Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Шайлоодон да устукан, апей, мандат бөлүштүрүү “кызыктуу” боло баштады. Айыл-ападан тиешелүү устуканын албай калып, үй ээсин “коркуткандарды” көрүп эле жүрсөңүз керек. “Уча мага тартылган жок”, “жамбаш же куймулчакты берсе өлөт беле?”, “тышы жок кабыргасы менен алдагысы бар”, “төш эле тартып койду” деген сыяктуу “армандарга” кыргыз кулагы бышып деле бүткөндөй.

Бир карап сөөктүн эмнесин талашып жатышат деп кыжырың кайнайт. Бирок устукан коноктун жашына, макамына, аброюна жараша тартыларын эстегенде жилик үчүн болгон күрөш өзүн актачудай. Эгер кимдир бирөөгө уча же сыйлуу устукан тартылбаса, демек ал ага татыксыз. Анын үстүнө уча - бир, алам дегендер - миң. Эт бөлүштүргүч менен үй ээси кантсин, байкуштар...

Устукандын айынан катташпай калган туугандардын окуясы азыркы мандат бөлүштүрүү машакатынын жанында суу кечпей калат. Дегеним парламентке өткөн 6 партия 120 мандатты баарына калыс бөлүштүрө албай убара.

КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков шайлоо алдында БШКга берилген талапкерлер тизмеси “кол тийгис” экенин айткан. Шайлоодон кийин президенттин партиясында деле бирин-экин сумманы өзгөртчү орун алмаштыруулар болбой койгон жок. Баарынан да 28 мандаты бар “Республика Ата Журт” партиясынын устукан бөлүштүрүү саясаты элдин оозун ачырып жатканы. Бул партиянын талапкерлери 4-октябрга чейин эле депутаттык мандат үчүн балдарынын жакшылыгынан баш тартууга даяр экендиктерин видео аркылуу далилдеп, көпчүлүктү таң калтырышкан. Эми жетиштүү добуш албай мандатка илинбей калгандары “кудай урсун” деген анттан тайып, БШК менен соттун эшигин сагалап турушат. Бир чети аларды деле түшүнсө болот.

Партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин тизмеден чыгарылганы аз келгенсип, аны актайм деп иштен айдалган Бишкек сотунун мурдагы судьясы Курманкул Зулушев да депутаттык креслодон кол жууду. Эмне дейбиз, тагдырдын тамашасы дебеске арга жок. Ал талапкерлер тизмесинде 11-орунда болчу.

“Республика Ата Журт” 28 мандат алды дегенде көптөр чалып куттуктап, жетине албай түлөө да берип жиберсе керек. Эми минтип тизмеден чийилген 70ке жакын экс "атажуртчу" депутат Кантемир Мурзабековго сыяктуу талапкерлердин ордуна 50-орундан ары турган мурдагы ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин карачечекей уулу Марлен өңдөнгөндөр мандат алабыз деп кудуңдап турушат. Чуркаган эмес, буюрган алат деп койчу беле мындайда же кандай?

Ошондо Бабанов менен Ташиев өз колу менен жазган ант эмне болду? Юридикалык күчү жок болсо, абийир сотуна таянабызбы? А биз үмүт кылып жаткан абийир да жок болсочу?..

“Республика Ата Журттун” эски-жаңы талапкерлеринин БШК алдындагы митинги мени күдүк ойго салды. Эки тарап тең (мандат бөлүштүрүүгө ыраазы жана нааразылар) спорттук дене түзүлүштөгү жигиттерди топтоп барышты. Кичине эле бир нерсе болсо мушташууга даяр болушчу. Ошондо ант, абийир чече албаганды муштум чечеби? Митингге эмнеге анча көп сандагы спортчулар келгенин эч түшүнгөн жокмун. Же кандидаттын баары “жоон билектер” беле? Бул боюнча балким партия жетекчилиги түшүндүрмө берер...

Ушундай эле мандат талаш шайлоого 3 ай калганда түзүлүп, күтүүсүздөн 18 мандат алган “Кыргызстан” партиясында орун алууда. Бул партиядан 45 талапкер “курмандыкка” чалынды. “Өнүгүү-Прогресстен” 16, “Бир Бол” менен “Ата Мекенден” эки-үчтөн талапкер башкаларына орун бошотушту. Буларда “нан урсун же кудай урсун” деген касамдар болбогондуктанбы айтор, кресло талаштан анча деле чуу чыккан жок.

Депутаттык мандат үчүн кашык каны калганча күрөшүүгө даярларды көрүп жаныңан түңүлөсүң. Эмне парламентке барбай туруп эле элге кызмат кылса болбойбу? Же Султан Жумагулов айткандай депутат болуп өлүү жашоодогу негизги максатпы?

Кептин баары мыйзамдардын бул деле, тигил деле боло берет деген “кыргызчылыгында” болуп жатат окшойт. Эгер партиялык тизме менен шайлоо улана берсе талапкерлер мандат үчүн бир бөйрөгүн күрөөгө коюуга деле даяр. Балким талапкерлерди ант ичирбей эле шайлоону округдардын негизинде өткөрөттүрбүз? Ошондо кимдин ким экени даана билинмек. Эл ишенимине ээлер гана марага жетмек. Болбосо бир добуш 100 долларга, бир мандат миллион долларга бааланып жаткан чакта депутат болуу бактысы акчалууларга гана буюруп калчудай...

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG