Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

​Футбол жана немистер


Германиянын улуттук футбол командасы жеңишти майрамдоодо. Бразилия, 13-июль, 2014-жыл
Германиянын улуттук футбол командасы жеңишти майрамдоодо. Бразилия, 13-июль, 2014-жыл

Германияда ар бир төртүнчү адам, башкача айтканда 18 миллионго чукул немис такай футбол ойноп турат экен. Немистердин футбол боюнча эркектер курама командасы да, аялдар курама командасы да дүйнөлүк жана европалык биринчиликти жок дегенде бир жолу багындырган. Мындай көрсөткүчкө жетишкен дүйнөдө башка өлкө жок. Анткени немис футбол лигасы 6.8 миллион мүчөсү менен дүйнөдө эң чоң спорттук уюм болуп эсептелет.

Футбол бул өлкөдө жөн гана эң популярдуу спорт эмес, футбол немистердин улут болуп калыптанышына чоң рол ойногон спорт. Кантип? Германиядагы футболду изилдегенче ушул суроого да жооп издеп көрөлү.

Немистерде команда бар...

Бразилияда Дүйнөлүк биринчилик жүрүп жаткан учурда “Биз, немистер жеңилүүнү билбейбиз!” деген ураан Германияда популярдуу болду. Бразилиядагы утушу менен немистер бул ураандын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар экенин тастыктады көрүнөт.

Германия канцлери Ангела Меркел, Орусия президенти Владимир Путин жана ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер. Бразилияда Германия менен Аргентина беттешкен финалдык оюнду көрүп жатышат. 13-июль, 2014-жыл.
Германия канцлери Ангела Меркел, Орусия президенти Владимир Путин жана ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер. Бразилияда Германия менен Аргентина беттешкен финалдык оюнду көрүп жатышат. 13-июль, 2014-жыл.

Германиянын улуттук футбол командасы акыркы он жылдан бери туруктуу жогорку деңгээлде ойноп келет. Эгер көз салып көрсөк, немистер 2002-жылы Корея жана Жапониядагы дүйнөлүк биринчиликте Бразилиядан утулуп, экинчи орунду алган, 2006-жылы өз жеринде үчүнчү орунду алса, 2010 жылы Түштүк Африкада да үчүнчү орунду алган. Бразилиядагы финалда уткандан кийин башкы машыктыруучу Йоахим Лөвдун “Бул жеңишке биз он жыл даярдандык” деп айтканы да бар.

Немистер командалык оюн көрсөтүүсү менен башкалардан айырмаланып келет. “Аргентинада Месси, Бразилияда Нэймар жана Португалияда Роналдо болсо, немистерде команда бар” деген сөз бекеринен чыккан эместир.

Төрт жолу чемпион...

Футболдун тарыхында немистер Бразилиядагы утушу менен төрт жолу дүйнөлүк кубокту алды. Буга чейин алар 1956, 1972-жана 1990-жылдары да футболдон дүйнөдө биринчи болгон.

1956-жылкы Швейцариядагы биринчиликти алганы немистердин тарыхында маанилүү даталардын бири болуп эсептелет. Анткени бул жеңиш согуштан кийинки Германиянын имиджин жакшыртканга чоң түрткү болгон.

Аргентиналык Лионел Месси жана германиялык Томас Мюллер.
Аргентиналык Лионел Месси жана германиялык Томас Мюллер.

Элестетип көрүнүз, Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө он жыл араң болгон, жалпы планетанын адамдары немистерди жек көрүп, булардын колунан согуш, талкалоо гана келет (кээ бир тарыхый булактарда Биринчи дүйнөлүк согушту да немистер баштаган деп айтылат) деген ойдо болгон. Андыктан дүйнөдө эң популярдуу спорттон Батыш Германиянын командасы биринчи болгону дүйнө элинин немистерге болгон көз карашын кыйла жакшырткан. Андан сырткары немистер өздөрү да, "биз улут бойдон калабызбы же жокпу" деп, өз айдентитисин жоготуу алдында турганда футболдон биринчиликти утуу немистерди улут катары бириктирип, "биздин да колубуздан жакшы, позитивдүү иш келет турбайбы" деген өздөрүнө келечекке ишеним пайда кылган.

Футбол көрүү майрамы

Немистердин арасынан футбол ойнобогон же кызыкпаган адамды издеп табуу кыйын. Кичинекей айылдарында да футболдук уюмдар жана ойной турган кичинекей талаачалар бар. Германияда футболдун популярдуулугун немистердин футбол көрүү майрамынан да билсе болот. Дүйнө биринчилигине окшогон чоң-чоң футболдук турнирлерде ар бир айыл жана шаарларда сыртта элдер чогулуп көрө турган (public viewing) атайын жайлар жасалат. Германиянын командасы ойногон күнү ал жерде чоң майрам болот. Немистер сыра ичип, братвурст жегенче (көбүнчө) Германиянын жеңишин майрамдашат.

Бундеслига

Германия курама командасынын күйөрмандары.
Германия курама командасынын күйөрмандары.

Немис футбол лигасында 6,8 миллион адам мүчө болсо, 25.500 футбол уюмдары жана 172.000 команда бар. Жогоруда айтылгандай, Германияда жалппысынан 18 милллионго жакын киши (калкынын 20% чукулу) маал-маалы менен футбол ойноп турат. Бул көрсөткүч боюнча Германия дүйнөдө Коста-Рикадан кийин экинчи орунда турат.

Өлкөнүн ичинде үч улуттук жана төрт регионалдык лигага бөлүнгөн командалар аралык мелдеш жыл сайын болуп турат. Бул мелдешке жалпысынан өлкө боюнча 33.000ден ашуун командалар катышат. Бундеслига (немис клубдарынын эң жогорку лигасы) дүйнөлүк рейтингде эң күчтүү лигалардын катарына кирет жана бул лига эрежени көп бузбаган таза оюну менен өзгөчөлөнөт.

Сандар эмне дейт?

Бразилиядагы жеңиши менен немистердин курама командасы футбол дүйнөсүндө бир канча рекорд койду. Биринчиден футбол тарыхында жалгыз гана немистер 8 жолу дүйнө биринчилигинде финалга чыккан. Ага кошумча дүйнө биринчилигинде алар 223 голу менен баарынан алдыда экен. Мындан сырткары Мирослав Клозе дүйнөлүк турнирде 16 голу менен Бразилиялык Роналдону артта калтырды. Немистердин дагы бир рекорду бул Тони Круздун Бразилияга каршы киргизген эки голунун аралыгындагы убакыттын кыскалыгы, ал экинчи голун 69 секунддан кийин киргизген. Ушул эле оюн дүйнөлүк биринчилик өткөргөн өлкөнүн эң көп эсеп менен жеңилүүсү менен Гиннес китебине кирди. Эң акыркысы, биринчи жолу немистер (Европадагы өлкө) Түштүк Америкада өткөн дүйнө биринчилигин утту, буга чейин эч кайсы түштүк америкалык эмес өлкө мындай ийгиликке жеткен эмес.

Баатыр Алымкулов,

Германия, 2014 ж.

XS
SM
MD
LG