Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

АКШнын Колорадо штатында жашап, иштеген Дэвид Галлагер ушу тапта үй-бүлөсү менен Кыргызстанда эс алып жүргөн кези. Кандай өзгөрүүлөр, жаңы көрүнүштөрдү байкаганын ушул блогунан окуңуз.

Бүгүн 2014-жылдын 9-июну, кайненемдин үйүндө өмүрүндө алгачкы жолу суу чыкты. Кудум шаардагыдай чоргодон аккан сууга апакебиз жетине албай сүйүнүп колун жууп, бапыраңдап балдарына бата бергенине күбө болдук. Эми эртеңден тарта Аристонго (электр суу жылыткыч) туташтырып, тескей Ала-Тоонун этегиндеги айылда ысык душка чайканса болот. 1999-жылы 24 жашымда Тынчтык корпусунун ыктыярчысы болуп келгенимде Кыргызстандагы алыскы айылда азыркыдай күн болушун канчалык тилесем да, анын ишке ашаарына ишенчү эмесмин...

Ал учурда, Кыргызстан советтик доордон эми жаңы чыгып, эптеп эле жөрмөлөп жаткан наристедей эле. АКШдагы ата-энеме телефон чалуу үчүн почтага барып, кезек күтүп, мына жеткенде кулактандыруу тунук угулбагандыктан атымды атаганын укпай калып, кайра баштан акыйып кезекке турушум керек болчу. Кайра экинчи жолу кезегимдин келгенин угуп алып, телефонду колума алгыча шашып кабинага жүгүрүп барчумун. Москвада бир америкалык байланыш компаниясынын кызматкери жооп берип, ага ата-энемдин телефон номурун, анан шаар аралык чалууга жол ачкан сыр сөздү (пасвордду) айтчумун. Аралык алыс болгондуктан, зымдын бир учунда мен, дагы бир учунда байланыш кызматкери, көбүнесе ага сыр сөздү кыйкырып атып араң жеткирчүмүн. Кайталаганда жиним келчү, анткени айылдагы почтада байланышка беш эле мүнөт берилчү. Москвадагы кызматкерге кыйналып өзүмдү түшүндүргөндөн кийин гана, экинчи же үчүнчү мүнөтүндө үйдөгүлөр менен байланыша алчумун. Анан ошол эки эле мүнөтүмдү, ата-энеме болушунча "Силерди сүйөм! Сагынам! Сагынсам да биякта жакшы жүрөмүн. Силер кандайсыңар? Ден-соо...", деп безилдеп айтып жатканда, байланыш үзүлүп калчу. Жиним өлө келчү. Кыргыз айылындагы үйдө суу жоктугун, даараткана эшикте экенин, жарык бат-баттан өчүп турганын түшүнүп, аларды кадимки жашоо-шарты катары кабыл алгам. Бирок телефон жана башка заманбап технологиялардын ойдогудай иштебегенине нааразы элем.

Азыр эми ошол эле айылда телефонумдан ааламтордо (интернетте) саякаттап, Фейсбукка постторду бат-баттан коюп жана ошондой эле тарткан сүрөттөрүмдү инстаграмга жүктөп коюп жүрөм. Ата-энемден алыс болсом да, алардын алыстыгы сезилбей калды. Сүйлөшкүм келсе каалаган учурда ушул эле колумдагы телефондон байланышам. Алаканга баткан кичинекей технология аркылуу баарыбыз дээрлик үзгүлтүксүз эле күнү-түнү байланышып жатабыз. Баса, бул блогду да уюкфонумда жазып жатам. Аны бүткөндөн кийин шаарга барбай туруп, айылдан эле «Азаттыкка» салып ийем. Жашоо керемет болуп калыптыр!

Кыргызстанды 15 жылдан бери таанып-билип калдым. Ар эки жылда үй-бүлөм менен (кыргыз жубайым, эки жаман уулубуз) Кыргызстанга келип кетип турабыз. Албетте, 15 жыл ичинде өзгөрүү толтура, бирок акыркы эки жылда да Кыргызстандын экономикасы жоргодой жорголоп баратканы байкалат. Шаар аралык жолдордун сапаты абдан жакшырып калыптыр. Бишкектин өзүндөгү жолдор, тилекке каршы, дагы эле чөң көйгөй бойдон калганы байкалат. Айылда кээ бир коомдук маселелер чечилбей турса да, жаңы курулуштар шакылдап иштеп, а кемпирлер болсо уюкфондо ушакташканы таң калаарлык эмес көрүнүш болуп калыптыр.

А Бишкекке келсек, көп эле жерлеринде өзүмдү Америкадагыдай сезем. Албетте, Бишкек Паркта. Ал жакта кадимки Америкадагыдай атактуу фирмалардын кийим-кечегин жарык жана таптаза дүкөндөрдөн сатып алып, фонтандын жанында айс латтени (муздак, жеңил кофе) ырахаттанып ичип, эки улуттан жаралган балдарым ар башка улуттагы балдар менен ойноп жатканына кубанып четте карап турганга болот. Бирок Бишкек Парктан тышкары эң жогорку деңгээлдеги улуттук ресторандардын көптүгүнө суктанам. Мен өткөн жумада “Барашек” деген ресторанга барып көрдүм. Ички жасалга-чөйрөсү укмуш, тейлөөсү кынтыксыз, шишкебеги шумдук даамдуу жана анын үстүнө тентек балдарым үчүн ойноо аянтчасы да бар экен.

Ала-Тоо аянтына барып "кыргыз туристтер" пайда болгонун байкадым. 15 жыл мурун ал жак бопбош турчу. Көчөдө дээрлик жан жок болгондуктан, биз өзүбүзчө Бишкекти "оору баскан шаар" деп аяп калчубуз. Калктын баары ооруп, үйдөн чыга албай калган сыяктуу эле. Азыр эми эки саат сайын күзөттөгү гвардиячылар алмашып, 30-40тай айылдан келген «кыргыз туристтер» топтолуп, шаңдуу кобурашып, мекенине суктанып, сүрөткө түшүп жатышты. Өз фотоаппараты же уюкфону менен. Мурдагы оор басырыктуу сүрөтчүлөр, килейген чоң арак бөтөлкөлөрү, гүлдестелер, оюнчук жолборстор жана "Бишкек 1999-жыл" деген жазуусу бар, уяң тарткан жарнактар жоголгон.

Кыргыз тилинин абалына келсек, мен орусча билбегендиктен, мурун Бишкекте кыйналчумун. Көчөдө суроом болсо, мен кыргыздын бакырайган кара көздөрүн издеп, ошол эже же байкеден эле сурачумун. Бу жолу бир жума Бишкекте жүрүп бир эле жолу китепканада, орус айым менен сүйлөшүп оюмдагыны оңой жеткире албай кыйналдым. Кыргызчаны сүйлөгөнүм да мурункудай таң каларлык нерсе болбой калды окшойт. Бишкектеги чет элдиктер кыргыз тилине кызыгып калганбы? Ошондой болсо, абдан ыраазы болмокмун.

Бирок андан башка да Кыргызстандын кемчиликтүү жагдайлары бар. Мисалы, китеп маселеси. Жалпылап айтканда, кыргыз китеп окурмандары аябай азайды. Жаңы басылып жаткан кыргыз романдары эки түрдө чыгып жатканын байкоого болот. "Ош базары" деңгээлиндеги рэкет, кылмыш, кик-боксинг жана ушул сыяктуу темаларга жазылган жана өтө татаал тарыхый романдарды мисал келтирсе болот. Экөө тең азыркы Кыргызстандын өнүгүү талабына жооп бербеген жомоктор деп эсептейм. Заманбап турмуштагы маселелер тууралуу жалпак тилде жазылган романдар көп болсо деп тилейт элем. Канча байыса да, кыргыздар эне тилинде көп окубаса, Кыргызстан, кыргыз журту эртедир-кечтир жалпы өнүгүү жагынан башкалардан четте обочолонуп калат деп санааркайм.

Дагы бир көңүл бурууну талап кылган нерсе - коомдук жана экономикалык теңсиздик. Учурда Бишкектеги көңүл ачуучу жана сайрандоочу жайларга кыргыздардын көпчүлүгүнүн капчыгы чак келчүдөй эмес. Жаңы ресторан, соода борбор жана заманбап азык-түлүк дүкөндөрү ачылган сайын, кыргыз жаштары үчүн дагы бир топ жумуш орундары да пайда болот. Бирок ал жумуш орундары ар кандай. Балким официант, кассачы, балдар үчүн поезд айдоочу жумуш орундар жаштарга иштегенге жана акча чогултканга мүмкүнчүлүк берет. Мындай жумуш орундары сөзсүз түрдө кар, жаан жана суукка карабай сыртта базарда отуруудан артык деп эсептейм. Америкада ошондой жумуш орундарын "башталгыч" жумуш деп коюшат да, жаштардын ал жактарда иштегенин сабак катары санап, жакшы кабыл алынат. А бул туурасында жалпы кыргыздардын ою кандай экенин билгим келет.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын келечегинин жарык экендигине үмүтүм чоң. Мурда ыктыярчы болуп жүргөнүмдө, окуучуларымдын болочок турмушун ойлонуп, көп уйкусуз түндөрдү баштан өткөргөм. Эми азыр болсо тынч уктап калдым. Кыргызстанда "иштесең, тиштейсиң" деген кыял чындык болуп калган. Көп эле адам Американын версиясын – “америкалык кыялды” билет. Ал деген, таанышы аркылуу, же "ак сөөк" болуп туулганынан эмес, мээси бар, мээнеткеч, аракетчил болуп иштеген бардык адамдар өзүнө мыкты жашоо-шарттарын түзүүгө укук алганы. 2014-жылы «кыргыз кыялы» деген түшүнүк ишке аша баштады деп айтса болот.
  • 16x9 Image

    Дэвид Галлагер

    1999-2001-жылдары Нарын жана Ысык-Көл облустарында Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болгон. 2006-жылы Жорж Вашингтон университетинде эл аралык мамилелер боюнча магистратураны бүтүргөн соң, АКШнын Айыл-чарба департаментинде иштеген. Учурда Колорадо штатынын Денвер шаарында эки уулду өстүрүп, Дүйнөлүк Билим берүү кызматында (World Education Services) иштейт. Фейсбуктагы "Англисче-кыргызча талкуу айылынын" (АКТА) негиздөөчүсү жана башкы администратору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG