Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32
Мен эжекемдин үйүндө жашагандыктанбы айтор, студенттик күндөрүмдүн көбү бир эле нукта өтүп жаткандай сезилчү. Студенттик күндөрдүн кызыктуу, эсте калаарлык көз ирмемдери жатаканада болот эмеспи. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” демекчи, бирде ток, кээде ачка жүрсө да кабатырланбай, капаланбай дайыма күлкү-шаттык менен жан дүйнөсүн азыктандырып жүрүшкөндөй туюлат. Ал студенттердин жашоосуна бирде суктансам, бирде ичим күйөт. Мен дагы аларга окшоп, ар күнүмдү кызыктуу, түстүү боёкторго боеп өткөрүүнү самайт элем. Ошентсе да, тайпалаштар менен күлкүлүү, эстен кеткис, кайтып келгис күндөрдү да баштан кечирдик.

Колледжде 2-курста окуп жүргөн күндөрдүн биринде, сабак берген мугалимибиз сыркоолоп келбей калды. Төртүнчү пара болчу. Бул күтүүсүз ошол эле учурда жагымдуу кабар баарыбызга жакты. “Кудай бергенде да, чоң берди” деп бири уктаганы, бири каңгыганы, кээ бирлери курсактын камын ойлоп туш-тушка тарап кетишти.

Курбу кызым Бермет экөөбүз болсо сейилдегени бакчага кеттик. Ары-бери басып, акыры группалашыбыз Асылдын жатаканадагы бөлмөсүнө барып, кара курсакты кампайтып келели деп акылдаштык. Анын үстүнө өзү да “айылдан келгенде оромо жасап берем” деп мейманга чакырып жүргөн эле.

Асылга телефон менен байланышсам, “Силер бара бергиле, мен азыр барам” деди. Бизди аны менен чогуу жашаган Кыял, бизди тосуп алды. Кыял биттин ичегисине кан куйган кыздардан эле. Бир апта мурун өзүн алакачып кетишкенин, андан кантип кутулганын төкпөй-чачпай айтып бере баштады. Бермет экөөбүз сөзгө алаксып, отурган кезде Асыл келип калды. «Мен азыр, бат эле» деп билегин түрүнүп, тамак жасоого киришти. Асыл картошка аарчып, Бермет туурап, Кыял камыр жууруп да, сүйлөп да жатты. Мен телефонумду баскылап, дүйнө желесинен ар нерселерге көз чаптырып отурудум.

Көзүмдү телефондон алып, кыздар тарапка бурсам, Кыял сүйлөп жаткан кезде шилекейи агып кетип, түз эле камырга тамды. Ал болчо эч шек алдырбай эле сүйлөп, ишин уланта берди. Мен да уялып калбасын деп, айыбын ачкан жокмун. Көзүм Кыял тарапка бир ирет урунду, дагы бир жолу тамды. Мейли эми, дары болот дедим да, унчукпай отура бердим.

Аңгыча, арыдан бери кыздардын оромосу да бышып калды. Ачка болушкан экен токтобостон жеп жатышты. Мага “жебейсинби?!” деп коюшат. Чымчып, ооз тийип көрсөм, аябагандай даамдуу экен. Кыялдын кебин угуп, «Жакшы тамак калгыча, жаман курсак айрылсын» деп кошулуп, табакты бат эле тазалап койдук.

Эртеси кыздарга айтсам, ичтери ооругуча күлүштү. Ошол күндөн тартып, ким көп сүйлөп калса эле «бул Кыялдын камырынан» деген тамашабыз калган.

Мындай тамакты бир гана студенттик жатаканадан жей аласың. Эх, ушундай эң сонун көз ирмемдер студенттик күндөрдө гана болсо керек.

Уулкан Жекшенбек кызы, Кыргыз экономикалык университетинин 2-курсунун студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG