей бергендиктен үйдөн чыгып кетет. Эч кимди тааныбайт да, айласыздан сумкаларын бир эле көрүп таанышкан түрктүн үйүнө коюп, сыртка чыгып, Кыргызстан менен байланышканда кабар бизге келет. Жаркындын бир туугандары кабатырланып, акча салышкан экен, билетин алып, тез арада Кыргызстанга аман-эсен учуруп жибердик. Эми мындан кийин да Элмира башка кыздарды ушундай капканга түшүрүүгө аракет кылабы, же жокпу, ал анын адамдык ынсабында болот го.

Мына мекендеш, өз тагдырыңыз үчүн өзүңүз көбүрөөк ойлонуңуз, чет мамлекетке чыгаарда жети өлчөп, бир кесиңиз. Ата-энелерге айтаар элем, өз кыздарыңыздарды чет мамлекетке чыгараар алдында ал кайда баратат, ким менен баратат, эмне жумуш кылат деп ойлонуңуз. Кыздарыңыздын тагдыры каш кабактын ортосунда, коркунучта болоорун унутпасаңыздар.

Кыз кишини чет жакка жөнөтпөй эле койсоңуз деп кеңеш берет элем. Себеби кээ бири беш маал намаз окуп, туура жолдо жүрөм дегендер деле чет жакка чыкканда бат эле өзгөрүп, жашоолорун бузуп алып жатышканын өз көзүм менен көрүп келем. Кээде Жаркындай болуп күтүүсүз жерден ишенген жакындарынан запкы жеп калышат. Канткен менен мекендештерибиз ар кандай маселеге туш болуп калышса, Түндүк Кипрдеги мекенчил эр азаматтар жардам берүүгө ар дайым даярбыз.

Кипр - туризм тармагы менен дүйнөгө таанымал болгондуктан, жумуш орду негизинен мейманкана, ресторан, казино жана туристтик ишканалар тармагында кездешет. Кипр Жер Ортолук деңизиндеги эң чоң арал-мамлекеттердин бири болуп, түндүк жана түштүк бөлүккө бөлүнөт. Түндүк жагы Түрк мамлекетинин колдоосу астында болсо, түштүк жагы гректерге баш ийип, Евробиримдикке кошулуп алган.

Түндүк Кипрдеги кыргыздардын саны болжол менен 300дөн ашуун. Мен өзүм 2006-жылы Кыргызстандан окуу жайды аяктап, бул жакка келишим менен эле иштегени келгем. Ал убакта кыргыздар өтө эле аз болчу, Кипрге карай агым 2008-жылдан башталды. Кыргыздар көбөйгөнүн көрүп сүйүнгөнүбүз менен, алардын укугу тепселенип, үнүн угаар киши жок калганда эмне кылаарыбызды билбей, өкүнөбүз.

Келген күнүмдөн бери бул жактагы кыргыздардын таламын талашкан же укугун коргогон уюм, өкүлчүлүк же элчилик болбогонуна өкүнүп келем. Андыктан, кыргыздардын башын бириктирип, кичине болсо да уюм ачалы деп аракет жасадык, тилекке каршы ачалбай келебиз. Түркиядагы Кыргыз консулуна, коомуна, убагында иштеп турган кээ бир кыргыз чиновниктерине арманыбызды айтып, жыйынтык алалбадык. Бирок, буйруса, дагы деле үмүт кылып, аракетибизди токтотпойбуз.

Уюмубуз жок болсо да, кыргыздар жолугуп, таанышып, сүйлөшүп турабыз, маселе болуп калса, чечкенге аракет да кылабыз. Мисалы, 2009-жылы эки кыргыз кызын Кыргызстандан алып келип алып, мажбурлап 20 саатка чейин иштетип, паспортторун алып койгон кипрдик ишкерди Кипрдин министрлигине чейин чыгып жатып жеңип, кыздарды Кыргызстанга учурдук эле. Андан кийин эки кыргыз кызыбыз күтүүсүздөн каза тапты.

Түрк же киприотторго эле эмес, башка улуттарга да алданып, ыйлап, арман кылып жүргөн кыздарыбызга боорубуз ооруса, бир туруп өздөрүнүн жеңил ойлуулуктарына жинибиз келет. Башка улут эмес, кыргыз кыргызды алдап атканын өз көзүбүз менен көрүп атабыз.

Акыркы учурда Орусияга же Казакстанга баргандай эле учак билеттерин сатып алышып, иши же таанышы жок болсо деле тобокелге салып, Кипрге келе берген мекендештер көбөйдү. Эркектер го мейли, бараарга жери болбосо көчөдө жатып деле таң атырат, кыздарыбызчы, айланайындар, жөн эле келип алып ач карышкырдай жүргөн башка улуттун кайырмагына бат эле илинип, өз тагдырларына балта чаап алышат.

Ушундай көрүнүштөрдүн алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул жактагы расмийлер, укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, иш алып барганга азыр бул өлкөдө атайын уюм жетишпей турат. Бирикпейлиби, Кипрдеги кыргыздар?

Кыялбек Дыйканов Токсейит Уулу

Түндүк Кипр

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG