Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05
Анда мен 22 жашта элем. Эжем чалып, "сени баланчанын баласы ала качканы жатыптыр, абайла" деп айтты. Бир чети секелек кыз болбосом, же баланчанын баласы мени, мен аны жакшы тааныбасам кайдан алып качмак эле деп көп маани бербедим.

Ал баланы өмүрүмдө бир эле жолу көргөм. Ошонун эртеси эле эжем айткан “баланчанын баласы" достору менен жумуштан чыгып баратканда ала качты. Канчалык тытынба, тиштенбе, эркектердин колунан чыгып кетиш оңой эмес экен, сымап эле болбосоң. Ошентип Бишкектен Ошко кеттик. Ыйлай берип көзүмдүн шишигенин айтпа.

- Дагы жакшы, бүгүн узун көйнөк кийип алыптырсың. Апам узун көйнөк кийгендерди жакшы көрөт.

- Бекер убара болуп атасыңар, мен баары бир отурбайм.

- Аа, ал жагын айылдын кемпирлери өздөрү тууралайт. Ал кемпирлердин колунан эч ким чыга алган эмес. Алар канча келиндерди отургузган, – деп бакылдашат.

Журналист болуп иштеп, адамдардын тамырын тартып сүйлөшкөнүм ушул жерде ишке жарады. “Келинди отургузушту бизге кой, кайда барат дейсиң отурбай. Кыздын ыйлап келгени жакшы, кыздын бараар жери күйөө” деп күпүлдөп кирип келген беш-алты кемпир жарым саатка жетпей мен тарап болуп калышты.

- Ок кокуй, тааныш экен десе, Бишкектен бери сени кыйнап алып келгенин кара бул баланын.

Мен кичине болсо да бул үйдөн чыгып кетериме ишенич пайда болгондой кудуңдап калам.

- Мен отурбайм, убара болбогула деп айткам ошондо эле.

- Макул эми, отурбасаң да кичине чай ичип ал, - дейт ала качып келген баланын апасы.

- Жок, рахмат, мен чай ичсем, нан ооз тийсем бул жердин даамын сызып калдың, эми калышың керек деп да чыгасыңар да.Сиздин балаңыз деле, мен деле бактылуу болоюн. Мен бул үйдөн чыкканда каргабаңыз. Жаман сөздөрдү айтпай эле коюңуз. Мен кала албайм туура түшүнүңүз, - дедим мен.

- Каяктагыны айтпачы, кызым.

Түнү менен алыс жолдо келип, ыйлап да, качам деп аракет кылып атып шайым ооп калган экен. Кичине отурсам эле көзүм илинет. Көзүм илинген сайын ак жоолукту башыма байлай салганга аракет кылышат. Ала качкан бала болсо кирип-чыгып "сен кетсең, мен өлүп алам" деп кайталап койот. Кызык, мен кетсем эле кантип өлүп алсын?..

Ошентип отуруп түш оой жайлоодон апамды алдыртышты. “Алыс кетпей жакын жерге түшсө экен дечүбүз. Жакын келипсиң. Көңүлүң болсо отур”, - деди апам. Атам болсо кызымдын көңүлүн кара дептир. Мен ала качкан баланы тааныбай турганымды айтып чыга бергенде кемпирлер турсун, чалдар астыбызды тосуп чыгышты. Дагы жакшы босогого жатып албагандарына шүгүр. Алар менен да сүйлөштүм. Кетип баратканда ала качкан баланын апасы “менин баламдан ашык кандай балага тиет экенсиң, аны да көрөбүз”,- деп, дагы бирдемкелерди айтып суу айлантып артымдан чачты. Мен болсо ошол үйдөн чыгып кеткениме сүйүнүп бараттым...

Ошондон бери он жыл өтүптүр. Кыз ала качуудагы абал дале өзгөрбөгөнү өкүндүрөт. Ата-энелер, кызыңызды ала качып кетсе кыстап отургузбаңыз, балким кызыңыз сизге ишенип, сиздин колдооңузду күтүп жатышы мүмкүн. Бирок көп учурда бул көрүнүштөрдү кыздар өздөрү гана чечкиндүүлүгү менен токтото алат деп ойлоп калдым.

Мыйзам деле, башкасы деле жардам бербейт өңдүү. Кыздар, отурбай койсо каргыш тиет, кийинки жашоом кандай болот деп санааркабай эле койгула! Кудайга шүгүр, мен азыр сүйүктүү жар, мээримдүү эне жана бактылуу аялмын!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG