Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05
Жакында үйлөнүү үлпөтү башталган кезде той ээлери менен ресторандын (кайсы ресторан экени маанилүү эмес) башчысы өз ара дүрбөлөң түшүп калышты. Ал аңгыча папкечен эки-үч жигит кирип келип, арыдагы бөлмөдө бир нерсени чече албай бир топко күжүңдөшүп отурушту. Той ээси жакыным болгондуктан, деги тынччылыкпы деп сурадым. Көрсө салыкчылар капыстан басыптыр да, той ээсинен канча акча төлөгөнүн такташмак болбойбу. Бирок ресторан чоңу той ээсин алардан мурда ээлеп кетип, баланча төлөдүм деп койчу байболгур деп жалынган экен...

Иши кылса, той ээси ресторан суранган акчаны айтып, анын чоңун бир балээден куткарыптыр. Азыр тойканаларга сан жетпейт, мурдагыдай 2-3 күн эмес, жума бою тынбай иштейт. Бардыгында эле жанагы биз барган ресторандагыдай көрүнүш өкүм сүрсө керек деген арам ой, албетте, келбей койбойт.

Тойкана тойкана менен болсун, андан башка жер тамдардын ичинде, жертөлөлөрдө канчалаган көмүскө тикме цехтер, чакан басмаканалар иштейт? Канча киши айылдан арзан уй-кой алып, шаарга келип пулдап кетишет? Миңдеген “сол” таксилерчи? Бир сапар эсептегичи бар такси менен үйгө 190 сомго жеттим. Дагы бир канча күндөн кийин “жөн эле” такси менен дал ошол жерден үйгө келсем, 300 сом сураганы. “Лицензияң кана, салык төлөйсүңбү?” десем, бу дени-карды соо эмес кишиби дегенсип үтүрөйө карап, 250 сомду алды да, жиндиден кутулгандай зуу койду.

Ар бир мамлекеттин бюджетин салык толтурат. Бюджети какшыган мамлекет болсо – банкрот. Бирок, биз ушул нерсени билсек да, башкалар төлөсө эле жетет, мен жашырып койсом эмне болот эле деген түшүнүк менен дээрлик баарыбыз өзүбүздү, өзүбүзгө кошуп мамлекетибизди алдап келатабыз. Анан мугалимдердин айлыгы аз деп бири-бирибизден озуна мамлекетти сөгөбүз! Ошол балабызга аз да болсо билим берген мугалимдин ырыскысынан анча-мынча тыйынды өөнөп калганыбызды билсек да билмексен болобуз, туурабы?

2006-жылы Вашингтондо бир килеңдеген америкалык чал менин калпагыма катуу кызыгып айланчыктап алды. Мени менен кошо барган дагы бир кыргыз 100 долларга сатып ийбейсиңби деген эле. Албетте, 10 доллардык калпакты 100гө саткың келет, бирок баш кийим деп ырымдан улам сатууга даай албайм. Эртеси Америкада туруп калган кыргыз кыз баары бир көчөдөн сатып албайт болучу, ал үчүн адегенде кайсы бир дүкөнгө өткөрүш керек, дүкөн салыгын алып калып туруп гана сатмак деди. Бул өлкөдө салык жашыруу мамлекет жана абийир алдында жосунсуз иш (кылмыш дегенге ооз барбай жатат) деген түшүнүк мээлерине сиңип калган дешет калпы-чынын ким билсин!

Мына Кыргызстанда ушуну менен экинчи ирет капиталга мунапыс жарыяланып отурат. Бул деген катып келаткан мүлкүңдү ачыкка чыгар, ал үчүн кесилбейсиң жана ырым үчүн кичине гана салык төлөп коюп, андан ары ачык жана коркпой иштей бересиң деген кеп. 2011-жылы да адеп жарыялаганда дээрлик эч ким ачыкка чыккысы келбей койгон. Азыр деле ошондой деп жатышат. Демек, эки жылда аң-сезим өзгөрбөптүр. “Менин байлыгым аман калса болду, калганы астын-үстүн түшүп калсын!”. Эртең мамлекетибиз банкрот болуп, баары астын-үстүн болуп калса, анын гараж-гараж машинесинин, ар бири 2000 долларлык иттеринин кимге кереги бар?

Бизде мамлекет десе көбүнчө президентти, премьерди, спикерди, депутаттарды түшүнгөн сезим орногон. Алар деле сиз экөөбүздөй мамлекеттин бир букаралары. Жыл сайын декларация толтурушат, бир тобунун айыбы ачылып да жатат дегендей. Элдин көзү сокур эмес да, бай-мүлкүңдү алакандай кыргыз журтунан ката албайсың.

“Элден пейил качты, дагы алсам, дагы жесем деп калды” – бул сөздү аркы-теркиге көзү каныккан карыялардан угуп калабыз. Маселен, менчик машинеңе такси катары патент алгың келсе, турган жериңе карата айына 300 – 500 сом төлөйсүң. Орто кафеден орточо түштөнгөнгө кетчү пул. Бирок миңдеген “сол” таксисттер ошону да мамлекетине ыраа көрбөй жатпайбы! Ошондуктан сары эсепчи адистер “байлыктын жарымынан көбү көмүскөдө, эгер алар ачык иштесе, бюджет 2-3 эсе көп болмок” деп чырылдап жатышпайбы. Ошондо карыган ата-энебиздин пенсиясы, мектепке токтобой базарга качып жаткан мугалимдердин айлыгы да эселеп көбөймөк. Тыянак: салык жашыруу – өзүбүзгө эле кылган кыянатчылык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG