Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13
Мигранттын баласына студент болуш ырахатпы же азаппы? Анда өз мисалымда айтканга аракет кылайын.

Мигранттын уулу болуп туруп шаарда окуу мен үчүн бирде жеңил болсо, бирде оор. Жашоомдун өчпөс чырактары болгон ата-энемден алыста болуу бир топ эле түйшүктү башка салды.

Жыргал жагы – кой деген кожоң жок, өзүңө өзүң хан, өзүңө өзүң бексиң. Ушул эле... Азабы миң түркүн.

Телефонума акча которуу кызматынан код келип, банкты карай жол тартканымда өзүмдү бактылуу сезип, кудуңдап калам...

Ата-энеме боорум ооруйт. Алар үй-бүлө багып, короо-жай күтүш үчүн Орусияда жүрүшөт. Анан менин батиримдин ижара акысы, кийим-кечемди жаңыртуу, анысы аз келгенсип, кээ бир сабактарымды бүтүрүү үчүн акча салып турушат. Кээде уялып кетем... Албетте, ата-энемдин гана колун карап, алардан келчү акчаны гана күтүп отурган жерим жок. Мен да иштейм. Анча-мынча кафеге барып, официант болуп же башка жумуштарды жасап, тыйын табам. Бирок ал аз, жетпейт...

Керек учурда ата-энемдин алыста болгону жанымды кашайтат. Окуу жайда ар түрдүү иш-чаралар болуп калат, ага ата-энелер келет. Же ата-энелер жыйыны болот. Ошондой учурларда оңтойсуз абалда калам.

Кээде айрым досторумдун атасы же апасы келип, бизди кошо ээрчитип чай алып берет, базарга алып барат. Суктанам... Ошондой учурларда өз жарандарына иштегенге шарт түзүп бере албаган бийликтегилерге кыжырданам. Эгер жакшынакай айлык жана шарт менен ишканалар болгондо инженер деген диплому бар атам да, тигүүчү, ашпоз деген сонун кесиби бар апам да алыска кетмек эмес. Керек учурда мен дагы мынчалык томсорбойт элем...

Быйыл биринчи курсту бүтүп жатам. Жакында айылга аттанам. Айылда деле акча тапчу жумуштар толтура. Устачылык, дыйканчылык... Жай бою каражат камдайм. Экинчи курска жеткенде Орусиядагы ата-энемди кыйнап, акча сурагым келбей жатат.

Сулайман Алмазбек уулу, ОшМУнун студенти

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG