Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25
Бөлмөдө абдан тыкан жыйналган кош кабаттуу төрт керебет турат. Ортодо чакан стол жана үч отургуч, дубалдын оң тарабында кийим салган шкаф орун алган. Терезе ачык болгондуктан парданы жел толкун сымал үйлөп жатты. Бөлмөдө эки курбу керебетке жатып алып сүйлөшүп жатышат:

- Мира, бул ай да аяктап баратат. Үч күндөн кийин стипендия тиет. Анан сонун лагман жасап жебесек ээ...

- Иий, жөн турчу, ансыз деле ачка болуп жатканда кайдагы лагманды айтасың? Жүрү, андан көрө көнгөн чайды ичип алып экзамендерге даярданалы.

- Оуув, куру эле чай дечи.

- Анан эмне, чоң энеңдин сүрсүтүп койгон чучугу бар беле? – мыйыгынан жылмайды курбусу. - Жүрү эми, келе жаткан экзаменди ийгиликтүү тапшырып алсак, Кореяга үч айлык стажировкага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.

- Ошондо чоң энемдин сүрсүгөн чучугун, анан да үч айлык пенсиясын ала кетебиз ээ, – курбулар кыткылыктап күлүштү.

- Мира, мен Асел эженин дүкөнүнөн стипендияга чейин деп, карызга “оромо” жаздырып алып келейинчи, сен чай кайнатып тур. Анан ушундай күч-кубат менен экзаменге даярданабыз дейсиң, - деп эки колунун муштумун түйүп, курбусуна көрсөттү.

Тамактан кийин

- Мира, кел бир ыр созуп алалы, анан сабакка киришебиз.

- Давай!

Агылган күнгө булактай,
Жарылган түнгө чырактай.

Ырыстан бүткөн ырым бар,
Ырдайын бүгүн сурантпай
.

Баталы кызыкка, бар мына музыка.

Ачылам бул кечте,
Чачылам бул кечте.

Суурулуп жүрөктөн,
Сунулат ыр десте ...


Жанара Акматбекова, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG