Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Осмонакун Ибраимовдун 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы тууралуу жазгандарына укук коргоочу Сартбай Жайчыбековдун жообу.

Осмонакун мырзанын: “Аксы ааламатынын айланасында саясий чайкоочулук токтой элек” деп тике айып коюу менен кимди күнөөлөп жатканына таң каласың. Ким саясий чайкоочулук жасоодо? Саясий чайкоочулук деп бүтүн кыргыз элине жалган жарыя жасоо менен чайкоочулук ролуна өзүңүз өтүп жатпайсызбы.

“Ушул жана башка себептер оппозиция менен жергиликтүү бийликтин айткандарына ынанган аксылыктар менен бийликтин катуу тирешүүсүн жаратып, анын натыйжасында кан төгүүгө алып келди”, - дегениңиз жалган да.

Ал тирешүү Үзөңгү-Куушту силер сатып жибергенден чыкпады беле, аны элге жайып, кыргыз жеринин бүтүндүгүн сактоо, коргоо керек деп чыккан Бекназаровду камап койгондон жаралбады беле.

Теледен түшпөй, диктордон айрымаңыз жок болуп, Абдил Сегизбаев, Нышанбек Кочкоров үчөөңөр булбул болуп кеткениңер элдин эсинен кете элек.

Тымызын Бакиевдин ишмердигине баа берген экенсиз. Бакиев кандай иштегенин биз айта албайбыз, бирок, Аксыдагы 17-18-марттагы “Буран”, “Тайфун” операцияларына кол койгонуна күбө жана шериктеш болгонуңузду “түндө 11де чогулушка чакырганда келдим” деп моюнга алыпсыз. Биз ал өкмөттүн токтомун 2010-жылы гана таптык. Ошону убагында айтып койгондо Бакиев президенттик креслонун ордуна жоопко тартуу токтомун алмак. Апрель окуясындагы кан төгүү болмок эмес.

Аксы окуясы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жүргөн. Ким буйрук берди деген суроого жеткенде учукту тапкан эмеспиз. Бул суроонун өзүн чечмелөөгө келгенде Бекназаров кетти кызматтан. Анан Бакиевди Баткенге учуп жаткан жеринен Аксыга алып барып, күүлдөгөн элдин алдында убадасын алып, кайра жөнөттүк. Тергөө уланды. Ким буйрук берди деген суроого жооп дагы деле болгон жок. Бул суроонун айынан Камбаралы Конгантиев кетти баш прокурорлуктан. Тергөө кайра уланды. Жооп болгон жок. Баш прокурор Табалдиев кетти кызматтан, бул суроонун айынан. Бул суроо баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге да жүк болду. Убада берди, аткарбады.

2010-жыл келди. Элмурза камалды, Бакиев качты, Аксыдагы кан төгүүгө Бакиевдин да тиешеси бар экени такталды. Бишкек шаардык аскер соту апрель кылмышына кошуп, өмүр бою жазага чектеди. Бул боюнча суроолор болсо териштирип көргүлө.

Аксы окуясы боюнча күнөөлүү болушкан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Т. Мамбеталиев сот жообуна тартылган, мурдагы Башкы прокурор Чубак Абышкаев 2015-жылы 3-сентябрда сот жообуна тартылды, УКМКнын мурдагы башчысы Болот Жанузаковдун үстүнөн азыр дагы соттук териштирүү жүрүп жатат.

“...Кеп чордону барып-келип эле Бекназаровду бошотуу керекпи же жокпу суроосуна такалып турган... Эртеси күнү Азимбек Бекназаровду убактылуу абактан бошотуп, ага карата өкүмдү узакка катып койдук”,- деп Бекназаровдун үстүнөн атайын козгогон ишиңердин өкүмүн да Ак үйдөн даярдап, кырсык болгондон кийин эмне кылышты билбей айлаңар кеткенин моюнга алыпсыз. Бул жакшы болду, демек бул боюнча Акаевди жана Сизди жоопко тарта турган мезгил келиптир. Бул аракетиңиздер кылмыштуу аракет.

Сиздин бул макала Аксы окуясынын 14 жылдыгынын алдында, Бекназаровдун 2016-жылдын 24-мартында Ошто элдик курултай уюштуруп жатканда жарыяланып жатышы бекеринен эмес экенин туюп турабыз. Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик болуп алып, эми дагы бир даража же кызмат керек болгондо азыркы бийликтеги эски жаакташ иниңиз “сен мага, мен сага” деп талап коюп, эски адат менен “бир сайрап” коюңуз дегени таасын байкалып турат. Кыргызда: “Мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраптыр”- деген макал бар. Байкабай сүйлөп кулактан ажырап калыш деле мүмкүн.

Аксы окуясы боюнча жактоочу Сартбай Жайчыбеков.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG