Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18
“Бул кандай өлкө, жеңилгени жеңгенин куттуктап, жеңгени эл алдында жубайына сүйүүсүн билдирген?!” деп жазды бирөө Твиттерде, жаңы эле жылт коюп чыгып кеткен жылда болуп өткөн АКШдагы президенттик шайлоодон кийин.

Билем, бул макалага көптөгөн кайчы пикирлер жазылат. Мен АКШга кетээримде да көптөгөн сын уккам, анткени Кыргызстанда, деги эле дүйнө жүзүндө дээрлик ар бир адамдын АКШ тууралуу кандайдыр бир көз карашы бар.

“Америка өз кызыкчылыгын гана көздөгөн зулум өлкө, калп эле демократия үчүн күрөшүп жатабыз деп башка өлкөлөргө согуш ачып, алардын байлыктарын тартып алгысы келет”, “Американын империялык кызыкчылыгы бар, бардык дүйнө жүзүн өзүнө каратып алгысы келет”, “Америка ыймансыз өлкө, кыска көйнөк кийгенди, сойкулукту, чылым чеккенди башка өлкөлөргө үйрөтүп жатат” деген сыяктуу терс ой-пикирлерди айтып, жерге түкүрүп, Американы сөккөндөр да көп, Америкага кетүүнүн ар кыл жолдорун издегендер да көп, Америкага келгенден кийин, кандай гана жол менен болбосун жарандык алып, өлкөдө калууну көздөгөндөр да көп.

Менин Американын саясаты, экономика жана маданияты тууралуу билимим жетиштүү деп айта албайм жана бул нерселер тууралуу иликтенип-тастыкталган маалымат берейин деген далалатым жок. Жөн гана менин АКШда жашап жаткан эки жылдан ашыгыраак убактымда көргөн-билгеним менен бөлүшүп, тажрыйбаларымды ортого салып, чабырттатып ой жүгүртүп көрөйүн дегендеги кербезим.

Америкада мага күчтүү таасир калтырган жерлердин бири - Филаделфия шаарындагы “Көз карандысыздык бөлмөсү” (Independence Hall). Мен ал жерге барганымда, маалымат берүүчүнүн “Бул бөлмө Америка үчүн эң маанилүү, анткени так ушул жерде биринчи президентибиз Жорж Вашингтон ачык, таза жол менен президенттикти Жон Адамска өткөрүп берген. Ошону менен азыркы эркин, өнүккөн, демократиялык Америка жарык дүйнөгө келген. Вашингтондун жолун жолдоп, ошондон берки бардык президенттер тактысын татыктуу тапшырып келе жатышат” деп айтканы кулагыма “шак” деген. Себеби мен ага чейин “Акаев, байкуш, жакшы эле болчу (Бакиевге салыштырып)” дегендердин катарында элем. Ошондон кийин түшүндүм, Акаевдин биринчи президент катары биздин өлкөбүздүн тагдырын кандайдыр бир нукка бурууга болгон жоопкерчилиги опол тоодой болгондугун. Тун президент катары, өлкөнүн пайдубалы ошол кишиден көз каранды экендигин түшүнүп, жеке кызыкчылыктарын четке коюп, мамлекеттин өнүгүүсүн туура жолго салганга аракет кылып, үлгү болуп бериш керек эле. Анте алган жок, ошон үчүн анын кыргыз элинин астында күнөөсү чексиз...

Президент демекчи, Америкада мен суктанган дагы бир нерсе бул жакында эле өткөн президенттик шайлоо болду. Бул жакта башка өлкөлөрдөгүдөй эле саясий партиялар абдан көп, бирок эки гана эң негизги партия бар: демократтар жана республикачылар.

Билермандан бетер Американын саясатын жалпылап айтып бербестен, өз үй-бүлөмдүн мисалында айтып бергеним туура болот го дейм. Менин кайната-кайненем улуу муундун кишилери жана алар туруктуу республикачылар. “Иштеген адам тиштейт” деген принципке катуу турган кишилер. Кудай ар бир адамды бирдей жараткан жана ал берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, эч кимден жардам күтпөй ар бир адам (дене жана акыл-эс мүмкүнчүлүгү чектелгендерден сырткары) өз жанын өзү багууга тийиш деген көз карашты бекем карманышат. Демек алар өкмөттүн элдин жашоосуна өтө көп кийлигишүүсүнө каршы: “Адамдын табияты жалкоолукка жакын. Эгер адамга бирөө жардам берсе, ал көккө түкүрүп коюп жатып берет. Ошон үчүн өкмөт элге каражат бербей, каражатты өздөрү иштеп табууга гана ыңгайлуу шарттарды түзүп бериш керек” деп ишенишет.

Кайната-кайненемдин үч баласы бар. Үчөө тең демократтар. Алардын негизги көз карашы жөнөкөйлөп айтканда мындайча: Адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк берилген эмес. Адам кандай үй-бүлөдө, кандай чөйрөдө төрөлгөндүгүнө жана чоңойгондугуна карап, мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү деңгээлде. Эгер адам кедей болсо, ал өзү гана күнөөлүү, анткени ал адам жалкоо дегенди түшүндүрбөйт, кандайдыр бир башка факторлор себеп болушу мүмкүн. Ал эми байлар, дайыма эле ашынган эмгекчилдиги үчүн байыган эмес, балким аларга чоң атасынан мурас калган, ж.б. Ошондуктан өкмөт кандайдыр бир деңгээлде коомду тең салмактуулукта кармап туруш керек: карапайым үй-бүлөлөрдүн салыгын чектөө жана ашынган байлардын салыгын көбөйтүү аркылуу.

Ошентип Америка эли республикачылар жана демократтар болуп экиге бөлүнөт экен да, президенттик шайлоодо негизинен эки президент ат салышат экен. Шайлоонун таза өткөнүн ушундан билсе болот, почта аркылуу кайнатам менен кайненемдин бюллетендери келгенде, кайнатам башка шаарда иш сапарда жүргөн эле, кайненем өзүнүн гана бюллетенин толтуруп туруп кайра салып жиберди. Кыргызстандагы шайлоолор каныма сиңип калган окшобойбу, аябай таң калдым, эми жолдошунун кимди шайлай турганын билет да, анын бюллетенине деле чымчыкча уруп туруп, жиберип ийбейби деп.

Дагы башка суктанган нерсем, бул Америка элинин коомго, бири-бирине болгон ишеними. Ата-энем айтып калышаар эле, “Совет убагында элдин дарбазасы жок болчу, үйүн эч ким бекитчү эмес. Бир жакка кетээрде, эшикке итаякты жөлөп коюп эле кетип калчубуз, үйдө эч ким жок экенин билдириш үчүн” деп.

Бул жакта көпчүлүк эл бийик чеп, дарбаза коюп үйүн корубайт экен жана кыска убакытка бир жакка бара турган болушса, эшиктерин бекитпей деле кетип калышат. Тыпырайган почта унаасы күн сайын кат-посылкаларды ташып турат. Эгер үйдө эч ким жок болсо, посылканы эшиктин алдына эле коюп кетет жана ал үйдүн ээси келгенче күндөп-түндөп почтачы койгон жерде жата берет. Эгер интернет аркылуу бир нерсе сатып алсаң жана ал нерсе орто жолдо жоголуп кетсе, компания кайра ордун тез эле толтуруп берет.

Көбүнчө супермаркеттерде видеокамера болбойт, жана товарларга уурулукка каршы тетик тагылган эмес. Ошондой эле көбүнчө дүкөндөрдө өзүн-өзү тейлөө кассасы (self-checkout) орнотулган: чыга бериште алган товарларыңды өзүң сканерден өткөрүп, төлөп кете бересиң. Бардык товарларыңды өткөрдүңбү деп эч ким текшерип карап турбайт. Балким, бул кызматтан пайдаланып “ууру” кылгандар көп эле чыгаар, бирок негизинен компаниялар элге ишенишет жана эл да кара өзгөйлүк кылышпайт. Болбосо, бул система эчак эле иштен чыкмак да. Эсимде, “нандан башка нерселерди сатып алсам такыр self-checkout аркылуу чыкпайм. Абийирим алдап кетеби деп өзүмдөн корком” деп Кыргызстандан келген бир таанышымдын айтканы.

Дагы, Америкадагы бизнестер “кардардыкы дайыма туура” деген эрежени карманышат. Албетте мунун биринчи себеби, компаниялар сот иштеринен аябай коркушат. Эгер кардар компанияны сотко берсе, алар көптөгөн акча жоготушу мүмкүн. Мисалы, менин уулума ал ымыркай кезинде Enfamil деген марканын жасалма сүтүн берчү элек. Бир күнү эле кокусунан ал сүт дүкөн текчелеринен жок болуп кетти. Көрсө АКШда бир ымыркай чарчап калып, анын ата-энеси ошол сүттү күнөөлөп, сотко берген экен. Экспертиза баланын эмнеден чарчаганын текшергенче, өлкө боюнча бардык дүкөндөрдөн ал маркадагы сүт такыр сатылган жок.

Менин тажрыйбамда, Кыргызстанда Американын демократиясы үчүн көп күнөөлөшөт. Демократия, эркиндик деп эле жылаңачтанып, кыска көйнөк кийип, эркек эркекке үйлөнүп, курал-жаракты чөнтөгүнө салып жүрүшөт дейт. Жеке мага демократия жагат, анткени, менимче бул адамзаттын наркын, кадырын жана акыл-эсин тааный билген система.

Түшүнүгүмдө, демократия бул биринчи кезекте өкмөт менен элдин жана коомдун бири-бирине болгон ишеними. Мисалы, өкмөт элге мылтык-тапанча көтөрүп жүргөнгө уруксат бергени, эки-экиден атышып, кырылып өлүшпөйт деп элге ишенгени. Демократиялык өлкөдө адамдарга ар кылдуу билим жана маалымат алууга мүмкүнчүлүк жана көп нерсеге эркиндик берилет. Эркиндик бул тандоо. Ал эми тандоо болсо, адамдын акыл-эсине жана билимине жараша ар түрдүү болот...

“Америкалык деген улут эмес. Америка ар кайсы өлкөдөн көчүп барган улуттардан куралган өлкө. Алардын узак тарыхы, салт-санаасы жок” деген сыяктуу сын-пикирлерди да көп угам. Бир нерсе ойго келет, кайсы гана дин болбосун, бейишти сүрөттөгөндө ар түрдүү жан-жаныбарлар, адамдар алы-күчүнө, өңү-түсүнө карап бөлүнбөй чогуу-чаран, шатыра-шатман жашап атканын сүрөттөшөт.

Албетте Американы бейишке салыштыруудан караманча алысмын, бирок бул өлкөдөгү калк дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулгандыгына карабай, дээрлик ынтымактуу, бөлүнүп-жарылбай жашап жаткандыгы башка өлкөлөргө мисал боло алгыдай деп ойлойм...

Сөз жок, АКШнын кемчиликтери, терс жактары да аз эмес чыгаар. Бирок мен эки жылдан берки көргөн-билген тажрыйбам менен гана кыскача, үстүртөн, ат үстүндө бөлүшкүм келди. Анан негизинен бул өлкөнү күнөөлөй бербей, балким жакшы жактарын үйрөнүп алсак, биздин кичинекей мекенибиздин пайдасына иштеп калаар...

Гүлжан Кудабай-Галлагер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG