Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:49
"Бишкекте кызык адамдар бар экен" деп коюп унчукпай калды. Билем, бул анын "ии, анан" деп коштоп кетүүмдү күткөндөгүсү. Ошенттим, ал болсо андан ары түшүн айтып берип жаткансып шыр кетти:

"Автобустабыз. Автобус токтоп турат. Шоопур өжөрдөнүп "толбосо айдабайм" деп кебелбейт. А тигиндейрээкте жалгыз жигит турат. Биз отурган автобуска түшчү ою жок. Чыдамы кеткен бирөө ал жигитке "сен кайда барасың, кел, отурбайсыңбы, тезирээк үйгө жетип алалы", деп суранды эле ал макул болуп отуруп алды... Кызык бекен?"

Бара турган жерине алпарбай турган автобуска жөн гана "элдер үйлөрүнө жетип алсын" деп отуруп алган жигиттин окуясы кызык болчу. Ошентсе да,

"Башка жакка бара турган бирөө кантип эле силердин автобуска отуруп алды?!", - дедим ишенбей.

"Кеч кирип бараткан болчу, ошончо адам үйүнө эртерээк жетип алсын деп боору ооругандан эле отуруп алды, чынында ал башка жакка бармак", - деп андан бетер кооздоп салды.

"Балким автобус анын үйүнөн көп деле алыска бармак эместир, мисалы, 200 метр жөө баскысы келбегендир. Өзүң айтпадыңбы, кеч кирип бараткан болсо башка унаа жок калып көчөдө калбайын деп ойлогондур. Балким автобуска эмес, маршруткага түшкүсү келгендир. Элдер үйүнө кеч калбасын деп боор ооруп, таптакыр башка жакка бара турган автобуска отуруп албайт эч ким!"

"Ал башка жакка бармак", - деп ансайын көшөрдү. "Мен аны баргыча байкап бардым. Бир жерден түшүп калды да жолдун ар жагына өтүп тескери тарапка кетчү маршруткалардын бирөөсүнө отуруп кетти".

"Апенди чалыш неме го анда?!"

"Менимче туура кылды. Адамдарга пайдасы тийди да..."

Маектешим көп жылдык досум болгондуктан анын мындай өзгөчө ой жүгүртүүсүнө көнүкмүн. Бул жолу да "адамдарга пайдасы тийди, демек туура кылды" деген теориясына таң калган деле жокмун. Болгону, "эртеден кечке канча деген автобустар толбой жүрөт, анысын кесип кылып алсын анда, улам бирөөсүнө түшүп", деп тамашага салдым да, тамашамдын супсак экенин сезе унчукпай калдым. Кеп ошону менен бүттү.

Анкаранын үңкүйүшкөн имараттары сур тартып сүрдүү болгон менен суз. Ал имараттарда ар дайым наалыма, ар дайым жашоосуна нааразы Анкаранын бюрократ эли жашайт, иштейт. Алар көчөдө, метродо, автобуста дайыма кабактары салыңкы, бири-бирине мамилелери сылык, бирок муздак... Шаар өзү муздак. Мупмуздак. Ошол муздак шаардын муздак кыял адамдарынын арасында мен да эл катары муздак болгонду үйрөнүп алдым. Кайда жүрбөйүн теребелге көңүлкош таризде, тек гана ойго батам, алаксымакка. А алып учкан ойлордун бир жеринде сөзсүз кылт этип алиги окуя түшөт оюма. "Ошондой кантип болсун" деп ишене албай туруп "а балким жаңылыш көрүп, же каңырыш угуп алгандыр" деп коём. Минтип өзүмдү сооротконум менен кайра эле эске түшөт бир башка күнү.

Бара-бара, акырындык менен чын эле "эл үйүнө жетип алсын" деген болсочу деп ойлой баштадым. Мен эч качан антип элди ойломок деле эмесмин, бирок арабызда ичкен ашын коё туруп элди ойлогондор бар экенин билүү жагымдуу болчу, алардын кимдер экенин билбесем, көрбөсөм да...

Канча өттү билбейм, оо кыйладан кийин, жыл айланып калган соң, ошол эле студенттик жатаканада, ошол эле отурган ордубузда отуруп баягы досум:

"Бишкекте болгон бир кызык окуя айтып берейинби?"

"Ии, айтчы".

"Бир күнү аялдамада турсам..." деп баратканда эле каткырып жибердим.

Калыбай Сайдинов. Түркия. Мармарис.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG