Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Күздүн алгачкы аптасынан тарта парламенттик шайлоого катышууга бел байлап чыккан партиялардын арасынан айрыкча алты-жети саясий уюмдун үгүт иши күчтүү чыгууда. Бул партиялардын ичинен төрт партиянын азаматтары Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланышып, өтүп бараткан беш жылдыктын ичинде өздөрүнүн эмнеге жарамдуу экендиктерин алаканга салгандай далилдеп беришкен. Эми ошол эле партиялардын көптөгөн депутаттары дагы эле парламенттен орун алууга ашыгууда. Эмне үчүн? Анткени, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган адамдын ар кандай жеке жумуштарын бүтүрүүгө артыкчылыгы көп болот. Эгерде парламент абройлуу болбосо, өлкөбүз көз каранды эместик алган күндөн жана андан берки беш-он жылдыктарда уламдан улам эл өкүлү болууга улуусу да, кичүүсү да, тазасы да, колу булганчтары да ашкере жан талашпайт эле да! Же колунан ЖКда олтуруудан башка жумуш келбейби? Депутат болбосо эле оокаты өтпөй, ооматы көтөрүлбөй калабы?

Алардын шайлоо корунда жана жеке өздөрүндө каражаты мол болгондуктан жандары калбай, жүздөгөн адамдарды жандатып алышып, азыркы күндөгү мамлекеттин экономикалык абалы менен иши жок күнөстүү мекенибиздин булуң-бурчун чарк айланып жүрүшөт. Жол жээктериндеги электр мамылары тургай, көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөрдүн, имараттардын дубалдарына, мекеме-уюмдардын керегелерине, тоо-адырлардын боорлоруна акиленген таш менен жазылган чакырыктар, бадырая илинген рекламалык жарнактар айлана-чөйрөнү түркүн түскө бөлөдү. Кээ бир партиялар Сузак району менен Жалал-Абад облусунун борборуна чейинки, андан ары майда шаарчалардагы жолдун эки бетин кызыл-тазыл түскө боёп салышты. Аларга атаандаш көк түс менен бирге көк, жашыл иреңдүү байрактарын желбиреткен автоунаалар шаар көчөлөрүн адыраңдап аралай чаап, өз партиясынын максат-программаларын көчөдөн өтүп бараткандарга мактоо менен убара. Күндүзү же түн бир оокумга дейре үн күчөткүчтөрү менен жар-жар айтышып, элдин тынчын алышканын айтпай эле коеюн. Мындан нечен адам тажап атат.

Атүгүл ар бир партиянын шайлоого тиешелүү жарнактары чапталбаган жол четиндеги бетон мамычалар, булуң-бурч деле калбады окшойт. Баары эле “добушуңду мага бер!” деп, шайлоочуга жалбарып тургансыйт. Бирок, кайсы партияны шайларын, кандай келечекти тандап аларын шайлоого жаш курагы жеткен ар бир аң-сезимдүү, акыл-эстүү жаран өзү чечери белгилүү иш.

Партиялардын элди шайлоого үгүттөө иши ушунчалык мыкты уюшулган дейсиң, бул жумушка ар бир партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон инсандар эч качан нааразы болушпаса керек. Анткени, жогоруда биз атаган иш-чаралар менен чектелбей, түрдүү партиялардын үгүт кербендери кыргыз, орус, кээде өзбек тилдеринде ар бир район-шаарлардын, айыл өкмөттөр менен айыл-кыштактардын көчөлөрүн түрө кыдырышып, областтык борборго жайгашкан базарларда иштеп жаткан байланыш түйүнүнөн да түрдүү музыкалардын коштоосунда үгүттөө чакырыктары таңдан кечке жаңырууда. Саясий партиялар, алардын жер-жерлердеги мүчөлөрү менен колдоочулары өздөрү ар кайсы дубалга, бурч-бурчка, имарат, мамыларга чаптаган көрнөк-жарнактарын, агитбарактарын шайлоо бүткөндөн кийин тыкандык менен жыйыштырып, тазалап коюуга акылдары жетер бекен, же ал баракчалары тоз-тополоң болгондой көрүнгөн жерде чачылып жата береби? Бул тууралуу партиялардын акылгөй башчылары менен аттуу-баштуу каармандары жана алардын жандоочулары баш оорутабы, жокпу, азырынча беймаалым. Үгүт барактарын илүүгө кимдир-бирөөнүн уруксатын алдыбы, илген көрнөк-жарнак, партиялардын башчыларынын, депутаттыкка талапкерлердин сүрөттөрү бакыйган баннерлер үчүн рекламалык акы төлөдүбү, бул жагын тиешелүү адамдар териштирип алышаар.

Жогорку Кеңешке талапкер партиялардын үгүт-чакырыктарын окуп көрсөңүз, не деген гана программаларга, убадаларга, ант-шертке туш келбейсиз. Ал убадалары аткарылабы же куру сөз бойдон кала береби, муну сураган киши жок. Кээ бир партияны уксаң, социалдык жактан “жыргализм” түзчү түрлөрү бар. Алардын убадаларынан улам өлкөбүздүн “социалдык-экономикалык абалы кыйла жакшырчудай. Жыл сайын тартыш абалда келе жаткан өкмөттүк казына ашып-ташып, мамлекеттин үч жарым миллиард доллардан ашып бараткан чет элдик карызы төлөнүп, эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, студенттердин стипендиялары бир канча эсе көбөйүп, жеке менчик окуу жайлар жоюлуп, жогорку окуу жайлардан билим алуу, ооруканаларда дарылануу, курорт-санаторийлерде эс алуу акысыз болуп, мектеп менен бала бакчалары алтындан тургузулуп, кылмышкерлери жок, корупция жоюлуп, “Кумтөр” ишканасы өндүргөн алтындын үчтөн эки бөлүгү өзүбүздө калат экен да, Канада алып кетип жаткан алтын байлык толугу менен өлкөбүзгө кайтарылмак экен. Ал гана эмес өнөр жай, айыл чарба, курулуш, деги койчу өндүрүштүн бардык тармактары күнү-түнү күрүлдөп иштеп, Нарын дарыясына толтура ГЭСтер курулуп, кой үстүнө торгой жумурткалаган өлкө” тургузулуп калган сыяктанат.

Айрымдары чек араларды ачып, 5 миллион калкы бар республикада иштеген 60 миң чиновникти тең жарымынан кыскартууну айтышат. Ал эми Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун өлөсөлүү экономикалуу өлкөбүз үчүн өтө эле чоң кансарай экендигин, ар бир депутатка жыл сайын буга чейин жумшалган 7 миллион сомдон да ашык каражат жумшала берсе, башка тармактагы кызматкерлердин муктаждыгына байкуш өлкө казынасынан кантип каражат артарына менен баш оорутушпагандай. Андан көрө эл айткандай, парламент эч кандай артыкчылыгы жок 30-40 депутаттан болсун деп чакырык таштап, аны жүзөгө ашырса боло! Партиялардын мындай ойго жолобогон башка майкөл, сүткөл убада-шертин уккандан кийин сонун ойдун кучагында балкыбаска аргаң жок.

Дагы бир партия өзүн шайлоочуга таңуулап турат, шайлоочу ал партиянын убадасына муюбай, андай саясий уюмду тааныбаса да. Башка бир партия баштагыдай эле өзүн өкмөт сезеби, өлкөгө өтүп бараткан беш жыл ичинде нечен чакырымдык “электр жарыгын тартып, канчалаган мектеп ачып, бир кыйла ооруканаларды салган” имиш. Ал партия ушундай жумушту бүтүрсө, кыргыз өкмөтү бу беш жылда уктап эле олтурган окшойт, эч кандай жумуш бүтүрбөй. Партиялардын арасында мындан ары да эмгектенүүгө шерт бергендерине да туш болосуз. Логикага таянсак, иштебеген адам тиштебей тургандыгын, демек, бир эле партия эле эмес, өзүн толук кандуу, ишке жарамдуу эсептеген ар бир тирүү жандын бардыгы эмгексиз эч кандай жыргал жашоо мүмкүн эместигин билбей, эсинен чыгарып ийгендей туюлат.

Партиялар элди өзүнө тартуунун ыкмаларын жакшы ойлонуштурушкан экен, Жалал-Абад шаары гана эмес, областтагы ар бир район, ар бир айыл-кыштактын көчөлөрүнө да өздөрүнүн штабдарын жарыша ачып ийишти. Буга дейре мындай болуп алар элди эстеген эмес. Ал штабдарда нечендеген адам партиялардын үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Кыска убакытка болсо да, үгүтчү-агитаторлорго жумуш табылды. Партиялардын туш-туш жерде кеңселеринин ачылышын алардын элге жакындыгынын белгиси катары карай турган болсок, парламенттик жарыя жарыялаганга дейре алар кайда жүрүштү, деген суроо туулат. Саясий уюмдар эл, мамлекет үчүн, шайлоочу үчүн иштеп, добуш берүүчүлөрдүн турмушун жакшырта турган болсо, азыркы парламенттик шайлоонун мөөнөтүн күтүп отура бербей, буга дейре эле шайлоочулардын камын көрө беришпейби! Карапайым калк күнү-түнү өз жашоо-тиричилигин жакшыртууга умтулушкандай... Жок, кечиресиз, шайлоочу партияларга, депутаттыкка талапкерлерге жана бийликке парламенттик, же президенттик шайлоо маалында, референдумда, же болбосо, кайсы бир депутаттын башына каран күн түшкөндө, аны түрмөгө салбай, боштондукка чыгарууда гана керек! Алар карапайым шайлоочуну ушундай чакта, креслонун, чоң кызматтын айынан гана эстешет. Башка маалда “ ишим бүткөн соң, сени желкемдин да чуңкуру көрбөсүн” деген таризде болушат.

Партиялар парламенттен орун алуу үчүн азыр бүткүл күчүн, мүмкүнчүлүгүн үрөп жатышат. Атүгүл айрым партиялар көрнөк-жарнактарын мыйзамдык жактан уруксат берилбеген тилде да илген учурлары бар. Алардын шайлоо өнөктүгүнө жумшаган каражаттары да ири өлчөмдө болуп жатат. БШК жарыялаган маалыматтарга ылайык, саясий уюмдардын арасында жүз милиондогон сом жумшагандары бар. Ар бир партия жогоркудай өлчөмдөгү каражаттарды шайлоого сарптап турганда, “бизде бай адамдар укмуш көп тура! Анан эмне республикабыз карыздан башы чыкпай, орточо айлык акы беш-алты миң сомдон ашпай жатат? Парламентти эңсеген он төрт партия тил табышып, чогулткан каражаттарын пайдалуу ишке жумшаса, чоң бир ишкана курулуп калмак экен да?” деген ойго түшөсүң. Бирок, партиялардын баштарынын биригишин биз каалаганыбыз менен, алардын өздөрү албетте, жактырбайт. Анткени, шайлоого чейин берилген убадалар 4-октябрдан кийин жел сөз болуп калышы да ыктымал. Ошондуктан ар бир адам кабыргасы менен кеңешип, жети өлчөп, бир кес дегендей, ар кандай убадага ишенбей, партиялар койгон акысыз оюн-шоокторду тамаша кылганы менен, алардын тымызын берилүүчү тамак-ашы менен башка каражаттарына ишенбей, өз кара курсагы, же бизнеси үчүн иштей турган эмес, парламентте тунук акыл, терең ой менен таза эмгектене турган депутаттыкка талапкерлерди, партияларды шайлоону унутпаса...

Ырысбай Абдыраимов, журналист, Жалал-Абад, 16-сентябрь

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG