Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Кайсы гана чет өлкөгө барба, ал жерде иштеген кыргыз менен чайлашып калсаң, Кыргызстанга бир аз акча ала кетесизби деп жалооруп калышат.

Таң куланөөк атканда Бишкекке учуп келет дээрлик бардык учактар. Босогоңду аттай электе чөнтөк телефондун жаагы жана баштайт – акча ала келдиңизби? Ошентип, уйкусураган бойдон аманатты таркатууга жөнөйсүң, баары бир уктатышпайт.

Чет жакта жүргөндөрдүн баарына, бөтөнчө кыз балдарга эле убал, сырдаша келсең, бөтөн жерге “жыргаш” үчүн эмес, ата-энесин, бир туугандарын багыш үчүн келишкенин билесиң.

Кыргызстанда болсо алар качан акча салат деп, бир үйгө батпаган жигит-“балапандар”, аракеч күйөөсүнөн алты баласы менен ажырашып, төркүнүнө келип алган аялдар акыйып күтүп отурушат. Негедир кыргызстандыктар сыртта жүргөндөр жыргап жүрүшөт, биз айылда куурап отурабыз деп элестетишет.

Бая Прагада 23 жаштагы нарындык кыз тууралуу айтып беришти. Мөлтүрөгөн бийкеч жеке турмушунан кечип, бүтүндөй бир, бир эмес! – бир канча үй-бүлөнү багыш үчүн кара жанын карч уруп иштээрин, анда-мында конокко чакырышса, келээр замат кулап уктап калаарын айтып беришти. Жигит, сүйүү, бала күтүү тууралуу ойлонууга ал кыздын чамасы да, убактысы да жок дешти...

Мигранттар ошентип бүтүндөй журтту жонуна көтөрүп, багып жатышат. Көбү өз жыргалчылыгынын эсебинен. Кыздар өз бактысынын эсебинен.

90-жылдардын башында эл менен кошо дүрбөп, эки-үч жылдай тияк-биякка чапкылап, товар ташыган кезде тааныган кыз-келиндердин кээсине кездеше калганда ошондо жыйнаганынын көбүн азыр дары-дармекке коротуп жаткандарын айтса, зээн кейийт. Убагында мөлтүрөгөн бийкечтер эле да.
Бул - медалдын баарыбызга көрүнгөн бети.

Эми медалдын экинчи бетин аңтаралы. Эгер совет заманда бизди өкмөт баксын деп догурунсак, эми сырттагы мигранттар, же Бишкектегилер (Оштогулар) баксын деп догурунууга көчкөндөй туюлат. Ошентип, кыргыз айыл-апаларда “келе эле келелеген” беленге тап, Орусиядан, Европадан, Америкадан, Бишкектен акем же эжем качан акча салат деп, иштебеген, ойлонбогон, жанын кыйнабаган адамдар катмары өсүп чыгууда.

Кээде айылга тынбай акча сала берип, туура эмес иш жасап жатпайлы деген суроо ойго келе калат. Эмне дегенде “ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да, өзү жарыбайт” дегендей, же алар байыбайт, же сен байыбайсың.

Баарынан жаманы: кала берсе өз үй-бүлөсүн да баккысы келбеген, жашоосун сырттагы бир туугандарына колко кылган жаштар табын “тарбиялап” алдык көрүнөт.

Мен карабоор жан эмесмин, бир туугандарыма каралашкым келет. Бирок мен айылга акча берээр алдында: туура инвестиция салып жатамбы деп ойлончу болдум. Мен салсам, айылдагылар сугунуп коюп, кийинки “порцияны” күтүп отурса, анда аларга жакшылык кылбай эле жамандык кылып жаткан жокмунбу? Мен аларды жалкоолукка, ыкшоолукка, чымырканып иштебегенге жана ойлонбой жашоого көндүрүп жаткан жокмунбу?

Ошентип жылына миллиарддарды аянбай салып жаткан сырттагылар бекер акчанын кыныгын алган, жатып ичерлер армиясын, а мүмкүн, беленге тап кыргыз улутун калыптандырып жаткан жокпузбу?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG