Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Ачык маалыматтын артыкчылыгы


Шамиль Ибрагимов
Шамиль Ибрагимов

Эмне үчүн журналисттер ачык маалыматтар менен иштеши керек?

Салттуу журналистика коркунучта. Мурда журналистика индустрия катары бир түн ичинде ишке ашуучу жаңылыктарды топтоо жана таркатуу боюнча бирден бир жалгыз индустрия болгонуна таянчу. Басма жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) шаарда же аймакта өзүн угузгусу келгендер үчүн кийинки таңдагы жарчы эле, алар гезитке кайрылышчу. Бирок азыр абал кыйла өзгөрдү.

Бүгүнкү жаңылыктар дароо түрдүү булактар, окуянын күбөлөрү, блогдор ж.б. жолдор аркылуу желдей тарайт. Окуя көптөгөн социалдык тармактар аркылуу жарыяланат, рейтингге ээ болот, көпчүлүк учурда бул жаңылыктарды салттуу ЖМКлардын окурмандары көңүлгө албайт.

Мына ошондуктан дата-журналистика, б.а. ачык маалыматтарга негизделген журналистика абдан маанилүү. Маалыматтарды жыйноо, чыпкалоо, талдоо жана көргөнгө ылайыктоо (визуалдаштыруу) – бул биз көрбөй жаткан, бирок баалуулугу өсүп бараткан нерселер. Сиз эрте менен демдеген чай, балдар үчүн сатып алынган апельсин ширеси, мунун баары учурдагы дүйнөлүк (глобалдуу) экономикада бул азыктар, эл менен, Сиз менен көрүнбөгөн байланыштарга ээ болот. Бул байланыштардын тили – маалыматтар. Өзүнчө турганда өзгөчө мааниге ээ болбогон маалыматтардын кичинекей бөлүктөрү башка өңүттөн алып караганда абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө маалыматтар журналистикасы биздин айланабызда болуп жаткандарды жана биздин турмушубузга эмне таасир эте аларын терең түшүнүү үчүн маалыматтар кандайча пайдаланылышы керектигин көрсөтүүдө. Ачык маалыматтар журналисттин ишинин түзүмүн маалыматтын алгачкы булагы ролунан тигил же бул маалыматтар биздин жашообузга кандайча таасир этерин түшүндүргөнгө карата өзгөртүүдө. Тематика абдан кеңири болушу мүмкүн: мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, каржы кризиси үчүн негиздерди аныктоо, бюджетти бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгы жана башка туура тандалган жана көрсөтүлгөн маалымат талашып-тартышуу үчүн негизги ролду ойногон көптөгөн маселелер. Ошондуктан журналисттер ачык маалыматтардан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрүшү зарыл. Жумушсуздуктун деңгээли сыяктуу абстракттуу нерселер курагына, жынысына, билимине жараша адамдарга таасир этерин көрө алышат. Журналисттер машина же үй сатып алуу же болбосо өз билимине инвестиция салуу болобу, бул тууралуу чечим кабыл алганга жардам берүү үчүн жеке калькуляторлорду түзө алышат. Көпчүлүк учурда мындай чечимдерди кабыл алууда биз жеке ишенимибизге таянабыз, ал дайыма эле объективдүү жана үзүрлүү боло бербейт. Маалыматтарды талдоо бул учурда үй сатып алуу чынында да абдан ийгиликтүү учур экендигин, кыймылсыз мүлккө баалар жогорку чегинде эмес экендигин аныктаганга жардам берет. Маселен, кошумча билим алууга салынуучу инвестиция канчалык өзүн актайт, кошумча окумуштуулук даражасын алуу чынында да жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачабы? Статистика бул тууралуу эмне дейт? Бирок, адамдар бул куралдарды колдонушпайт, анткени алар жок, ал эми толгон-токой сандарды карап, керектүү ресурсту издөөнү көпчүлүк адамдар жөн гана жасабайт.

Маалыматтарды колдонуу кайсы бир абстракттуу нерсени конкреттүү маалыматка өзгөртөт, аны ар бир адам жеңил түшүнүп, пайдалана алат. Бул билгичтиктерге ээ болгон журналисттер таптакыр жаңы кесиптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат, макалаларын күчтүү далилдүү базасы менен фактыларга негиздешет жана жаңылык агенттиктери тарабынан да, окурмандар тарабынан да аларга суроо-талап абдан жогору болот. Туңгуюк болжолдоолор, саясатчылардын билдиргендерине шилтеме жасоо азыраак болуп, конкреттүү маалыматтар, фактылар, тренддер гана болот. Журналист маалыматтар менен тастыкталган абдан күчтүү позицияны жарата алат, бул келечекте журналистиканын ролун жалпысынан олуттуу түрдө өзгөртөт.

Журналисттерди маалыматтар менен иштөөдөн кармап турган жападан жалгыз тоскоолдук: маселени аныктоодон баштап жооп бергенге чейинки материалды жазуунун бүтүндөй процессинде маалыматтарды талдоонун негизинде маалыматтар менен иштөөгө үйрөнүү үчүн тренингдердин зарылдыгы.

Маалыматтар менен иштөөнү баштоо – бул белгисиз туңгуюк аймакка кирүү. Бир караганда, чийки маалыматтар коркутат жана кайсыны карарыңды билбейсиң, маалыматтар күч жетпестей туюлат. Бирок, тырышкан эмгек, чыгармачыл мамиле жана эриктирген сандардан, статистикадан чындыкты издөө кумары чындап кесибин сүйгөн журналист үчүн таптакыр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Шамиль Ибрагимов

«Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору

XS
SM
MD
LG