Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49
"Азаттык" радиосу бүгүнкү күндө кыргыз коомундагы жаңылыктын эң башкы жарчысы болуп калды десем, аша чаап мактагандык болбойт. Канча жылдан бери калыстыктан тайбай, болгонун болгондой айтып келет.

Айрыкча элетте, тоо арасында, кыштоодо жашаган элдин укканы "Азаттык". «Азаттыктан» минтип айтты, баланча депутат мындай дептир, Кумтөрдөн мынча алтын казылыптыр" деп өз ара талашып, саясат менен экономикадан кеп кылганын көрүп, угуп келебиз.

Азыр эл саясатчы болуп кетти. Президент Атамбаевди ашатып тилдегени да арбын, кийинки 3 жылда болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөргө туура баа бергени да, бербегени да бар. Анан баягы эле кымбатчылыкка нааразы болгондор. Мына ошол жарандардын "эмне үчүн?" деген суроосуна көп учурда "Азаттык" радиосу «Эл үнү» берүүсү аркылуу жооп узатат. Ушунуңдан жазба, "Азаттык"!

Кыргыз башынан эркиндикти сүйөт. «Азаттык» аны 60 жылдан бери айтып, даңазалап келет. Тоталитардык башкаруудагы СССР деген зор мамлекеттен коркпой, Азамат Алтай, Төлөмүш Жакыпов аталарыбыз 1953-жылдан баштап азаттыкка үндөп келди. Ал тилек 1991-жылы кабыл болуп, эңсеп келген эркиндик колго тийди. Бирок ошону баалай албай, туура жолго түшө албай кетенчиктеп атканыбызга кээде кейип кетем.

Кийинки 5-6 жылдан бери «Азаттыкта» кызыктуу берүүлөр көбөйдү. Түркүн темаларды айтып, көйгөйлүү маселелерге, саясатка, экономикага, тил менен дилге, маданиятка, достукка, тагдыр-таалайга ж.б. токтолуп келатканы менен угарманынын алкоосуна ээ болуп отурат. Айрыкча, «Миң санат», «Сыябан», «Сөз дайра», «Журтташтар», «Оштун кайып кыздары» сыяктуу темалардагы берүүлөрү бүтүн угарман журттун бүйүрүн кызытып, кызыгуусун арттырууда. Репрессияга тушуккан адамдардын тагдырлары жөнүндөгү берүүлөрдүн чети оюла элек десек болчудай.

«Азаттыкта» иштеген бардык журналисттердин кесиптик, адистик деңгээлдерине, алып баруучулук жөндөмдөрүнө, сүйлөө кептерине, маданиятына, журналистикалык этика-адебине баа кой десе, өзүм мугалим катары айтсам жалаң «5» коймок элем.

Айрыкча акын Шайлообек Дүйшеев, журналисттер: Султан Жумагулов, Төрөкул Дооров, Замира Кожобаева, Аида Касымалиева, Айзада Касымалиева, Рахат Кеңешовадай кызматкерлер менен сыймыктансак болот. Ак саргыл кызым Мария Колесникованын үнүн угууну сагынып күтөм. Өтө маанилүү берүүлөрдү уюштурган Жаңыл Жусупжандын «Оштун кайып кыздары» деген берүүлөрүн угуп кейидим, аздап кайгырдым, ошонун негизинде ыр жазган элем, бирок эркин гезиттер басышкан жок.

«Эски жараны эстебейли», - дешти көрүнөт сыягы. Ошол ырдан кичине үзүндү кошо кетейин:

Сынды тагдыр, талкаланды өмүрлөр,
Муздап калды суу сепкендей көңүлдөр.
Ачуу душман, акыл досту элебей,
Арсыздардын каны кайнап көбүргөн.
Күнөөсү жок аруу жүргөн кыздардын,
Азап тартып, кабыргасы сөгүлгөн.
Оштун кайып кыздарынын ый-муңун,
Зээним кейип, чыгаралбайм көңүлдөн.

«Азаттыкка» мындан ары да элдин көйгөйүн тереңирээк ачып бериңиздер дегим келет, анткени ар бир аймактын өзүнүн баш ооруткан көйгөйү бар.

Мисалы, мен жашаган Беловодское айылында (туурасы Ак-Суу дегенди эч кимиси айтпайт) деле проблема толтура. Айталы, «там сатылат - продается дом» деген кулактандыруу кадам сайын кездешет. Эң начары 7-8 миң доллар турат дегендей. Мындан башка эмгек биржасы деген бар, 400-500 киши сезондо кара таандай эле жамырайт. Күнүгө 400-500 сомдой акча таап дунгандардын сообуна калышат. Көчөлөрдүн дээрлик 90% орусча аталышта, кыргызчасы сейрек. «Арафат», «Виктория», «Долорес», «777», «Лимон», «Белла» деген дүкөн, күркө, кафелерди көрүп, ичиңден аябай «ыраазы» болосуң. Анан такси деген жамырайт. Күндүзү он сом болсо, саат бештен кийин он беш сом, алтыдан кийин жыйырма сом, заказ кылсаң жүз сомдон кем төлөбөйсүң, акчаң болсо болду Мекеге чейин алып кете берет.

Биздин айылдагы жашоо ушундай. Эптеп акча табуу амалы менен күн кечирип келаткан замандаштарыма бир чети рахмат дегим келип кетет, бир жагынан капа болуу сезимине тушугамын. Мына ушундай карапайым элдин турмушун "Азаттык" дагы көбүрөөк чагылдырса, оңолуу жолуна түшсөк дейм. Ачык айтып ак сүйлөсө, кемчиликти жашырбаса, элдин аң-сезими өзгөрөт эмеспи.

Эмесе «Азаттык» эч качан арыба, дайыма бар бол, сапарың узак болсун, эл үчүн иштей бер дегим келет.
Саламым
менен угарманыңар
Турдукожоев Сексенбай,
ардагер-педагог,
Кыргыз Республикасынын
Ардак Грамотасынын ээси,
Эл агартуунун отличниги,
Беловодское айылынын тургуну
XS
SM
MD
LG