Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Көп эле убактым суу ташыганга кетет


Кыргызстан - биздин эгемен мамлекет. Бирок чоң атам айткандай, азырынча бай эмес. Биздин айыл Жалал-Абад шаарына жакын. Шаарга тез-тез каттап турабыз. Шаар көчөлөрү тар, машиналар көп. Кайда барсаң базар. Бул жерден алып тигил жерде кайра сата беришет. Себеби шаардыктарга туруктуу иштөө үчүн жумуш жок. Ал эми айылда жер иштетип, мал багабыз. Алардан алган азык-түлүктү шаарга өткөрөбүз. Кышында көбүнчө иш жок. Мунун баары буюм же кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Жадагалса биздин көчөдө эки чоң мектеп болсо да таза суу чыкпайт. Баарын узактан ташып ичебиз. Көп эле убактым суу ташыганга кетет.

Үй курабыз деп айылда алардын адистигине ылайык жумуштун жоктугунан атам, апам да Москвада алмак-салмак иштеп келишет. Көбүнесе чоң ата, чоң энемдин карамагында калабыз. Чоң атам телевизордон дайыма кечки жаңылыктарды көрөт. Биз да чогуу көрөбүз. Биздин президентти көп көрсөтөт. Аны баарыбыз тааныйбыз. Ал өтө жакшы адам. Себеби ал араздашкан эки элди жараштырып, өлкөгө тынчтык, ынтымак алып келген. Агай-эжейлерибиздин айлыгын көбөйтүп, көп бала-бакчаларын ачкан. Түндүк-түштүк жолун курууга киришти. Эми биз Ысык-Көлгө тез эле сонун жол менен жетебиз. Мунун баарын бизге чоң атам айтты.

Биздин өлкөдө баары бар. Суулар, токойлор, тоолор, көлдөр, жапайы жан-жаныбарлар. Ошол байлыгыбызды, жаратылышыбызды сактап, эс алуучу жайлар курулса, саякатчылар көп келип элибиз байымак. Таята-таэнем кооз тоо койнунда турушат. Мен көп барам. Токойдон жаңгак, алма, алча теришем. Бирок мөмө-жемиштерди үйдө кургатабыз. Аларды эч ким сатып албайт. Себеби баарында бар. Жөн эле ысырап болуп калат.

Чындыгында менин Кыргызстаным кооз экенине суктанам. Биз жакшы окуп, ынтымак болуп, талыкпай эмгектенсек, баарыбыз бардар, өлкөбүз да бай болуп, мамлекетибиз өнүгүп, күчтүү болот.

Менин тилегим ата-апама жумуш болуп, биз менен экөө тең чогуу жашаса. Чоң-ата, чоң энемдин пенсия пулу көбөйүп, биз чогуу чет өлкөлөрдөн эс алып келели. Биз телевизордон көргөн Париж, Астанадагыдай бизде да бийик-бийик имараттар, музей, айбанаттар багы курулса. Айыл-шаарларыбыз таза болуп, эч ким оорубаса. Жалал-Абад курортубуз кеңейип, эс алуучулар көп келсе. Бул оюмдун баары сөзсүз орундалат. Мен ишенем.

Азыр биздин республика өлкөлөр, коңшу мамлекеттер менен карым-катнашта, ынтымакта. Ушул ынтымак бузулбай тынчтык болсун. Албетте, биз Кыргызстаныбыздын өнүп-өсүшүнө чогуу салым кошобуз.

Искендерова Зиягүл

XS
SM
MD
LG