Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34
"Менин баламдын оозу чоң..."

Кайдан же кимден укканым эсимде жок, “Жөөттөр балдарын төрөлгөндөн баштап, “сен менин генийимсиң”, “менин балам гений” деп чоңойтушат экен, кыргыздар болсо “менин баламдын оозу чоң, азыр ушул куйрук майды бир эле сугунуп коёт” деп жатышып, “жегич”, “ичкичтерибиз” көп” деп айтып жатканды угуп алып күлдүм эле.

Азыр ыңгайы келген жерден “жеп-ичип”, жомоктогудай хан-сарайда жашап, уча турган канаты бардан бетер кымбат болгон машине минген бийликтеги аткаминерлерди, алар мындай эле турсун, айылдагы жөнөкөй эле мектептердин балдардын түшкү тамагына деп бөлүнгөн акчаны “жеп”, Жип машинелерде чайпалган деректирлерин эстеген сайын ошол сөздөр кулагыма жаңырат. Бирок коррупция тууралуу кеп эмкиде болсун, бул жолу болсо бала тарбиялоо салты, /маданияты/ адаты тууралуу жазгым келип жатат.

Мындан бир-эки жыл мурда Томас Балмес (Thomas Balmès) деген режиссер “Бөбөктөр” (Babies) деген бир укмуш даректүү тасма жасаптыр. АКШ, Жапония, Монголия жана Намибия өлкөлөрүнө барып, ар биринен жаңы балалуу болоюн деген бирден үй-бүлө менен жашап, баланын төрөлгөнүнөн баштап буту басканга чейин тартыптыр.

Албетте өнүккөн өлкөлөрдөгү үй-бүлөнүн балдарынын оюнчуктары көп, кичинекейинен баштап ар кандай акыл-эсти өстүрүүчү сабактарга барышат. Таза айлана-чөйрөдө жашашат. Ал эми Монголия менен Африкадагы балдар болсо тоок, иттер менен кошо аралашып, мурдуларын куюлтуп, топурак-чаңга оонап жүрүшөт. Баары тең эле аман-эсен, дени сак.

Биринчи көргөндөн кийин намыстанып, кайындарыма мурдумду көтөргөнүм эсимде, “силер бул жакта балдарыңарды ашыкча эле эркелетип, ар кайсыны сатып берип, ымыркай кезинен эле эзип окута бересиңер. Монголия сыяктуу Кыргызстанда айылдарда балдар бешикке жатып, топурак-чаңга оонап, өлбөй эле чоңоюп келе жатышат”.

Бирок албетте айтаарын айтып алган соң, кайра терең ой-жүгүртүп, айткандырыма өзүм саресеп салган болчумун. Жарды өлкөлөр жарды үчүн балдарын ошентип багышабы, же балдарын ошентип баккандыгы үчүн алар жардыбы? Эгерде баланы кичинекей кезинен курсагын гана тойгузуп тим болбостон, АДАМ болуп калыптанышына эң чоң маани берип, дүйнө таанымын, түшүнүгүн, аң-сезимин өстүргөнгө зор көңүл буруп чоңойтсо, ал даанышман инсан болуп өсүп, өз өлкөсүнүн гүлдөп өсүшүнө салым кошот чыгаар... Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат деген жакшы сөз бар го элибизде...

Кыргыз-американ

Олдоксон салыштырып кимдир бирөөлөрдү таарынтып алуудан алысмын, бирок ошентсе да, Кыргызстан менен АКШдагы мен көрүп-билген бала тарбиялоо жолдорун салыштырып, талдоого аракет жасагым келип турган кербезим...

Мен өзүм азыр 4 айлык уулдун бактылуу энесимин. Баланы багууда кудайдын куттуу күнү маданий кагылышууга учурайбыз. Америкалыктарда “жүрөгү түштү”, “көз тийди”, “суук тийди”, “кирне кирди” деген кыргыздын “оорулары” жок экен. Бул жакта балдарын кыштын кыраан чилдесинде жуп-жука кийинтип, жылаң баш, жылаңайлак эле көтөрүп жүргөндөрдү көрүп алып чалкамдан кетип, башында уулумду ороп-чулгап эле убаралана берчү элем, азыр өзүм да ошого анча-мынча көнүп баратам.

Ошентип жеңил көндүрсө, суукка чыдамкай болуп, суук тийип оорушпайт окшойт. Анан дагы бул жакта “и-ий, балаң татынакай экен”, “и-ий, семиз экен”, “и-ий, колу карылуу экен” дегендерди угуп алып, көз тийип калбагай эле балама деп чоочулайм. Кээде чыдабай, “үч түкүрүп коюңузчу” деп дагы алам. “Эмнеге, мен чынын эле айтып атам” деп күлүшөт түшүнө беришпей. Жолдошум экөөлөп түшүндүрө албаган соң, биз да жылмайып тим болобуз.

Негизи бала тарбиялоо аябагандай татаал, комплекстүү нерсе экенин айтпасак деле айдан ачык нерсе. Бул тууралуу теориялар, ой-пикирлер чачтан көп. Ар бир адам баласын идеалдуу тарбиялаганга далалаттанат жана ар бир бала уникалдуу.

Көбүнчө ойлор карама-каршылыктуу. Жөнөкөй эле мисал, кээ бирлер наристе ыйлаганда көтөрбөш керек, бечел болуп калат дешсе, кээ бир илимпоздор бала ыйлаганда дароо колго алып сооротуш керек, ошондо баланын ата-энеге болгон ишеними, байланышы тереңдейт дешет экен...

Америкалыктар кыргыздардан айырмаланып балдарын жаңы төрөлгөндөн баштап эле, бардык нерсени түшүнгөн акыл эстүү адам катары кабыл алышат экен. Курсакта жаткан кезден баштап эле китеп окуп беришип, классикалык музыка угушуп, жомок айтып беришип...

Илимде аныкталгандай, баланын мээси түйүлдүк кезинен баштап эле айлана-чөйрөсүндөгү маалыматтарды кабылдай баштайт имиш. Бизде кыргыздарда (албетте өтө жалпылап айтып жатам) көбүнчө балдарды бешикке таңып салышып эле “бул азыр макоо, эч нерсени түшүнбөйт” дей беришет го.

Илгерки бешик ырларын дагы эч ким ырдабай калгандай сезилет... Анан ыйласа же бешикти терметип киришет, же эмизип киришет. Жаңы төрөлгөн болсо да, бала байкуш кээде зериккенден да ыйлайт турбайбы. Бул нерсени эмнегедир айылдардагы апалар билбеген сыяктуу...

Белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун бир шакабасы эске түшөт: “Кыргыз балдар бешикте чалкасынан жата берип, башы “О” болуп калат, анан бир жери ооруп, бир жери өйкөп ыйласа же башка бир нерсеге ыйласа деле, иши кылып ыйласа эле апалар эмизе берип, курсагы “О” болуп калат, анан кийин кичине эс тарткандан атка минип, буту “О” болуп калат, ошон үчүн кыргыздар жолукканда “Оо-ооо, досум, кандайсың!” деп учурашышат”. Албетте даана эсимде жок, бирок ушул сыяктуу азил-тамаша болчу. Менимче, бир аз чындыгы бар...

Ден соолук эле болсунчу...

Кыргызстанга барганда апаларга, жеңелерге, эжелерге, кошуналарга балага кандай көңүл буруп, ар түнү жатаарда китеп окуп берип, көп урушуп-тыйбай, кадимки чоң кишидей эле сүйлөшүп, эмнеге шыктуу экенин байкап, тандоолорду берип (мисалы, кийим сатып берээрде кийимдин түсүн балага тандатып) жана башка ушул сыяктуу чоң жоопкерчиликти, убакытты, эркти талап кылган нерселер менен тарбиялоо керектигин айтсам, көбүнчөсү “ой, Кудай бак берсе, топуракка оонап чоңойсо да, өлкө башкарып, же бир өз жолун таап кетет ”, “ден соолук эле болсунчу, аман эле болсунчу” дешип моюн сунушпайт.

Ооба, албетте, Жараткан бак берсин, ден соолук өмүр берсин, бирок Кудай, Алла Таала, Жараткан Теңир, кимиси болбосун, ак эмгек менен аракет кылгандарды колдоор... Балким ошол “ден соолук эле болсунчу” деген нерсе менен жашап келе жаткандыгыбыз үчүн кымындай Кыргызстаныбыз өнүгүп кете албай, элибизди жарымы болбосо да, бир тобу чет өлкөлөргө үй-бүлө багам деп, жумуш издеп кетип жатышкандыр... Башта сөз кылгандай, “менин баламдын оозу чоң” деп отуруп, кыргыздар коррупционерлерди, өз курсагын гана ойлогон аткаминерлерди тарбиялап алышкан жокпу?... Ай, ким билет, ким билет...

Гүлжан Кудабай-Галлагер, АКШ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG