Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

"Азаттыктын" "Эгемендик-25: Биз көргөн доор" аттуу долбооруна публицист Жолдош Турдубаев жиберген блогду окурмандарга сунуштайбыз.

Түбөлүк турчудай болгон Советтер Союзу урап калганда, эгемендикке жеттик деп калпакты көккө ыргыткандар да, эми кандай жашайбыз деп кайгыргандар да көп эле.

Ак үй тегерегиндеги койлор

Менимче, Кыргызстанда эл канчалык кыйналса да, жарандык согуш оту тутанбай калышына кошуна Тажикстандагы кан төгүүлөр кандайдыр бир деңгээлде сабак болду. Ырас, Адахан Мадумаров, маркумдар Табылды Эгембердиев (бизнесин күчөткөнгө чейин), Сатыбалды Жээнбековдой таанымал кишилер бийликти катуу сындап турса да, опуртал тополоңдор чыкпады. Мунун дагы бир себеби – элибиздин кыйла сабырдуулугу (балким, жооштугу), ошол кезде диний фанатизмден эркин жашагандыгы.

Анүстүнө Чыңгыз Айтматов өзү колдоп, Түгөлбай Сыдыкбеков батасын берген Президентибиз – академик, абдан акылдуу, маданияттуу, өтө илбериңки деп элдин көпчүлүгү бул кишиге чын ыкластан ишенчү. Сөзгө чечен, баскан-турганы шайдоот, бир ирет майкечен болуп алып, марофондо да чуркаган. Мисалы, мен аны ошол кездеги негизги атаандашы, легендарлуу парламенттин төрагасы Шеримкуловдон алда канча өйдө деп эсептечүмүн.

Ак үйдүн тегереги азыркыдай тосулбагандыктан, босогосуна чейин ким кааласа басып бара алчу. Атүгүл бир депутатка кезигебиз деп барганда жашыл шиберде оттоп жүргөн койлорду да көргөм. Балким ушундан улам бийликти беш-он автомат менен эле басып алууга болот деген окшойт ошол кезде Өмүрбек Бөлтүрүков аттуу киши. Чындыгында мындай камаарабастык, кенебестик 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңына өбөлгө түзгөн. (Андан мурдараак парламентте бакылдаган бирөө: «Деги бизге армиянын кереги барбы? Андан көрө бюджеттен үнөмдөп, башка муктаждыктарга жумшайлы!» - деген). Болбосо отуз-кырктай жоочунун барымтасына биздин генерал түшүп калбайт эле ошондо…

Кыйын доор жана мен

Кыйын доор жана мен

…Элге келген жокчулукту мен да баштан өткөрдүм. Аспиранттын 600 рублдик стипендиясы алты бөлкө нандан кичине эле ашып, бир жумадан кийин бош сумкамды көтөрүп айылга жөнөчүмүн. Бир ирет токоч, талканым да тезирээк түгөнүп, кыйла күнгө чейин бир кесимден бөлкө менен өзөк жалгап калганым эстен кетпейт. Оозума кара суу келип, экинчи кабаттагы бөлмөмө араңдан зорго басып чыгып баратканымды кошуналар байкап калган экен. Назира эже чоң кесим эт апкелип, казанга салып берди. Чынар эже ысык тамагын көтөрүп келди.

Ошол оор жылдарда кыргызды бир сындырым нанын тең бөлүшкөн пейили сактап калган.

Жайма базар-шаар

Мамлекеттин гана көзүн карап көнгөн эл бийликти сөгүп отура бергенден майнап чыкпастыгын туюнуп, базардын тобокелине бел байлады. Бишкектин аялдамалары, булуң-бурчтары бүт эле жайма базарга айланды. «Бир жолку» («одноразовый») буюм-тайым: кийип-кийе электе эле дал-далынан айрылган көйнөк, сатып кийип үйгө жете электе таманы ажырап, «булгарысы» жыртылган өтүк…

Алма саткан кыз: «Килолобой, чакасы менен алсаңыз, арзан түшөт», - деп, баштыгыма төгөр замат чакасын артына жашырганча шашты. Байкап калганымды туюп, байкуш кыз жер тиктей кызарды… Мындай көз боёмочулук жөнүндө кошуналардан мурда уккан элем – соодагерлер чаканын жарымына чейин картон салып, ооз жагына алма тизип алып: «Толтура!», - деп алдап сатышчу экен. Таразасын атайылап ашыкча салмак көрсөткүдөй кылып бузуп алгандар көп болчу. Түшкө чейин тапкан акчасын аракка алмашып, кечке чейин «жыргагандар»… Ар жерде темтеңдеген мастар, түнкү көчөлөрдү жаңырткан ырлар, сөгүнгөн, мушташкан ызы-чуу…

Азыркы "Дордойду" анда «Толчок» дечүбүз. Автобус, троллейбуска шыкалган эл Булгаары заводунан түшүп, андан ары базарга жөө кетчү, кумурскадай чубап. Чаар сумке асынып, кыйкаңдап араң бараткан келинди көргөнүм азыр да көз алдымда. «Amerikan champion» деген жазуусу бар арзан спорт күрмөсү улам терге чылана берип, этегине сарыга кургаган катмар-катмар тактар… Жүздөгөн, миңдеген элди кийинткен соодагерлер («челнокчулар») ал кезде товарын тиягы Орусия менен Түркиядан, биягы Кытай менен Индиядан ушундай чаар сумкага салып көтөрүп ташыды го ошол жылдары.

Өткөөл доордогу ток пейил эл

Бир кыштан жыртык батиңкечен чыкканмын. Студенттик конспектилерим, күндөлүктөрүм ж.б… Ошончонун ичинен ыр жазган дептеримдин сырты кыйла бышык экен, бурчунан кыркып алып, батиңкенин тешик жагына кыстарып салдым да, эки-үч жерин көктөп койдум эле, кар кирбей калды. Ата-энеме жүгүм түшпөсүн деп мектепке жумушка кирип, орус класстарга кыргыз тилинен сабак бере баштагам. Соодага такыр эбим, шыгым жок болсо, анан кантмек элем?

Эгемендиктин желаргысы сого баштаганда мугалим болуп иштей баштагам. 1990-жыл

Эгемендиктин желаргысы сого баштаганда мугалим болуп иштей баштагам. 1990-жыл

Окуучулардын арасында укмуштай кымбат кийингендери бар эле. Бирок менин костюмумдун эскирип кеткендигине дээрлик эч кимиси көңүл бурбай, көпчүлүгү сабакка кызыкчу. Баягы батиңкемди көрсөтпөш үчүн эртерээк барып, столумдун астына бекитип коюп, жайкы туфлимди кийип алам. Кайра класстан баары тарап кеткенде гана жыртык да болсо жылуураак батиңкемди кийип, Илимдер академиясынын жатаканасына кайтам. Бир жолу БУД (ЦУМ) аялдамасында автобус күтүп турсам, чет өлкөлүк бирөө фотоаппаратын менин жыртык батиңкеме «мээлеп» калыптыр. Байкаар замат ага каршы утурлай бассам, жалтайлап качып кеткен.

Инфляция дүрбөлөңү жана кыргыз сому

Союз ураган жылдардагы үрөй учурган окуя – СССР рублинин гиперинфляцияга кабылышы болду. Капчык эмес, чөнтөккө батпай, баштыкка салып ташыган айлык акы жалаң нанга да жетпей, акчанын куну түшүп, кадимки кагаздан айырмаланбай баратты. Борбордук Азияда озунуп улуттук валютага өтөлүбү же коё туралыбы деп легендарлуу парламентте катуу талаш жүргөнүн радиодон уккам. Депутаттардын бири төрага М.Шеримкуловдун позициясын тактап сураганда, ал киши минтип ачакей жооп берген: «Сомго бүгүн өтсөк эртелик кылат, эртең кеч болуп калат».

(Анын дагы бир ачакей жообу эсимде калыптыр. Ошол кезде Кубан Мамбеталиев төбөсү көрүнгөндөрдүн далайын Шукшиндин каарманындай «мыш кыла» берип, «супер публицист» атыккан эле. Анын орой жосундарын тыйыш керек деп Төлөгөе Касымбеков Жогорку Кеңеш төрагасына даттанганда, мындай кызык жообун уккан: «Мен Мамбеталиевди чечкиндүү түрдө айыптайм, бирок ал өтө жакшы жазат» - «Я решительно осуждаю Мамбеталиева, хотя он пишет очень хорошо»). Легендарлуу парламентте эл үчүн күйгөн мекенчил, абдан билимдүү өкүлдөр менен катар ойду-тоону сүйлөгөндөр да көп болгон, ошолордун дөөдүрөгүн Салижан Жигитов пародиялык стенограмма кылып жазган.

Жумшак кагаздан жасалган сомубуз тез эле жыртылып калчу. Ошентсе да эгемен республиканын өз акчасы менен жашаганы туура экендигин мезгил далилдеди. Ырас, инфляция деген желмогуз биздин сомду да аяп койбой, 1998-жылы 60 пайызга чаап чыккан. Расмий маалыматтарда бул көрсөткүч 30 эле пайыз деп айтылып турду. Айырмачылыктын жөнүн журналисттер сураганда, Акаев Шеримкуловдон да ашыра мындай деп жооп берген: «Статком 30 пайыз деп инфляциянын гана өлчөмүн көрсөткөн, ал эми баанын 30 пайыз өскөнүн кошуп эсептегенде, албетте, 60 болот». «Даремети түгөндү» деп легендарлуу парламентти таратып ийген соң Акаев өзүнүн да саясий бедели түшүп баратканын туюп, үчүнчү мөөнөткө шайланбай эле койгондо, Аксыда кан төгүлбөй, андан кийинки аңтар-теңтерлер да болбой калат беле?..

Сабак алсак

Өткөөл доор делген бул мезгил али деле аягына чыга элек. Анүстүнө башында айтылган максаттан адашып, такыр башка жакка азгырылып кетүү коркунучу да бар. Башкасын айтпаганда да, коомдо саясий, укуктук маданият, аң-сезим дагы эле өнүгө элек, бул жагдай мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчиликсиз болушуна өбөлгө түзүүдө. Чейрек кылымдык жолубузга кылчайсак, ойлонтуп, сабак болгудай көп окуяларды, өзгөрүүлөрдү эстейбиз. Мисалы, эки президентти кубалаган революциянын максаты кандай эле, ага жетишилдиби?..

Ысык-Ата районундагы Сынташ колхозуна Тажикстандан көчүп келген жердештерим. 1993-жыл

Ысык-Ата районундагы Сынташ колхозуна Тажикстандан көчүп келген жердештерим. 1993-жыл

«Адамдар үч түрдүү болот. Биринчи топтогулар башкалардын адашуусунан, каталарынан сабак алып, бөөдө убарасын азайтат. Экинчилери өздөрү мүдүрүлгөндөн кийин ошол жыгылган жеринен абайлап басып калат. Үчүнчү топтогулар өз катасынан да сабак албай, улам жыгылып-туруп, сүйрөлүп жүрө берет», - деген кеп бар. Биз жок дегенде экинчи топтогулардан кем болбой жашайлы.

Жаңыруу

Тездиктен (жарыктан да озуп кеткен) –

Шашпаган – жай – акырын – сенектикке...

– бир чоочуп, булкуп алып өлүк чектен,

Кайрадан өмүр өртү өөрчүйт өжөр!

Кеңдиктер, учу-кыйырсыз мейкиндиктер

Четинен кемигендей, дүйнө тарып,

Замана куурулганда, жашоо карып...

– бир серпип жаз кучагы жашыл жанат!

Кылымдын рух мунары сынып, урап,

Улуулук кичирейип, майдаланып,

Түбүнө жетер кезде, улам кулап...

– жаңы үйдүн тургузулат пайдубалы!!!

(Мукабасы кыркылган дептердеги ыр, 1993-жыл)

Жолдош Турдубаев, публицист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG