Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыккан бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.

Төмөндө Гүлжан Таштакееванын блогун сунуштайбыз.

Совет мезгилинде ар бир үй-бүлөдө жети-сегизден жогору бала болор эле. Биз да тогуз бир тууганбыз. Атам өмүр бою суу тармагында иштеди. Апам үйдө балдар менен. Атам-апам билимдүү болушуңар керек деп, болгон дараметин бизге жумшашты. Ашык дүнүйө жок, үйүбүз жылуу, тамак-аш кенен.

Аңгыча СССРде алгачкы окуялар болуп өттү. Л.И. Брежневдин дүйнөдөн кайтышы. Угуп алып, аябай кайгырдым. Биз анда 10-класста окучубуз. Эми эмне болот, кантип жашайбыз. Кооптонуу. Брежневдин өлүмү менен жашоо токтоп кала тургандай кайгырганбыз. Ал эми 1985-жылы М.С. Горбачевдин бийликке келиши менен «кайра куруу», «демократия», «жаңылануу» реформалары башталды. Катачылыктары көп болсо дагы, бул бизге, студенттерге, абдан жаккан.

Кыргыз мамлекеттик университетинин студентимин. Университет ал мезгилде күчтүү, мугалимдери билимдүү эле. Демократиянын агымы менен өз укуктарыбызды коргоону үйрөндүк. Өлкөдө болуп жаткан окуяларга түздөн-түз катыштык. Бийлик алмашууда студенттердин ролу абдан чоң болгон. Ош окуясы түндүк, түштүк кыргыздарын ынтымактуу болууга чакырып турган. Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев Эгемендүүлүктүн алгачкы карлыгачтары.

Эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде магазиндер бош калган, апам айткандай: “Жылан соруп кеткендей”. Азык-түлүк, кийим-кече - эч нерсе жок. Үйдөн үч студентпиз. Мен КМУда, иним Дене тарбия, сиңдим Кыз-келиндер (И. Арабаев атындагы мамлекеттик университет). Үйдөн атам менен апам тынбай тамак-аш жөнөтүшөт. Колго камыр кесип, кургатып кап-кап кылып салышат. Университеттен азык-түлүккө талон берилет. Күнүнө талон менен нан, кант, самын, эки-үч бөтөлкө арак алып, кайрадан эркек балдарга сатабыз. Ал кездеги арактар жасалма болгондуктан иче беришет, иче беришет, бирок оңой менен мас болушпайт. “Ичибизге суу толуп кетти”, - дешчү. Жакында ушул окуяны айтып калсам, таанышым айтат: “Айылдан бирөө “Карагат” деген шарапка ууланып кайтыш болуп кеткенде, биз кайра көңүл айтып “Карагат” алып барганбыз”.

СССРдин убагында баары магазиндерде сатылчу, базарда соода кылуу уят болчу. Кийим, азык-түлүк – дефицит. Кытайдан сапаты начар кийимдерди кармаласаң, чатырап-чутурап от чыгат. Студент иним экөөбүз бир свитер сатып алып, кезектешип киебиз. Бирок студенттер активдүү, билимдүү эле. Университетти бүтөргө жакын 5-курста мугалимибиз баарыбыздан 5 сомдон чогултуп алды. Ошондо жакшы окугандар үч-төрт алып, начарлар беш алып кетишкен. Көрсө беш алгандар көп болуп кетиптир. Ошентип бүтүрүүчү убакыт келип жетти. Эки бүтүрүүчү мен жана иним. Атам бир бээсин сатып, “кийимиңер жок, кийим алгыла”,- деп акча берип жибериптир. 1993-жылы май айында акча алмашты, 200 рубль бир сом болуп калды. Баягы акча алмаштырганда, аз эле болуп калды. Базарга барсак иним экөөбүзгө кийим келе турган эмес. “Сен кыз эмессиңби, сен ал”- деди иним. Мага кофта, юбка, туфли сатып алдык. Ошол туфли бир жумадан кийин тешилип түшүп калды.

Окууну бүтүп, турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз айылга барып иштеп калдык. Кайнагам, кайнежем – баарыбыз мугалим. Мурунку жылы айлык узакка берилбейт, үч кишинин акысына “Жалалабат” деген шампунду коробкалап беришиптир. Жакшы шампунь экен, көпкө колдондук. Айылдагылар буудай эгет, кайыненем буудай жууп, кургатып, бирден тазалайт. Ошончо мээнет менен жасалган наныбыз капкара, ылайдай, тишиңе жабышат. Аңгыча наристелүү болчу күн жакындап калды. Кеч күз. Тункүсун свет көп өчөт, түнкү төрөттү чырак менен төрөтүшөт. Мен ичимен кудайдан күндүз төрөсөм экен деп тилейм. Ошентип, түш ооп наристелүү болдук. Жаш баланын киймдери, ороо-чулгоо баары кытайдыкы, синтетика, чытырап турат.

Менден улуу эжелерим балдарынын кичинекей кезиндеги кийимдерин катып коюшкан экен, бир кап кылып алып келди. Ошол кийимдер менен экинчи кызым да чоңоюп чыга келди.

Айлык болсо өтө аз. Албайбыз деле. Илгери үмүт менен иштеп жаттык. Убакыт болсо зымырап өтүп жатты. Бара-бара жалпы элдин жашоосу оңоло баштады. Соода кылганды да үйрөндүк. Башка өлкөлөр менен байланыштык… Бул биздин эгемендүүлүгүбүздүн жемиши эле.

Кыргыз эли башынан канчалаган кубанычтуу жана оор күндөрдү өткөрдү. Кыргыз эли эч нерседен жалтанбаган, өлсө да бирөөгө тизе бүкпөгөн, эркиндик үчүн өлүмдөн кайра тартпасын жыйырма беш жылда далилдеди. «СССРде жашоо жакшы болчу, эски кайран СССР» дешет. Мен СССРде кайрадан жашагым келбейт, окшош кийимдер, азык-түлүк, кийим-кечек - баары дефицит. Кыргызстан СССРдин учурунда социалдык-материалдык проблемаларды чечүү боюнча он беш республиканын ичинде он үчүнчү орунда тургандыгы эле көп нерсени айтып турат.

- Мага эгемендүүлүк жагат. Эгемендүүлүк мага өз мекенимдин тарыхынан окуп-үйрөнүүгө мүмкүндүк берди;

- Эгемендүүлүк мага жалпы адамзат коому менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди;

- Эгемендүүлүк мага өз оюмду эркин айтууга, туура маалымат алууга шарт түздү;

- Эгемендүүлүк – өлүмдөн да жалтанбаган жалпы кыргыз элине мүрөктүн суусундай керек болчу.

Бирок 25 жыл ичинде биздин аткаминерлер Кыргызстанды артка тартып келе жатышат. Тарыхта жок болуп кетүү коркунучуна кабылган, көз каранды, начар өлкөлөрдү белгилүү инсандардын сактап калууда ролу чоң. Мисалы, М. Кемаль, М. Ганди, О. Бисмарк ж.б. Демек, мамлекеттин өнүгүшү ж.б. карызга батып көз каранды болуп калышы же таптакыр жок болуп кетиши жеке лидерлерге байланыштуу болгон учурлар көп. Өкүнүчтүүсү, жыйырма беш жылда бизде «Камчыга сап болор эркектин жоктугу» (кризистен чыгарып, карыздан кутулткан). Өкүнүчтүүсү, Кыргызстанды «акылы кыска» эркектердин башкарып жатышы…

Гүлжан Таштакеева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG