Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Көчө


Ушул жайда Ат-Башыга барып калдым. Мындан 10 жылдай мурда апам менен бир агабыздын тоюнда болгон элек. Андан бери апамдын да көзү өтүп кетти. Бир чети туулган жерди сагынып, бир чети айылыма биринчи жолу апамсыз баратканыма ичим ачышып жатты.

Адаттагыдай эле чукул барып, чукул кайтмай. Кино көрсөтөбүз деп айыл башчысы Жакыпбек Субакожоевге телефон чалгам, Айбек деген активист бала телефондон эле “жардам берели, эже” деген эле, сүрөттөрдү чыгарып, ар жерге илишиптир. Айтор тынч жаткан айыл дүрбөп эле калгандай болду.

Канчалык алыста жүрсөм да Ат-Башы мага төркүн тура. Туулган жердин топурагы алтын деген сөз деген ушул турбайбы деп, ичимен эреркеп калдым.

Анын үстүнө мени өзгөчө толкундаткан дагы бир жагдай бар эле.

2006-жылы атамдын көзү өтүп кеткенден кийин анын ысымын бир көчөгө беришиптир. Атам айылда жарым кылымдан ашык мугалим болгон. Мен бала кезимде Бишкектеги мектепке практикага келген бир студент «Жусупжан агай бизге сабак берген, ал Ат-Башынын жарымын окуткан» деп айтканы эсимде.

Ата-энем мен кичинемде эле ажырашып, апам чиедей балдарын жетелеп, шаарга баса берген экен. Ошентсе да, «ушул кызым атасын сагынып, куса болуп жүрөт» деп жайкы каникулда бизди Ат-Башыга алып барып, атабызга учураштырар эле.

Бир ирет атабыз иштеген мектептин 60 жылдыгына барып, класста чогулган окуучу, мугалимдердин алдында концерт койгонубуз эсимде. Агам комузда ойноп, мен жоолук салынып алып, орусча «Маря любит одеватся, Варя любит крепко спать, Акулина дорогая, любит дома убирать» деп бийлеп, ырдап бергем.

Кийин атабыздын көзү өткөндөн кийин бир жеңебиз «Ушул кызым менин атымды өчүрбөй алып жүрөт» деп радиодон укканда ыраазы болуп жүргөнүн айткан эле.

Мына эми анын эмгегин баалап, ысымын көчөгө бериптир деп мен алыста жүрүп эле семирип калгам.

Эжем бир ирет «Аталаш туугандардыкына бардык, кой союп, атабыздын атын алып жүргөн көчөдө жашагандарга жеңебиз экөөбүз тамак бердик» деп кобурап аткан.

Ошентип, атабыздын аты коюлган көчөсү бар айылыма жете келдик. Анан эле өтө ыңгайсыз абалга туш болдум.

Нарындан түз эле Ат-Башыдагы Сейитказы Андабеков атындагы маданият үйүнүн алдына токтодук. Машинадан түшө электе эле алдыбыздан эки-үч аял чыгып, «Биз атаңардын аты коюлган көчөдөнбүз» деп калышты.

Түрлөрү башкача көрүнсө да, мен сыйдалап, «Ооба, биз ушул Ат-Башыдан башталган кинону көрсөтөбүз, келгениңер жакшы болгон турбайбы» дедим.

«Каратегинден кат» деген даректүү тасмада "чү" дегенде эле апамдын тоодо, боз үйдө төрөлгөнү айтылып келип, кийин Ат-Башыда жашап калганы баяндалат эмеспи.

Аялдар мени үрпөйө карашып «Биз силерди качан келет деп күтүп эле жүрөбүз!» дешти. Мен «Кокуй, киндик каным тамган менен Ат-Башыда көп деле тууган жок. Келсек сыйыбыз менен келип, сыйыбыз менен кетебиз, эмне балекет болуп кетти?!» деп ойлоно баштадым.

«Деги жайчылыкпы?» десем, аялдар «Биздин көчөдө үйлөрдүн номери жок, электр жарыгы бирде бар, бирде жок, подстанция жакшы иштебейт» деп бир тийишти. Башында буларды мага эмнеге айтып жатканын түшүнгөн жокмун.

Кийин ойлосом, эл атасынын атын койдуруп, ошол көчөнүн кем-карчысын жабуу милдетин өздөрүнө алат окшойт. Мен турмуштан артта калган жаным, балким ушундай нерселерге акылым жетпейттир.

Айтор, чогуу келген чет элдик коноктордун алдында жер карап калдым. Анан аялдарга «Мен эми бизнесмен болсом бир жөн, айлыкка жашаган адамбыз. Бирок айыл башчысына айтайын» демиш болдум. Аялдар ынанышпагандай армандарын кайра башынан айтып киришти.

Ошондо «Мен атабыздын эмгеги өткөн үчүн көчөгө аты коюлган экен деп жүргөм, эгер андай болбосо алып эле салгыла» деп салдым. Алар да мындай жоопту күтүшпөсө керек, бир аз буйдала түшүп, анан «Анда алып салдырабыз, башка ат койдурабыз» дешти.

Мен болсо дагы деле «Бул аялдарды жаман көргөнүм деле туура эмес. Жыргаган турмуштан ажылдап жатышпагандыр, ушунча келгенден кийин кино көрүп кетишсе жакшы болбойт беле» деп турган элем, алар бурулуп баса беришкенде үмүтүм жалп дей түштү.

Кинону болсо койдук. Башында эле мени тааныштырып жатып, район башчысынын орун басары Жеңишбек (Токон уулу) мага «Кыргыз киносуна кошкон зор салымы үчүн Ат-Башынын тургуну Жаңыл Жусупжанга» деген ардак грамотаны тапшырды.

Тырнактай эмгегимди тоодой көргөн жердештериме ичим ысып кетти. Залда бир топ орто жаштагы аялдар, эркектер отурушту. Бирок көрүүчүлөрдүн көбү жеткинчек балдар экен, баары жамырап тасманын жарымы бүткөнчө эле чыгып кетишти – эң эле кайраттуу деген эки кыз, бир бала калды!

Тасма аяктагандан кийин көрүүчүлөр “китепкананын кызматкерлерибиз, атаңардын кесиптешибиз” деп, окуучулары олимпиадаларда жакшы орундарды алганын айтып, айтор жылуу-жумшак сүйлөштүк. Шаардан ала келген таттуу-паттуудан ооз тийип, жылуу коштоштук.

Атабыздын ысымы коюлган көчөнү көрөйүн деп жүргөн элем, ага деле убакыт жетпей ошол эле күнү жолго чыгып кеттик. Жол бою мени Ат-башынын тургуну деп тааныган грамотаны көкүрөгүмө бекем кысып отурдум!

Мунусу бул болду.

Ат-Башыдан кийин Ак-Талаадан ары, Казарман аркылуу Ошко бардык. Ал жакта бир айдан ашык жүрүп, бир топ жерлерде болдук.

Ноокат тарапта көчө аттарын чоң жолдун жээгине түркүк орнотуп, ага бадырайта жазып коюшат экен. Карасам баары эле адам аттарынан коюлгандай көрүндү. Баланчаеп Баланча деп эле бажыраят.

Көзүмө комсоо көрүндү. Ушул кыргызчылыгыбыз калбайт, ар кимибиз эле атабыздын атын коюп алганга шашабыз да.

Адамдардын аттарын көчөгө койгон кызыксыз, анткени баарыбыздын эле атабыз бизге кымбат. Чубалжыган аттарды кантип эстеп каласың? Жарашпайт дагы! Анын үстүнө акчасы барлар эле атасынын атын көчөгө койдура берсе, айылдагылардын баары эле муну жактыра беришпесе керек.

Андан көрө, мисалы, гүлдүн атынан Жоогазын же Жалбыз көчөсү деп койсо бадырайып эле калбайбы?! Же Меркурий, Чолпон деген планеталардын аттарын, болбосо эмгекчил адамдардын атынан Аңчылар, Өтүкчү, Комузчу деп койсо жарашпайбы?!

Ушундай ойлорду ойлоп отуруп, кайра өзүмө өзүм таң калдым. Атамдын ысымын айылымдагы көчөгө коюшса корсоюп, курсант болом да, башка бирөө атасынын атын өз көчөсүнө койсо, «ушул туура эмес, туугандар» деп кыйынсынам.

Анын үстүнө, азыр ойлосом балким эч ким атамдын эмгегин сыйлабай эле, эжем менен жеңем экөө өздөрүнчө сүйлөшүп алып, эл менен кой жейли деп, өздөрү эле ушул атамдын атын көчөгө койдуруп салышса керек деген ой мээме шак дей түштү.

Шак дей түштү, бирок адам деген кызык болот турбайбы. Мени кыйратып бакпаган деле атама сыймыктанып, «атабызды балким чын эле баркташаар, балким көчөнүн атын өзгөртүшпөстүр» деп ичимен кымылдайм.

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG