Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Антидипломатия же газсыз калган Ош


Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримовдун Бишкектеги жолугушуусу. 12-сентябрь, 2013-жыл.

Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримовдун Бишкектеги жолугушуусу. 12-сентябрь, 2013-жыл.

Экинчи борборубуз Ошто көптөн бери газ жок. Элдин нааразылыгы, кухнялардагы келин-кыздардын эртели-кеч күңк-мыңк сөзү апогейине жетпесе да, ошого жакындап калды сыяктанат. Айрыкча нааразылар - газ менен иштеген ишканалар, кафелер жана ресторандар. Баарынан кейиштүүсү, бул кырдаал дагы канчага созулаарын эч ким билбейт. Тилекке каршы, так жоопту шаардын мэри же энергетика министри эле эмес, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да бере албады. Баарынын айтканы - чыдагыла, электр плиткага тамак жасагыла, күткүлө ж.б. Чыдамдуу элбиз го, күтүп эле атабыз… Ай караган текедей көз талыгыча караганыбыз - каран калган “Газпром”. Бир нерсеге канимет: президентибиз баягы Бакиевчесинен “тезек тергиле” деп кеңеш айткан жок, кептин ток этээрин айтты, бирок…

“Газпромдон” дайын жок. Бир долларга бааланган “Кыргызгазды" аларын алып, бирок кантип иштетерин билбей жаткан сыяктанат. Анын үстүнө “Газпромдун” бизден маанилүүрөөк маселелери ушу тапта чачтан көп. Украина, Кытайга карата курулчу миңдеген чакырым жаңы түтүк, Украинаны айланып өтмөк болгон “Түштүк агым” (Южный поток) магистралынын токтошу, ж.у.с.

Ал эми коңшулаш Өзбекстан болсо Бажы бирлигине, Евразия шериктештигине кирмек болуп жаткан Кыргызстанды көрөйүн деген көзү жок. Орусия менен башынан теңата сүйлөшүп келаткан Ислам Каримов бизге айткан жообун ошол “Газпромго” деле коркпой айтарына бөркүбүздөй ишенсек болот. Берсе да Европанын деңгээлиндеги баа менен, “Газпром” капчыгына ылайык баа менен берет. Ал эми Өзбекстан менен мамилебиз кийинки жылдарда суумак түгүл, эбак муз дооруна айланган. Аны дипломатия жолу менен “эритпесек” да, жылыталы деген аракет кыргыз тарабынан дээрлик жасалбай келет. Анын үстүнө биздин дипломатиянын ага жете турган тили да, аракети да, аракет кыла турган интеллектуалдык дарамети да жок. Ошол эле сыяктуу эбак сууган, суумак тургай көгөргүчө муздаган карым-катнаш кыргыз-тажик арасына да тиешелүү. Кийинки учурда бул мамлекет менен достук, ысык коңшулаштык мамиле түгүл, автомат менен атышканга өттүк, ич ара мамилебиз иригенден ириди.

Казакстан менен илгертен келаткан туугандык, боордоштук мамилебиз деле тескерисине кетип, экономикалык, маданий карым-катнаш жагынан чеке жылыткан жетишкендиктер жокко эсе.

Суроо туулат: деги эмне деген мамлекет, кандай деген калк болдук? Бир эле Орусиянын ою менен болобуз деп атып, кошуналардан кол жууп, башкалар менен кырдыбычак мамиледе болобузбу? Анда “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна” деген акылман кепти кайда алпарабыз? Орустардын ортомчулугу жок эле Өзбекстандан азыркыдан алда канча арзан баада газ деле, бензин деле алып келдик эле го? Деле качан болсо канатташ, кандай күн болгондо да ирегелеш болчу элдер менен мамилебиз бузулса, кантип ишибиз илгери кетет? Жок, биз Каримовду же Рахмонду бүт баарынан өйдө коюп, жаныбыздан артык көрүшкө эч бир милдеттүү эмеспиз, бирок саламыбызды түзөгөнгө, керсейип кесирлүү сүйлөбөй, ар дайым жылуу мамиледе болгонго, дипломатияны жөндөгөнгө милдеттүүбүз го.

Мынакей, Дүйшөмбү менен Ташкенге жогорку деңгээлде ат бастырып барбаганыбызга, визит жасабаганыбызга көп замандын жүзү болду. Алар да бизге баш бакпайт. Бул мамлекеттердин жетекчилерине тийиштирип айткан оргу-баргы сөздөрүбүз да биздин дипломаттарды Ташкен менен Дүйшөмбүдө нан-туз менен тосконго эч бир негиз бербей турат. Жаманбы-жакшыбы, бирок ал жетекчилердин артында мамлекет, ал мамлекеттердин артында калдайган чоң журт, коомчулук турат, аны да эч качан эстен чыгарбашыбыз керек эле. Эки тараптуу мамилени иритүүгө чоң акылдын эч бир кереги жок, бирок мурунтан келаткан жакшы мамилени кайра калыбына келтирүү, өз ара соода-сатыкты жандандыруу, тышкы чек араларыбыздын коопсуз болушун камсыз кылуу биринчи иретте дипломатияны, башкача айтканд,а көп эмгекти, көп аракетти, жөнөкөй эле адамдык сапатты талап этет.

Акырында мындай бир суроо туулат: деле бизде дипломатия деген барбы, болсо кайда? Ошол дипломатияны жөндөй турган, бюджеттен миллиондогон каражат коротуп кармап отурган Тышкы иштер министрлигинен кыргыз элине, мамлекетибизге кандайдыр бир пайда барбы? Эгер ошонун пайдасы Өзбекстан менен Тажикстан болсо, ошол дипломаттарга миңдеген доллар акча коротуп, элчилердин астына машина, үстүнө үй кармап отуруштун мааниси канча? Же чет элдеги биздин элчиликтер англисче же французча эмес, кадимки эле орустун тилинде эки сөздүн башын кошо албаган билимсиз чиновниктердин (баары болбосо да, көпчүлүгү) “курорту” боюнча кала береби?

Жок, бул дипломатия эмес. Кептин данегин чагып айта турган болсок - бул антидипломатия.

Бул олуттуу ойлорго газсыз калган Ош, газ эмес, дипломатиялык мамилесин үзгөнгө араң турган Ташкен менен Дүйшөмбү, эбак бизге кол шилтеген Батыштын мамлекеттери, аттуу-баштуу Америка аргасыздан түртүп отурат…

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG