Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52
Кичүү иним Соке: “Абже, мектепте орус, англис тилчи мугалим жок. Эшейбай агай орус тилди окутпайм деп пенсияга кетип калган. Англис тилден берген эжекебиз жыл сайын төрөгөнү кетет. Окубай эле турабыз. Бишкекте жакшы окутабы, мени алып кетиңизчи, чоңойгондо кыйын адам болгум келет” деген сөзүнө чыйрала түштүм. Мындай акыл мугалимдер менен ата-энемдин да капарына келбеген болуш керек. Алардын оюнда, Соке чоңойсо, кол-арага, чөп чабыкка жарап, мал келге баш-көз болсо, кичүү уулун айылга колдоруна алып калса...

Тентектиги гана болбосо, билимге, адам болууга умтулган иним бар экенине кубанып турдум. Эртеси күнү Сокени ээрчитип, алтын уям мектебиме экскурсияга жөнөдүк.

Жайкы эс алуу убагы болгондуктан имарат аңгырап ээн. Өзүм окуган класска баш багарым менен алдыңкы партага көзүм түштү. Ошол жер менин ордум эле. 6-класска чейин ушул мектепте окугам. Окуучулук күндөрум эске келип, өткөн-кеткен элестер чубап жатты.

Соке болсо оюмдун баарын бузуп, обу жок суроолору менен кулактын кужурун алат. Аңгыча мугалимдер бөлмөсүнө жетелеп жөнөдү. Окуу бөлүмүнүн башчысынын ордунда информатика сабагынан берген эжей менен кыргыз тилчибиз отуруптур.

Аркы-терки көп нерсе сүйлөшүлдү. Информатикадан берген эжекебиз компьютер менен иштегенди билбегенин айтып жатканына ичимден түтөп турду. “Компьютер менен иштегенди билбейм, күйгүзүп тамызганды да. Директор жок дегенде, документ сактаганды үйрөнүп ал деди эле, эч эле башыма кирбей койду.
Балдарга китептен окутам. Теория бар, практика жок. 2 компьютер бар, бирок келгенден бери иштеткен эч ким жок”, - деп калды.

Менин "эгер кааласаңыз жөнөкөй нерселерин үйрөтүп кетейин" деген сунушума кабинеттин ачкычы директордо болгонун айтты. Ошол боюнча тема жабылды, айылдын ушагына аралашып кетишти.

Бир мезгилде райондун алдыңкыларынан болуп турган мектебимдин мындай абалына ичим чыкпай, маанайым чөккөн боюнча үйгө бет алдым.

"Орус тили, адабияты мугалими жок, балдар окубай калды. Англис тили мугалимибиз жаш, эки баласы бар, августта декретке кетет. Балдар дагы бир жылча англис тилин окубай калышат. Тарыхчы дене тарбия сабагын, биология мугалими географиядан, башталгыч класстын агайы кол эмгектен берет, физика менен химия мугалими алмашып калды. Окууну эптеп бүткөндөр же сырттан окугандар мугалим болуп алышты, журналды туура толтурганды билишпейт. Кыскасы, балдардын убалына калып жатат окшойбуз... Иштебей эле коёюн дейм, мектептин дагы бир адиссиз калышын каалабайм", - бул сөздөрдү атам капалануу менен айтып берип жатты.

Мен окуган кезде да болсо тартип бар эле, “эшек жайлоого” чыгып алган мектеп жамаатына ачуум келгени менен эмне арга кылмакмын? Өкүндүргөнү: техниканын кылымында орус, англис тилин, компьютерди өздөштүрбөгөн баладан эртең эмнени күтсө болот? Айылда менин Соке иниме окшогон таланттуу, шыктуу балдар жүздөп саналат. Алардын келечегине жол чаап берип жатабызбы?

Ансыз деле уюлдук телефон байланышы, электр жарыгы кышында дээрлик жок, эки каналдан башканы көрө албаган айылдагы алдыга умтулган, алысты көксөгөн өспүрүмдөргө кам көрүлбөй калууда.

“Баламды окутуп эмне кылам, Орусияга же Казакстанга барып иштеп келет” деген сөз айылда “модага” айланыптыр. Демек бизге башы иштебесе мейли, колу-буту иштеген эле балдар керек турбайбы, ээ?

Самара Сагынбаева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG