Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Мына ошентип, 120 замандашыбыздын беш жылдык депутаттык сапары карыды. Кезинде беш жылдык студенттик өмүрдөн кол үзгүбүз келбей, кабыргабыз кайышканы эсиңиздеби? Анын сыңарындай, 120 мекендешибиз да Парламент деген университеттен кеткиси келбей, аяба-ай кыйылып турганын байкоо кыйын эмес. Кээсинин Жогорку Кеңештеги каттоосу дагы беш жылга узарчудай, ошондуктан биртике көөнү ток, жоон тобу беш жылда кыныгын алып калган даража-сөөлөтүн эмне болбосун сактап калуу үчүн жаналакетке түшүүдө. Партиялык кеңселердин, штабдардын (согуш болуп жаткансып ушинтип аташат) кабылдамалары тик костюмчан эски-жаңы ишмерлерге толгону мына ошондон.

Эми элдин баары дүрбөп, бошоп жаткан депутаттык 120 орунга аламан байгеге аттангандай жөнөдү. Партиялар кулач-кулач тизмесин жарыялады эле, киши калбай көз айнегин тагынып, ар бирин терип изилдеп жатканы. Айрым тапандардын “эй, алдагы партиянын спискесинде кокус мен жок бекем, карап койчу?” деп тамашалаганын кулак чалат. Тизмелер бекий элек жатып, арасынан “партизандар” колго түшө баштады - аты-жөнүн өзгөртө салып, же мурда кийин кыңыр ишке малына калып, анысын байкатпай өтүп кетем деген эки-үчөө кылтакка илинди. Кыргыздын аз болгону жакшы болгон экен, бири-бирибизди өңүбүздөн тааныйбыз. Кытайдай сансыз болгондо эмне кылмакпыз? Алдыдагы беш жылда дагы канча депутаттын илгери-кийин “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууганы” билинет болду экен?

Бийлик сересине жарышка чыккан партиялар саны мурдагы шайлоодон аз болсо да, азыр деле бараандуу – баш-аягы 14 партия эки миллионго жете бербеген шайлоочуну “ала койду бөлө тарткандай” кылганы калды окшойт. Эки кишинин башы кошулган жерде – шайлоо, Ташматы “Эшматтан кем бекем, атаңгөрү” деп акчасын артынып, аттанып баратса, айрым шылуундар эбин таап, эки жегендин – бир эле маалда эки-үч партияга чуркап, акча жасап калуунун камында. Кыскасы, бүт Кыргызстандын эс-дарты эле - шайлоо.

Партиялык тизмелердин баш жагынан “бактысын тапкандар” калпагын көккө ыргытып, чардап атат дейсизби? Кайда-ан. “Ишенимди” акташ үчүн кандосторун (дос жүз жылдык болот эмеспи), эски койдун көзүндөй болгон жарма досторун, классташтарын, курсташтарын, куда-сөөгүн (куда миң жылдык болот эмеспи), качантан бери катташпай калган таяке-жээндерин таап, “ишке” салууда.

Албетте, журналисттерге, дегеле анда-мында бир “чымыны кармап”, эки сапты уйкаштырууга жөндөмү барларга да кудай берди. Акчасы жарашса – айткан кишиңизди катыра жанчып, керек болсо тирүүлөй көргө да көөмп берет, же апендинин кызы уялганынан жерге кирип кеткидей кылып көкөлөтүп, кудайдын жанына болбосо да, пайгамбарга катарлаш отургузуп берет. Ар ким өз билгенин чалып жатат да, кыскасы...

Азыр жарыш жаңыдан кычай баштаган кезде эски тил менен айтканда, “эл жакшыларынын” өлкөнү, биздей жабалактаган букаралардын жашоосун оңдоо өз өмүрүнөн да артык максаты экенин укканда көзгө жаш тегеренет. Беш жыл мурда пайда болуп, шайлоонун эртеси “жоголуп кеткен” 7, 10 деген пайыздар кайра кулактын кужурун алууда. Ой эргулдар гана десе, эмне мынча элди макоо ойлойсуңар, ыя?! 120 депутаттын 90у “аламан” жарышта жүрөт экен. Беш жыл бою мыйзам чыгаруу жумушунан чолоосу тийбей келип, өлкөнү өзгөртүүгө эми гана колу бошоп жаткандай...

Ырас, өткөн беш жылда мамлекетке керек мыйзамдар, өлкө тагдырына таасирин тийгизген чечимдер алынды, төгөрөктүн төрт бурчундагы кырдаал, проблемалар ортого салынып турду, өкмөттүн да, өздөрүнүн да “быкыйларын” чукушту, эл телевизордон эңсеп күткөн “каармандар” пайда болду. Кайсы партияда экенин “эсинен” чыгарып, “чоочун короого” адашып кирип кеткен депутаттарчы, кечээ дүйнөдө жок саясатчы деп көкөлөтүп аткан лидеринен иренжип, алардын абийирин ачып жаткандарчы? Кыскасы, акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз милдетин өтөдү деп карыздап айтсак болот. Жок дегенде кандай депутат болбош керек деген жагынан да сабак.

Өткөн жай аптапта бир таанышым депутаттык мандат алып жыгылды. Бул бактылуу-дөөлөттүү күндү беш жыл чыдап күттү бечара. Андан мурдарак карпа-күрпө кезигип калганда “эмне болсо да парламентке өтүшүм керек, анткени, атама сөз берип койгон элем” дегени бар тердеп-кургап...

“Саясат ыпластыктын, ыймансыздыктын туу чокусу тура, кайсы кара теке сүзүп бардым эле!” деп сай-сөөктү сыздаткан интервью берип келаткан агаларыбыздын бири кайра айнып, “ыплас” саясатка кайтып келди. Эми эртеңки маектеринде эмне жүйөө айтат болду экен? Бул ыплас саясаттын эмне сыйкыры бар, төбөсү көрүнөр замат азамат калбай “саясый бомжулукту” тандашат, ыя?

Жакында кыргыздын күркүл жигиттеринин бири менен маңдай-тескей отуруп калдым. Ал да жоро-жолдоштору менен парламентке баратат. “Ушундай сонун иштериң бар, ал жакта эмне бар?” деп сурап калдым. “Эми досторум биз эмне, көчөдө калабызбы деп жанды койбой жатышпайбы” деген жоопту угуп, айла жоктон башты жерге салууга туура келди. Достору болсо бири-биринен өткөн акчалуу, күч-кубаты ашкан күлгүн курактагы азаматтар. Көчөдө калчу балдар эмес.

Мына ушунун баарын карап отуруп, кыргызда мансап деген дарт өтүшүп кеткендиктен, андан арылганча дагы далай суу агат турбайбы деген көңүл чөгөрткөн (балким, көтөргөн) ой келет. Албетте, бир даары эл-жериме пайда-батамды тийгизейин деген ак ой менен акчасын да чачып, чачын да агартып отуруп, депутат болгону чын. Жоон тобу “эки иштен бир иш” деп, өзүнүн да, жакындарынын да проблемаларын чечкенди унуткан жок.

Эми өктөбүр келген кезде биз кандай өкүлдөрдү шайлайбыз? Ар бир кыргыздын көзүн кызарткан Ак үйгө кимдер келет? Телекамера тике бурулганда боюн түзөп, бүт журттун жүгүн жалгыз көтөрүп жаткандай сүр көргөзүп, өкүматын баш кылып, акимдерин төш кылып, баарын бир сыйра каарып алчу “эр көкүрөктөр” келер бекен? Же кудайдын буйругу, пулунун күчү менен жеткен дөөлөтүнө беш жыл бою магдырап өтчүлөрбү?

Мен бул баянды депутаттык жаман деген ойду айтайын деп жазган жокмун. Депутаттык мандатка татыгандар да, татыбагандар да бар. Бул – улуу мамлекеттик жүк, аны көтөргөн болот, көтөрө албаган болот. Тек гана депутат болууну өмүрдөн да кымбат максат кылып алганыбыз таң калтырат. Кээ бир замандаштарыбыздын кантип депутат болом деп түн уйкудан калганы, жакшы ишинен кечип кеткени, жүрөк оору болгону таң калтырат. Мурда го арам байлыгын калкалоо же депутаттык даражасынан пайдаланып, дүнүйө топтоо үчүн барышчу эле. Азыр анте албайсың, анда эмне шам? 120 адамдан башканын баары өз ишин жасап, өлбөй-тирилбей эле жашап, кээде куураса, кээде жыргап-куунап эле жашап жүрбөйбү? Кудай узак өмүр берсе арманым жок деп жашап жатышпайбы...

​Султан Жумагулов, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG