Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Жердештер, барсыңарбы?!


Кабарыңыз барбы, акыркы кезде саясатчылар жердешчиликке бөлүнгөн чакырыктарды тартынбай эле бийик трибунадан үстөкө-босток айта башташты.

Асылбек Жээнбеков парламентке төрага болуп шайланганда, анын жердеши депутат Курманбек Осмонов парламент трибунасынан “Кара-Кулжа жеңди!” деп куттук айтты.

АКШда билим алып, прогрессивдүү, жаңы көз карашта ойлонот деп мактап жүргөн депутат Равшан Жээнбеков да өкмөт башчылыка өткөн Бабановду “жердешимди куттуктайм” деп жар алды. Муну кайра-кайра сыналгыдан көргөн карапайым киши кандай ойдо калды экен? Кап десең...

Саясатчыларга таң калуу, аларды жемелөө азыр кыргыз коомунда модадан калып баратат. Эми ошол саясатчыларды ээрчигендер да көбөйгөндөн көбөйүп, ооруну ырбаткандан ырбатып атат окшойбуз.

"Ай, иним, сен да Алайдан болот турбайсыңбы", - деп жадырап-жайнап бир аке жумушка издеп келиптир.

"Тынччылыкпы?"

“Сенин алайлык экениңи угуп сүйүндүм, ушундайда бирикпесек болбойт, Акматыбызды коргоп калалы”, - дейт.

Көрсө, дал ошол убакта парламент төрагасы Акматбек Келдибековго бир нече дооматтар айтылып, депутаттар аны кызматтан кетире албай убара тартып жатышкан экен.

"Жердешибиздин креслосуна тийбегиле деп кантип чыгабыз?", - деп сурадым.

"Кызык жигит экенсиң, жок дегенде маалыматтык жактан колдоп турсаң боло", - деп мага нааразы боло, бир чети таң кала карайт. Ал аңгыча койнундагы баракты чыгарып, Бишкекте иштеген алайлыктардын узак тизмесин мактана баштады. “Бул Би-Би-Сиде, бул ОБСЕде, бул мобу кызматта...”. Барагына үңүлсөм тизме узак. Кап десең...

Чет өлкөдө кыргыз диаспоралары ачылгандай эле, борборубуз Бишкекте жердештер үчүн түптөлгөн коомдор, уюмдар абдан көп экен. Кафеде чогулуп ырдап-чоордоп, ал жерге курсак байлаган депутаты келип, айылын макташып, аягында "биздин айылдан чоңдор көбүрөөк чыксын, керек болсо президент биздин айылдан болсун" деп ураалап, бата берип тарашат. "Ушул айылдагы мектепке стипендия уюштуруп берели, баланча деген киши ооруп, операциясына акча таппай жүрөт, каржылык көмөк көрсөтүп койолу" дегенди көрдүңөр беле? Алардын тизмесин ким түзөт? Кап десең...

Жердештер коомдорунун президенттери да абдан сылык-сыпаа, эптүү болушат экен. Оңой эле өзүнө тартып, ынандырып койот. Кыргыз өзү бөлүнүп, атаандашып жашаганды жакшы көрөт окшойбуз. Түндүк-түштүк, ичкилик, аркалык, оң канат-сол канат, уруу-уруу, кокту-колот, көчө, дагы эмне калды?

Алсыз саясатчылар жердешчиликти курал катары колдонсо, биз аларды баарыбыз ээрчип алалыбы?

Жакында эле жолдо баратсам гезит саткан бир эже таанып калып, “сени абдан жакшы көрөбүз, каерден болосуң?”, - дейт.

"Оштон", - дедим.
"Ка-ап, аттиң, ошол эле кемчилигиң бар экен да",-деп өкүнсө болобу!

Мына, бийик трибунадагы жана көчөдөгү сөздөр.

Кыргыз менен таанышып көр, “каерден болосуң” деген суроону бербегендер барбы? Аз. Кап десең...
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG