Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37
Жаштардын улууларга саламдашуусу – адептин, урматтын башаты. Менин байкашымча, акыркы учурда жаштар болобу, чоңдор ортосундабы саламдашуунун мааниси да, сырткы көрүнүшү да өзгөрүлүп жаткандай. Көчөдө жаштардын бири- бирине башын же бутун тийгизип, чоң кишилердин бири-бирин бетинен өөп учурашып жатканын көрүп ирээнжийсиң.

Мен бала кезде – 10-15 беш жыл мурда жаштар аксакалдарга бир аз ийилип, кош колдоп учурашчу. Кала берсе бейтааныш адамдар маңдайдан чыкса кичүүсү озунуп кол сунчу. Азыр бейтааныш эмес, таанышың көрмөксөнгө салып өтүп кеткен учурлар кездешет. Бирок баарынан өөн көрүнгөнү – эркектердин чалпылдашып өбүшүп көрүшкөнү. Илгери мындай жат көрүнүш болоор эле.

Кээде “эмне үчүн биз жапондордой же корейлердей болуп таанысак да, тааныбасак да жылмайып, колубузду боорубузга алып учурашпайбыз?” деген суроо келет. Бул коомдо кичипейилдикке, бири-бирине урмат мамилеге жол ачат эле. Анын үстүнө учурашуунун өз жол-жобосу бар. Мен билгенден сырттан келген адам улуу болсо да үйдөгү, атчан адам жөө адамга озунуп салам айтат.

Келиндердин эркектерге жана улуу айымдарга ийменип, жүгүнүп койгону да эмне деген жөрөлгө? Таң эрте келиндердин жүгүнүүсү ач карын бата алуу делет. Акыркы жылдары мындай салт унутулуп бара жатат.

Мен кичинекей убакта улгайганына карабастан апаларыбыз кайын агаларына жүгүнөр эле. Азыр болсо улуу-кичүүсүнө карабай өбүшүп учурашып жаткандарын кездештиребиз. Менимче, бул жакшы жөрөлгөлөрдү улуулар жаштардын кулагына күмүш сырга кылып такса деп ойлойм. Өбүшпөй, ийилип көрүшөлүчү.

Канышай Шарше кызы,
Нарын университетинин бүтүрүүчүсү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG