Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Келечек биздин колубузда


«Ар бир кесип ардактуу» - демекчи. Билимиӊ канчалык күчтүү болсо, сен өз кесибиӊди өзүӊ тандап кетүүгө укуктуусуӊ. Анткени келечек сенин колуӊда, келечекте билим алууга кимдер түрткү берет? Ата-энеӊ, мугалимдериӊ жана билимиң. Бизди билим гана жакшы жакка тарбиялайт.

Негизинен эле айта кеткенде, көп кесиптин ээси болуп, чоӊ ийгиликке жетишип, өзүӊдүн жериӊе, элиӊе чоӊ салым кошуп кетким келет. Кээ бир жаран, уядан учаарда кесипти кеч тандашат, кээ бири өкүнүүгө дуушар болот. Чынын айтканда, тандаган кесибим журналист. Бул кесип, мен үчүн эӊ кымбат.

«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтү миӊди жыгат демекчи», бул жашоодо да сен билимди, өз күчүӊ менен кармап кала албасаӊ, экинчи ирет сага мүмкүнчүлүк берилбейт. Кесиби жок өз жаныӊды башка жакка бурба жана ошол жашоо менен жашап кетем деп ойлобо. Канчалык жакшы жашоодо жашасаӊ да, тагдыр өкүнүчкө өзү түрткү берет. Мен бир окууга өтпөй калсам, ошол бойдон кала берем деп эч ойлобойм. Себеби, окууга өтө турган көптөгөн ийгиликтерим бар.

Бакыт байлык менен чектелбейт. Биринчи бакыт ден соолук, негизинен ден соолук болсо, жалкоо болбосоӊ, келечекке умтулсаӊ анда сага көптөгөн ийгиликтер менен сени эӊ чоң бакыт күтүп турат.

Жалкоолук эмнеден келип чыгат?

  1. Ата-эненин сөзүн жан-дили менен аткарбаса;
  2. Билим алуудан качса;
  3. «Алма быш, оозума түш» - дегендей эле жумуш кылбаса мына ушул нерсенин баары айланып отуруп адамдын ден соолугуна терс таасирин берет. Ошондуктан калп айтуу, окуудан качкандар көп болууда.

Калп айтууга түрткү болгон себептер:

  1. Мугалимдердин окуучуларды өтө эле катуу кармагандыгы;
  2. Ата-эненин тарбиясы;
  3. Унутчаактык, көралбастык;
  4. Кризис жана кыйынчылык айынан адамдын психологиясынын бузулушу.

Ушул нерселер келечекте тандап алчу кесипке тоскоолдук кылат. Кээ бир жарандарыбыз алла таалабыздан көп тилектерин сурайт, бирок алар эмне үчүн кабыл болбойт? Анткени отура берген адамдын эч качан тилеги аткарылбайт. Өзүӊ аракет кылсаӊ берекени өз мээнетиӊ менен табасыӊ.

Мен студент болууну ушунчалык каалайм. Даярданып окудум бирок менин билимидин канчалык деӊгээлде күчтүүлүгүн эми билем жана мындан кийин да, эгер окуу жайга өтүп кетсем өз күчүм менен окуйм. Келечек биздин колубузда.

«Билим алуу ийне менен кудук казгандай».

Майрамкүл Эсенаман кызы

Дареги Водопроводная 1- 8 батир.

XS
SM
MD
LG