Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:33
Эмне үчүн кээ бир улуттар мыкты мамлекет кура алат да, айрымдары андайга жок?

Мыкты мамлекет деген түшүнүккө 3 критерийди киргизээр элем. Биринчиси - укуктук, экинчиси - жарандарына ыңгайлуу шарт түзгөн, үчүнчүсү - өнүккөн же өнүгүп аткан мамлекет.

Эмне үчүн кээ бир мамлекеттер мыкты мамлекеттердин катарында, ал эми айрым мамлекеттер жакыр, жарандары мекенин таштап, башка өлкөлөргө кеткен жана социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан башын көтөрө албаган абалда?

Албетте мыкты мамлекет болууга көптөгөн факторлор таасир этет. Мисалы, алардын негизгилеринин бири катары жаратылыш байлыктары мол жана геосаясий жактан ыңгайлуу жайгашкан мамлекет эсептелет. Эгерде аталган факторлор чечүүчү ролду ойносо, анда эмне үчүн дүйнөдөгү мунай менен газга эң бай Түркмөнстан, андан кем эмес жаратылыш байлыктары бар, Азия менен Европаны кургак жана суу мейкиндиктери аркылуу бириктирип турган Иран дүйнөдөгү мыкты мамлекеттердин катарында эмес?

Жогорудагы мисал айтылган факторлор да өнүккөн мамлекет болуу үчүн чечүүчү мааниге ээ эмес экендигин көрсөтүп турат. Менимче мыкты мамлекет болууга таасир эткен эң маанилүү факторду так билүү биз, кыргыздар үчүн абдан маанилүү.

Ошол себептен тарыхка кайрылалы. 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин мурда бир мамлекет, бир улут болуп келген Германия экиге бөлүнүп, бир улуттан эки мамлекет пайда болгон. Бир тарабы АКШ, Англия жана Франция баш болгон Батыш коалициясынын шыбагасына тийип, Германия Федеративдик Республикасы (ФРГ) деп аталса, СССРдин энчисине тийген экинчи тарабы Германия Демократиялык Республикасы (ГДР) деп аталып калган.

ФРГ Батыш өлкөлөрүнүн чечиминин негизинде демократиялык башкаруу системасын (парламенттик демократияны) жана базар экономикасын тандаган. Демократиялык жолдон кетүү өтө кооптуу экендигин жакшы түшүнгөн Батыш коалициясы “кайсы бир партия же топ демократияга каршы аракеттене турган болсо ал мыйзамсыз” деген жоболорду Баш мыйзамга, тактап айтканда ФРГнын Конституциясынын 20-беренесине киргизишкен. Саясий атаандаштыктын негизинде борбордук жана жергиликтүү бийлик толугу менен элдин тандоосуна берилген.

Ал эми экинчи Германия – Германия демократиялык республикасы дегени менен иш жүзүндө «демократиядан» алда канча алыс багытты, советтик авторитардык системаны (бир адамдын же кичине топтун башкаруусун) жана пландык экономиканы тандап алышкан. СССРдин көрсөтмөсү менен Германиянын Биргелешкен Социалисттик партиясы түзүлүп, мамлекеттеги бийлик толугу менен ал партияга берилген. Президенттикке Вильгельм Пик "шайланганы" менен, чыныгы бийлик Москва жана анын протежеси, партиянын башкы катчысы Вальтер Ульбрихттин колунда болгон.

Андан көп өтпөй 1945-жылдын аягында СССР менен АКШ Корея мамлекетин да экиге бөлүп алышкан. Германия өңдүү эле бир улуттан турган Кореяда эки мамлекет пайда болгон. Бул ирээт да АКШнын талабы менен Түштүк Корея демократиялык режимди жана базар экономикасын тандаса, Корея Улуттук Демократиялык Республикасы (КНДР) СССРдин көрсөтмөсү менен Корея Эмгек партиясынын саясий монополиясын орнотуп, Ким Ир Сен башында турган авторитардык системаны жана пландуу экономиканы тандап алышкан.

Жыйынтыгында бирдей кыйраган экономика, бирдей менталитет, бирдей жакырчылык жана бирдей мүмкүнчүлүктөр менен, бирок эки башка саясий режимди карманып ГДР, ФРГ, Түндүк жана Түштүк Корея мамлекет курууга багыт алышкан.

Германия менен Кореяны экиге бөлгөндөн бери ондогон жылдар өттү. Батыш мамлекеттеринин көрсөтмөсү менен демократиялык режимди тандаган ФРГ ааламга Mersedes, Audi, Volkswagen, BMW, Siemens, ал эми Түштүк Корея болсо Samsung, Hyundai, LG жана Kia Motors өңдүү гигант компанияларды жаратып, дүйнөнү дүңгүрөткөн мыкты мамлекеттердин катарына кирди. Ал эми СССРдин көрсөтмөсү менен авторитардык режимди тандаган ГДР талкаланып жок болсо, КНДР жакырчылыктын сазына баткан, дүйнөдүгү “мусапыр” (изгой) мамлекетке
айланды.

Жаратылыш байлыктары, менталитет, геосаясий абал жана коммуникациялык мүмкүнчүлүктөр улуттун өнүгүүсү үчүн албетте жакшы шарттарды түзөт, бирок алар чечүүчү фактор эмес! Чечүүчү, фундаменталдуу фактор – бул мамлекетти башкаруудагы улуттун тандап алган САЯСЫЙ РЕЖИМИ. Башкача айтканда ФРГ жана Түштүк Корея демократиялык башкаруу системасы аркылуу гана бүгүнкү даражага жетип отурушат.

Демократиялык башкаруу системасы десе эле көп адамдар баш аламандыкты, жоопкерсиздикти түшүнүшөт. Менин көз карашымча демократиялык режим мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн аябагандай маанилүү беш институттан жана беш баалуулуктан турат.Ал беш институт: эгемендүү парламент, өкмөт жана сот, таза жана адилеттүү шайлоо, күчтүү жарандык коом.

Беш баалуулук: чыныгы атаандаштык, сөз жана чогулуу эркиндиги, ачыктык жана децентрализация. Ушул институттарды бекемдеп, баалуулуктарды туу тутсак, эртеби кечпи, алар бизге, жакынкы жылдары же келечекте мыкты кыргыз өлкөсүн гана түзүүгө негиз болбостон, зарыл болгон, бийликтин жоопкерчилигин жана тартипти да жаратат.

Албетте президенттик бийлик аркылуу ийгиликтерге жетишкен мамлекеттер деле бар. Бирок алардын саны аябагандай аз.

Ал эми парламенттик демократиялык режимди кармануу аркылуу мыкты мамлекеттердин катарына кирген көптөгөн өлкөлөр бар. Буга кептин башында айтылган эки өлкөдөн сырткары Жапония, Сингапур, Түркия, Малайзия, Индонезия жана Европа мамлекеттери таасын далил болуп бере алат. Эгер биз, кыргыздар, азыркы Германия же Түштүк Кореядай мыкты мамлекет курабыз десек, анда мамлекет куруунун фундаменталдык негизи катарында демократиялык режимди, чыныгы парламенттик башкарууну (азыркы, биздеги жалган парламентаризм эмес, чыныгы) жана базар экономикасын бекемдеп андан ары өнүктүрүү зарыл.

Азыр “бизге парламенттик башкаруу эмес, күчтүү президенттик бийлик керек, антпесе тартип болбой калды” дегендер арбын. Кыргызстандын шартында президенттик бийлик өтө опурталдуу экендигин эки жолку революция далилдесе да “күчтүү президент келип, тез арада жашообузду жакшыртып жиберет” деген кыялдын кучагында жашагандар да аз эмес. Президенттик бийлик биздин улутубуздун жана мамлекетибиздин душманы! (Бул тууралуу кийинки эссемде айтылат).

Эл самаган жакшы жашоону жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла ала турган саясий режим бул - чыныгы парламенттик башкаруу. Биз аны колдонууга, бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз!

Равшан Жээнбеков

Жогорку Кеңештин депутаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG