Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

1994-жылы 31-августта советтик (орусиялык) акыркы аскер Чыгыш Европа жерин таштап кетти. Ошол бойдон бул мамиле унутулду да калды.

Чындап келгенде мунун аркасында кандай гана саясий чоң оюндар, бүтүндөй бир аймактарды, ал тургай көз карандысыз мамлекеттердин келечеги жана бүтүндүгү турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек. Азыркы күндөгү Украинада болуп жаткан окуялар деле ошол окуянын кандайдыр бир деңгээлде уландысы. Себеби, НАТО жетекчилигинин бирден бир милдети өз аскерлерин Украинада жана Аскер деңиз флотун Крым базасында жайгаштыруу экенин дүйнө жүзү билип эле тургандай туюлат.

1988-жылы Женева келишимине ылайык, эсиңиздерде болсо керек, Советтик аскерлер алты айдын ичинде Ооганстандан чыгарылмак жана кийинки беш жыл ичинде Чыгыш Европадагы болгон аскерлери Урал тоолорунун чыгыш тарабына жайгаштырылмак. Ошол эле келишимге жараша НАТОнун Европадагы аскерлери да ошол өлкөлөрдүн муктаждыгына жараша гана калтырылып, калгандары океандын ары жагына көчүрүлүп кетмек.

Мен тарыхчы эмесмин, бирок орус аскерлеринин жеңиштерин, тактикаларын жана советтик аскерлердин кантип жыңайлак ылай кечип, далай согушту жеңгендерин окуу китептеринен далай окуган элем. Тагдырдын дагы бир буйругун карасаңар, азыркы орус президенти Путин ошол эле Германияда (ГСВГда) белгилүү бир бөлүктү жетектеп турган, Германиянын канцлери Ангела Меркел айым болсо Дрезден шаарында жаңыдан саясаттын алдыңкы тепкичтеринен орун ала баштаган кези болгон. Ангела Меркел менимче, Санкт-Петербургдагы (2002) Чоң сегиздиктин жолугушуусуна келгенде, орус журналисттерине маек куруп жатып, "орус жери кандай керемет жана кооз жер, ушул жерден мен ТРАНССИБ аркылуу өткөндү бала кезден бери самайм» деген сөздөрү эсимде калган. Ал ТРАНССИБ аркылуу канчалаган биздин аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү товардык вагондо кычыраган кыштын чилдесинде «үйлөрүнө» кетишкен. Ошончолук алаамат согушту жеңген биздин аскерлер эч бир кадыр-баркы жок жана эч кимдин салтанаттуу тосуп алуусу жок, жеңилген аскерлер катары Чыгыш тарапты көздөй күнү-түнү чубап аткан көрүнүштөрдү азыр да кино жана фотохроникалардан толтура кездештирсек болот. Эгер Ангела айым акыры качандыр бир күнү ТРАНССИБден поезд менен өткүсү келип калса, ага атайын «литердик» поезд берип, бир канча жоон топ адамдардын жана чиновниктердин коштоосунда өтмөк беле деген ой келет.

Орустар өздөрү алган милдеттерди аткарды жана дээрлик Чыгыш Европадагы аскерлерин Урал тоосунун чыгыш тарабына жайгаштыргандан кийин гана НАТО аскерлери улам берилеп келе беришти го. Эң эле башында Балкандан, анан Балтика өлкөлөрүнөн орун алышты, кийин Грузияга да барышты.

Ал эми ошолорго кеткен канчалаган материалдык чыгымдар, каражаттар, турак-жайлар жана алып кеткенге мүмкүн эмес баалуулуктар. Жетимиш жыл ичинде Совет өкмөтү канчалаган мектептерди, бала бакчаларды, спорттук жана тарбиялык курулуштарды куруп, таштап кетти. Ал жакта канчалаган үйлөр жана казармалар, жатаканалар жана госпиталдар, ангарлар жана гараждар, кампалар жана станциялар бардыгыбыздын эсебибизден кала берди. Эгемендик алыптырбыз, өзүбүзчө болуптурбуз дегенди укканда, кантип ушул согушта жеңилген немистердей жашай албайбыз, кантип ушул орустардай боло албайбыз деп үйүмө сүйүнгөн бойдон келе берген элем. Эгер жыйырма үч жылдан кийин Кыргызстанды ушундай акыбал күтүп тураарын билгенде, ошол жылдары эле, Совет аскерлери Чыгышка жөнөй баштаганда мен чемоданымды көтөрүп алып, Батышка кетип калсам болот беле деген да ойлор келбей койбойт…

Дүйнө жүзүнө белгилүү, АК сериясындагы куралдардын легендарлуу конструктору Михаил Калашников акыркы маектеринин биринде: «Мындан ары менин үлгүмдөгү курал-жарактар кино тартууга гана колдонулса болот эле деп ойлойм» деп айтканын акыркы кезде көп эстейм. Чындап эле ошол киши айткандай болуп, мындан ары бардык жерде ызы-чуулар токтоп, ошол белгилүү автоматтардын жаңырыгынын ордуна балдардын күлкүлөрү жана шаңдуу үндөрү жаңырып турса кандай сонун болор эле. Ал эми кино жөнүндө айта турган болсок, буга чейинки эле акыркы үч-төрт жылда дүйнөбүздүн чар тарабында болгон окуялар киноиндустрия багытында алектенген далай кинокомпанияларга жана кино тартуу менен шугулданган далай-далай гигант ишканаларга бир далай жылга чейин каражат берип турчу толгон-токой сценарийлерди, окуяларды, декорацияларды жана ал тургай оң жана терс каармандарды жаратып койду окшойт…

Запастагы ага сержант Темир Жусупбеков, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG