Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Кыргыз жолуна түшөлү...


Нарын. 2010-жыл.
Нарын. 2010-жыл.

Урматтуу кыргызстандыктар! Ырыс жаратыш үчүн ынтымак; ынтымакка келиш үчүн адилеттүүлүк; адилетүүлүктө болуш үчүн акылмандуулук; акылмандуулукка жетиш үчүн туура дүйнө таанымга келиш; аны тааныш үчүн объективдүү аң-сезим бар, анын ээси Жараткан экенине келишибиз керек. Ээси Жараткан объективдүү аң-сезим менен Аалам, табият, жан-жаныбарлар, жаран жаратылууда. Мындай чөйрөдө ээси жаран болгон субъективдүү аң-сезим менен цивилизация гана курулууда. Цивилизациянын проблемалары партиялар колдонгон чындыктар менен жетектенип, өнүгүү адашкандык экендигин далилдөөдө.

Мындай проблемаларды чечүү үчүн:

1.Өзгөрүүнү туура жаңы илимий дүйнө таанымды жаратуудан баштоо.

2. Көп партия болбой, бир эле партия болгону туура. Анын идеологиясы – бул дүйнөдөгү чындыктардын иерархиясынын чокусундагы жалгыз чындык: объективдүү аң-сезимдин логикасы боюнча өнүгүү идеологиясына шайкештикте өнүгүү, б.а. акылмандыкта өнүгүү;

3. Жоопкерчиликсиз жана коррупция менен эксплуатацияны гүлдөткөн өзүмчүлдүктүн азыркыдай демократиялуу башкаруу системасынын ордуна аткаруучу президенттик бийлиги жана аны багыттоочу, көзөмөлдөөчү, аны оңой алмаштыруучу, элдик демократияны ишке ашырган Элдик Курултай бийлиги болушу зарыл. Парламенттин, премьер- министрликтин, шайлоо кампаниясынын зарылчылыгы жок. Бизге жооптуу, арзан, акылман башкаруу бийлик системасы керек.

Кыргызстандыктар өз Кыргыз Жолуна түшөт деп ишенем.

Сатылган ЖОРУПБЕКОВ, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти

XS
SM
MD
LG