Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Өткөндө башка көчмөн элдерден чыккан бир илимпоз интернетке “Эмнеге Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү идеясы бизге биринчи келген жок?” деп ачык жазып чыкты. Демек, колубузга биз күткөндөн да чоң куш конгон экен! Бул кушка суктангандар минтип азыртадан эле чыга баштады. Демек учуру келгенде талашкан, буга бут тоскон, бул брендди “паралап” да болсо сатып алгысы келгендер сөзсүз чыгат. Айласы кетсе, бул оюндарга альтернатива ойлоп таап, биздин Көчмөндөр оюндарын четке сүргүсү келгендер да болушу мүмкүн. Ошол себептен "өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло". “Экини өткөрүп койдум” деп жамбаштап жатып калбай, дароо Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктар башталышы керек. Себеби эки жыл гана калды.

Мен өзүм бул темага жат киши эмесмин. Биринчиден, кыргызмын. Экинчиден, өзүм көп жылдар бою Кыргыз-түрк "Манас" университетинде окуп, иштеп, магистрдик жана кандидаттык илимий иштеримди салттуу кыргыз көчмөн турмушу боюнча жактагам. Кыргыздын көчмөн турмушу боюнча кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жазылып, чет элдеги алдыңкы журналдарга басылып чыккан 15ке жакын илимий макалам бар.

Бир учурда “калпак меники, тумак сеники”, “кара жорго меники, сары жорго сеники” деп коңшу казак, кытай элдери менен тең талаша “патенттешүү” азыр маани-маңызын жоготту. Себеби кыргыздар аларды аттап өтүп, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деген брендди илип кетти. Эч кимден сурабай эле өзүнө патенттеп алды. Бул бош жаткан талаа экенин жана аны кыргыздардын озунуп ээлеп кеткенин көптөгөн көчмөн тектүүлөр кеч баамдап калышты. Ал тургай жогоруда айткандай, “эмнеге бул идея бизге биринчи келген жок” деп санын мыкчып отуруп калышты. Себеби бул Көчмөндөр оюндары ушул тейде кетсе, дүйнөлүк олимпиадага тең тайлашары бышык да! Аны жакшы түшүнүп турушат.

Айрымдар "башка кайсы көчмөндөр бар?" деп сурашы мүмкүн. Дүйнөдө көчмөндөр көп. Мисалы, арабдардын теги көчмөн бедуиндер; Африкада ар бир үчүнчү-төртүнчү элдин түбү көчмөн. Европанын түндүгүндөгү Шотландия, Финляндиядан баштап, Түндүк Сибирдеги якут, долгандарга чейинки кеңири аймакта рейндер же бугу баккан (оленовод) көчмөн тектүүлөр, Американын өзүндө индеецтер, Австралияда аборигендер, Индонезияда Бажау сыяктуу суу көчмөндөрү болуп, дүйнө эли көчмөндөргө өтө бай.

Ошол себептен мен бир чети өлкөмдүн чыныгы патриот жараны, бир чети көчмөндөр боюнча иштеген киши катары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктын пландуу түрдө азыртадан башталышын жооптуулардан өтүнөм жана кантип даярдануу боюнча айрым сунуштарымды бергим келет.

Кыргызстандын ар кайсы өлкөдөгү элчиликтери өзүнө караштуу мамлекеттерди изилдөө аркылуу көчмөн тектүү же мурун көчмөн болгон элдердин дүйнөлүк тизмесин такташы керек. Ошол эле элчиликтер аркылуу алардын ар бири менен азыртадан ишти баштоо туура болот. Тактап айтканда ошол элдердин көчмөн турмушунан калган 4-5 улуттук оюнун тандап алып, оюн тартиби боюнча видеолорун Кыргызстанга жөнөтүп, алардын расмий кайрылууларын кошо алыш керек. Ошондо келечектеги оюн тизмеси жана форматы да болушунча кеңейет. Себеби көп элдин оюну кошулса, формат өзү эле кеңейет жана өз оюну ойнолуп атса, ал өлкөдөн сөз жок атайын топ келет.

Өткөндө Бразилияда Олимпиада он күндөн ашык ойнолду. Биздин Көчмөндөр оюнубуз кийинкисинде он күнгө жеткирилсе туура болот.

Эч нерсени өзү келет деп күтпөш керек. Күтсөк, жолдон бири эңип кетет, же дайым шашпаган кыргыз артта калат. Башкача айтканда, көчмөн болгон башка элдерди Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууга арыз бергенге чейин эки жыл акыйып күтпөй, убакыттан утушубуз керек.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнубузду бутуна тургузуп, олимпиадага жаңы бир альтернатива табышыбыз керек болсо, анда биз биринчи болуп кыймылдашыбыз зарыл. Алардын арызын азыртадан алып, кийинки Көчмөндөр оюнуна даярдана берүүгө чакыруу керек.

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейин эки жыл аралыгында ал элдин улуттук оюндарын бул жактагы кыргыз спортчулары үйрөнүп, айрыкча алар менен турнирлерди (аларды бул жакка чакырып, же биздин спортчулар алардын мамлекетине барып) уюштуруу аркылуу атайын балдарды жана кыздарды даярдаса болот. Кыргыздын он чакты кыз-уланы ал оюндарды үйрөнүп койсо эч нерсе болбойт. Тескерисинче, бул биздин Көчмөндөр оюнун биротоло дүйнөлүк бренд кылып алууга чоң өбөлгө түзөт.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деген сөздүн өзү дүйнөгө чоң жаңылык. Себеби мындайды дүйнө эле мурун уккан эмес да. Ошол себептен кийинки Көчмөндөр оюнун башка ар башка чөлкөмдөн келген көчмөн элдердин фестивалдарына жык толтуруу керек. Балким Көчмөндөр оюну бүткөндө эртеси эле дароо көчмөн фестивалдарын баштасак болот. Бул ошол келген конокторду биздин өлкөдө көбүрөөк калууга жана башкалардын көнүлүн бурууга шарт түзөт.

Өткөндө курутту гана чоң фестивал кылып өткөрдүк. Ал эми көчмөн турмушта эмне тамак-аш жеп, кандай кийим кийгени, кандай үйдө жашап, кандай музыкалык аспаптарда ойногону, деги эле баары жаңылык да.

Азыр дүйнөнүн жарымы турист. Жарнаманы күчөтсөк эле келе берет. Мисалы, Чыгыш Сибирдеги якут, тува, монгол, долган сыяктуу ондогон түрк тектүү көчмөндөр арасындагы шамандардын бийлери эле кандай керемет. Ал эми Африкадагы жана Индонезия тараптагы шамандарчы! “Шаман бийлери фестивалы” деген өтсө, дүйнө бүт келсе керек...

Ошол ар өлкөдөн келген рейндер көчмөндөрү, түркмөн көчмөндөрү, Казак, Индия көчмөндөрүнө жер бөлүп берип, ошол жерлерге өздөрүнүн айылдарын курушса, ошол жерде кийим-кече, тамак-аштарын конокторго сунушташса, укмуш эле болмок. Жер кыдырган туристтер Кыргызстанга агылары бышык.

Жыйынтыктап айтканда, дүйнөдө алты миллиард адам болсо, алардын 60% ашыгы бир учурда көчмөн болгон. Бүгүн ошол көчмөн турмуштан калган кээ бир оюндарын сактап да калган. Дүйнө эли экиге гана бөлүнөт: отурукташкандар жана көчмөндөр. Отурукташкан, шаар маданиятын түптөп алган элдер ФИФА, Олимпиада деп өз оюндарын дүйнөгө таанытты. Эми кезек көчмөндөргө жетти. Аны уюштуруу укугу болсо кыргыздарда эмеспи.

И.о доцент. Бактыбек Исаков

Кыргыз-түрк "Манас" университети

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG