Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Өлүмдү эмес, жашоону ойлойлу


Жакында эле айылда туугандардын жылдыгы өтүп барып калдым. Той бул жакта калсын, бир жылкы, 20 кой союлуптур.

Дасторкон бети кымбат баалуу момпосуй, печенье, дүйүм тамакка толгон... Төгүлгөн боорсок менен нандын эсеби жок. “Мени жеп койчу” дегенсип ортодо катып турат. Бул аз келгенсип келин-кесектер салаттын жаңы, элге анча тааныш эмес түрлөрүн жасоо менен убара.

Мынча эмне ысырап кылдыңар десек, балдары “булар деле бирөөнүн ашын жеген, чайын ичкен, беш баласы беш жактан жайнатып салса болбойбу" деп сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болорун айтышты. Айылда ушундай аш-тойлорго кеткен ашыкча чыгымды кыскартуу үчүн комиссия түзүлүптүр. Алар жылдыкка алып келген себет, кымбат сарпайды (кийит), союшту киргизбейбиз деп эшик оозунан күтүп алышат экен. Иш-чара башталганда гана. Себетти ары тартымыш, бери тартымыш болушуп акыры ал деле “черная дырага” кирип, сиңип кетет. Кийин ошол тартышмай деле унутулуп калды.

Кийин үйгө келгенде бир туугандарыбыз кыздарына өзүнүн сандыгы туурасында сөз баштады.

- Өлөрүмө сандык даярдап койдум. Ичинде бүт кийим-кечектерим бар. Баары жаңы. Маасы-көлөч, пальто, ички, сырткы жоолук. Көйнөк-пөйнөк баары бар. Эми ушул идиштен чай ичип жүрчү эле апабыз деп жакшыы-ы бир сервис алып кошуп койгула. Баса, ич кийим ала элекмин. Силер алып берсеңер аны да салып коёюн, тиги дүйнөдө ич кийимсиз калбайын.

- Коюңузчу, ошол жакта да кийим керек болмок беле?

- Баланча эне өлгөндө сырткы жоолугу берилбей калган экен. Өткөндө түшүмдө бир байлам жоолугу менен жүрөт, чачын саксайтып.

Сандыкта эмне болсо ошону тиги дүйнөгө барганда кийет дегенди биринчи угушум... Кантип эле ошондой болсун деп калдым. Салт-санаа деле ушунтип өзгөрө берет окшобойбу? Сандыкта канчалык баалуу буюмдар, кичине чачыктын ордуна түрктүн кымбат чачыктары, кымбат баалуу кездемелери, керек болсо шуба, тумак чыкса ал ошончолук мартабалуу болот экен.

Сандык тууралуу сөз баштаган апанын бир кызы оокаттуу жерге келин болгон. Ал болсо дайыма “биз арзан момпосуй албайбыз, мындайды азыр эч ким жебейт. Себетти баланча сомго жасаш керек. Бул салатты (оливье менен фунчеза тууралуу айтып атат) азыр такыр жасабай калганбыз”,- деп сүйлөйт.

- Кайненем өлгөндө турецкий чоң чачыктарды салып, 50-100 сомдук эмес кымбат жоолуктарды алып таратышкан. Элдин бардыгы сандык өтө сонун жасалыптыр деп мактап кетишкен. Биз да ошентип жасайлы, - деп бу жолу да сунуш киргизди.

- Эл эмес Кудай ыраазы болсо болду.

Апасын капа кылбайлы дештиби, айтор баары сандыкка керектүүнүн баарын салып коёбуз деп баш ийкеп калышты. Тооба, тооба... Өлгөндөн көрө эптеп кыбырап жашай берген арзан түшөт окшойт.

Эми 19у дагы той, ага да туугандардын башы ооруп турат. Анткени тойго кошумча алып барыш керек, себет, уят болбогондой сарпай кийгизүү керек...

Ашыкча чыгымды кыскартыш керек, ысырапкорчулукту жоюш керек деген кур эле сөз окшойт деп калдым. Карым-катыш кылбай да коё албайсың, башка жакка кетип эле кутулбасаң...
XS
SM
MD
LG