Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Шайлоо да өтөт, ишенимди кантебиз?


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Өзүмө эч кимди, айрыкча саясатчылардан бирөө-жарымды идеал тутпайм деп далай эле жолу убада бергем. Ошол убадаларыма туруп эле келе жатам го деген ойдомун. Бирок адамбыз да, кимдир бирөөнүн сөзү, иши, аракети көңүлүңө ынап, ал адам кантип жүрөгүңдүн тереңинен орун алып калганын кээде сезбей каласың. Балким ушул үчүн да пендедирбиз. Унутчаактыгыбыз, ишенчээктигибиз үчүн жашоо кызыктыр бир жагынан.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо да кээ бир талапкерлердин, коомдук ишмерлердин кадамдары мен үчүн “ачылыш” болду. Саясачылардын көмүскө жактарын ачып бергени үчүн шайлоого алкыш айтарыңды же жүрөгүңдүн тереңиндеги ишеним отуңду өчүрүп салганы үчүн жаман айтарыңды билбейсиң. А бирок шайлоодо эмне күнөө?..

Элде өзгөчө иши жана сөзү менен эске алынып келе жаткан же басып өткөн жолу менен сөзгө алынган белгилүү адамдардын жана саясатчылардын шайлоо алдындагы бурулуштары менен жүрүштөрү арбын эле болду окшойт. Баарын санай албасак да бир-экөөн мисал тарталы.

Чолпон Жакупова – Кыргызстандагы мыкты юристтердин, укук коргоочулардын бири катар таанылган. 2007-жылы “Ата Мекен” партиясы менен парламенттик шайлоого барып, Бакиев бийлиги тушунда тайманбай ачуу чындыкты айтып турганы белгилүү. 2010-жылдан соң да Убактылуу өкмөттүн, андан кийин да Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүн, парламент депутаттарын сындап, сот системасы, коррупция боюнча салабаттуу ойлорун ортого салып келген.

Башканы билбейм, мен үчүн Жакупованын “Бир Бол” партиясы менен шайлоого баратканы күтүүсүз эле болду.

Саясатчылар Марат Султанов менен Акылбек Жапаров да ушул партия менен шайлоого барууну чечишти бул жолу. Бул жолу дегеним, Султанов менен Жапаров ушу кезге чейин төрт-беш партия алмаштырган экен. Бул эки саясатчынын сунуштан баш тартпаган марттыгын эске алганда, кийинки парламенттик шайлоодо мен партия түзүп чакырсамбы деген ойдо калдым. Келишер бекен?

Ушул эле тизмеге, башкача айтканда, партия алмаштырууга, же тигил, же бул бийлик жана күчтөр менен ымала түзүү жагынан алдыңкы сапка “Бир Болду” баштап бараткан Мыктыбек Абдылдаевди да кошсо болот деп да айтышты.

Азыркы депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов – батышчыл, демократ саясатчылар, Бакиев бийлигине ачык каршы сын айтып, куугунтук да жеп өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Алар бул шайлоодо өз тагдырларын нагыз орусиячыл партияга – “Ар-намыска” байлады. Анын лидери Феликс Кулов Курманбек Бакиев менен тандем да түзгөн, анын үй-бүлөлүк башкаруусун бекемдеп, иниси Жаныш Бакиевди жана уулу Максим Бакиевдин кызматка келүүсүн ачык колдоп чыккан. Ошондуктан жогорудагы эки демократ саясатчынын тандоосун ушул күнгө чейин “аш кыла албай” келе жатам. “Ар-намыска” кошулгандардын арасында мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов бар экенин да айта кетели.

“Ата Мекен” партиясы мурдагы баш прокурор Саляновадан кийинки партиянын шайлоо тизмесине Оштун мурдагы мэри Мырзакматовду жайгаштырган. Учурда чет жерде жашырынып жүргөн Мырзакматовго Салянова баш прокурор болуп турганда кылмыш иши козголгон экен. Ушул кылмыш иши негиз болуп Борбордук шайлоо комиссиясы Мырзакматовду шайлоого катыштыруудан баш тартты.

Ошентип, бул эки саясатчы бир партияга биригип, аз жерден катарлаш болуп кала жаздады. Муну “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин мыктылыгы деп айтабызбы же Салянова менен Мырзакматовдун принципсиздиги деп баалайбызбы? Баарынан эле шек санай бербей, муну Мырзакматов менен Салянованын "айкөлдүгү жана кечиримдүүлүгү" дей туралы, кандай дейсиздер?

“Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен “Ата- Журттун” лидери Камчыбек Ташиев да бул шайлоодо досторго жана өнөктөштөргө айланды. Бирок бул эки лидердин достугуна ишеним артпагандар бүгүн да арбын. Ага алардын беш жыл мурдагы шайлоодогу кастыгы тоскоол болууда.

Кыскасы, бул шайлоонун күтүлгөндөн да күтүүсүз жактары көп болуп жатат окшойт. Анын баарын санап бүтө алчудай эмеспиз. Калганын окурмандар өздөрү да улантып коёр.

XS
SM
MD
LG