Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:49

Коомдук пикир замбиректен күчтүү


Гүлмира Маматкеримова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) демократиялык башкаруу боюнча кеңешчиси 

Гүлмира Маматкеримова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) демократиялык башкаруу боюнча кеңешчиси 

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) долбоорлорундагы тажрыйбама таянып, Кыргызстанда коомдук пикир күн өткөн сайын саясий жана коомдук турмуштагы маанилүү факторго айланып бараткандыгын белгилеп койгум келет. Ал саясий, социалдык жана башка процесстер менен чечимдерге тикелей таасирин тийгизүүдө. БУУӨП өткөргөн семинарлардын биринин катышуучусу айткандай, коомдук пикир бүгүнкү күндө замбиректен, институттар менен башка аргументтерден артыгыраак ролду ойноп калды. Буга байланыштуу Кыргызстандагы эл аралык долбоорлордун жана программалардын ишинде бул жаңы көрүнүштү эске алуу муктаждыгы күчөп баратат.

Тоталитардык мамлекеттерде «коомдук пикир» деп атаса болчудай көрүнүш да жокко эсе эле. Туруктуу негизде эл алдында ачык-айрым талашып-тартышып, тактык жаратууга да аракет болгон эмес. Тарых тастыктагандай, андай жерлерде коомдук пикир эске алынбай, күнүмдүк турмушка жуурулушпай, башка жагдайларга кыналып, аралашып кетпегендиктен улам коом ичтеги бугун, арыз-муңун, сунуштарын, пикирлерин чыгарып алганга алсыз болгон. Биз деле буга чейин ушундай эле жагдайда күн кечирип келбедикпи.

Бирок жаңы конституциялык алкактардын, парламенттик демократиянын жана саясий атаандаштыктын жаралышы абалды өзгөрттү. Борбордук Азияда Кыргызстан коомдук пикир саясатка таасир бере алган алгачкы өлкөгө айланды.

Саясий атаандаштыктын болушу чечим кабыл алуудагы атаандаштыкка жана күрөшүүгө жол ачты. Ушундай шарттарда гана шайлоочулардын добуштары эске алынып, саясатчылардын аброюн көтөрүү үчүн болгон күрөш чындап жаралат эмеспи. Мунун аркасы менен коомдук пикирдин таасири артып, саясатчылар менен чечим кабыл алуучу адамдар аны мурдагыдай тоготпой коюуга чамасы чак болуп калат. Саясатчылар коомдук пикирге көңүл бөлүп, ага кылчактап, коомдук пикир менен өзүнүн саясий келечегинин ортосундагы көзгө илешпеген байланышты так сезе башташат. Буга мисал боло алчу фактылар арбын: 2012-жылдагы сот реформасынын концепциясын кабыл алуу, 2015-жылдын июлундагы Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү четке кагуу, ошондой эле чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды жана башка Өкмөттүн 2016-жылдагы бир нече чечимдерин (электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуу жана ОСАГА салыгын киргизүү ж.б.) чакыртып алуу ж.б.

Бул - коомдук пикирдин жана бейөкмөт уюмдарынын активдүү иш-аракеттеринин жемиши. Бийлик жарандардын пикирине кулак салып, жүргүзүп жаткан реформаларына оңдоолорду киргизди. Буга чейин күчтүү саясий эрк болгон күндө да чырылдап кыйкырып чыккан айрым реформаторлор пикирин бийликке угуза албай, жагдай өзгөрүүсүз калып келген эле.

Адамдар алардын пикирин сыйлап, угуп жаткандыгына ыраазы болуп, өз баркын билип, билимин, шык-жөндөмүн ишке ашыруудан канагат алышат. Мындай жарандык активдүүлүк бейөкмөт уюмдарынын демократиялык коомдо ойногон ролу менен ээлеген ордуна төп келет. Бийликке каяша кылуу мүмкүнчүлүгү бейөкмөт уюмдарына өз мандатын ишке ашырууга, бийлик менен жарандардын ортосундагы көпүрөнүн озуйпасын аткарууга, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугуна жетишүүгө, жарандардын чечимдерди кабыл алууга катышуусуна көмөктөшөт. Ошол эле учурда коомдук пикир мамлекеттик органдарды ийге келтирип, аларды натыйжалуу иштөөгө шыктандырат. Бул чыныгы өз ара иштешүү, кайра байланышуу мүмкүнчүлүгү эмей эмне?!

Балким, олуттуу материалдык-каржылык-табигый ресурстары жок Кыргызстандын шартында анын жигердүү жана жоопкерчиликтүү жарандарынын энергиясы, билими жана шыктануусу өнүккөн жана адилет коомго карай секирик жасоого өбөлгө болуп берээр. Жоопкерчиликтүү коомдук пикир менен жарандык мониторинг –позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн толук колдонулбай келе жаткан ресурс десем жаңылышпайм.

Менимче, дал ушул объективдүү (конституциялык алкак, саясий атаандаштык) жана коомдун энергиясы түрүндөгү субъективдүүөбөлгөлөрдүн айкалышынан улам Кыргызстанда демократия, укук үстөмдүгү бекем орноп, адам укуктары менен ар-намысы түшүнүктөрү кеңири кулач жайылышына шарт түзүлөт. Ошондой эле толугу менен ишке ашпай жаткан сот реформасы, коррупция менен күрөшүү, бейборборлоштуруу, инновацияларды ишке киргизүү, он-лайн соттор, коопсуз шаар, бажы өткөрмөлөрүнө видеокамераларды орнотуу, электрондук сатып алуулар ж.б.у.с. реформалардын ийгилигине жетсе болот.

Мындай ыкма жалпы коом үчүн да жакшы жөрөлгө экендигин айтып коюу кажет. Канткен менен бул кайра байланышуу механизмин түзүп, анын аркасы менен өз убагында жаңжалдардын алдын алууга, көйгөйлөрдү күчөтпөй жеринде тез чечүүгө мүмкүндүк берет эмеспи. Ал эми бул болсо мамлекетке салык төлөөчү катары мамилени калыптандырат. Ушунун өзү деле прогресстин, алдыга умтулуунун жана коомдун өзгөрүүсүнүн булагы болуп берет. Айтмакчы, мындай ыкма БУУӨП иш алпарган глобалдашуу, Туруктуу Өнүгүү Максаттары (ТӨМ) жана башка багыттарга да жакшы айкалышат.

Коомдогу мындай өзгөрүүлөр, албетте, БУУӨПтүн ишинде чагылдырылышы зарыл. Алар улуттук өнөктөштөргө, баарынан мурда, конкреттүү реформалар боюнча макулдашууда, орток пикирге келүүдө, коомдук колдоону калыптандырууда жөлөк-таяк боло алат. Коомдук пикир менен колдоо БУУ Өнүктүрүү Программасынын ишин илгерилетүүгө да көмөкчү боло алышат.

Гүлмира Маматкеримова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) демократиялык башкаруу боюнча кеңешчиси

XS
SM
MD
LG