Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Энедолу-1


Бир кезде Түпкө барып, ал жердеги ажылдаган аялдардын жумуртка чабуулуна кабылып, көңүлү үч көчкөн журттай кала, ошондон көп өтпөй эле нааразыланган кейипте дүйнө салган аксакалыбыз Дооронбек Садырбаев «заманаң түшкүр, ушуну кыргыз аялдары жасады деп бирөө айтса эгерим ишенбес элем!» дегени бар эле.

Азыр мен «заманаң түшкүр, мен ушинтип жазбасам болор эле!» деген сөз менен баштагым келип турат.

Кыргыздын сөөлөттүү аялзаты дегенде эле Курманжан датка көзгө элестейт. Баласы Камчыбек орус өкүмзарлардын буйругу менен дарга асылаарда эл көзүнчө бир тук этпей, жарандардын тынчтыгы үчүн бир эмоциясын көргөзбөй, үйүнө барып бүк түшө аза күткөнүн бири айтып, бири жазып келет.

Мурунку 2005-жылдагы революцияда да өлкө кылдын учуна кептелген. Акаев күтүүсүз качып кетип, башкаруучу жок, дымагы күчтүү эркектер эмне кылаарын билбей эки-үч күнгө абдаарып калышкан. Мындай учурду пайдаланган ар кандай сырткы күчтөр коркунуч туудурушу мүмкүн болчу. Ошондо мурунку бийликтен бир гана Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова калыптыр. Ушул көрүнүштү эмгиче унуталбайм да, эмгиче айтып келем. Мейли, ага чейинки Баекованын ишмердүүлүгү тууралуу көп сындар айтылып келет. Дале жаман көрүп жүрүшөт. Бирок ошондой абалда турган элди бир саамга токтотуп, алаңдаган эркектерди азга болсо да ойготконго жараган эле. Караңгыда көз тапкандай болуп, «мына Конституция, мына мен, келгиле ушул Башмыйзамдын тегерегине чогулалы» деген эрдигин чын эле ал мезгилдин алп жүрөк аялзаты дегенге кошпоско чара жок.

Алыс барбай эле мына кечээки эле Роза Отунбаеваны алалычы. «Дагы кыйраттык, революция жасап, элдин канын соргон дагы бирөөнөн кутулдук» деп куунаганыбыз менен андан ары эмне болуп чыкты? Канча жылдан берки чогулган «шишиктин» баары жарылып, деги койчу Роза Исаковна эр экен чынында. Дагы эле мойнубузга албай келебиз. Ошондогу эки жылдык «тозокто» Отунбаева эмес, оппозициядагы опурулган башка эркектерден болгондо агездеги кырдаалдан, жанагынтип тири шумдук сындарды унчукпай көтөрүп чыгып кетээр беле, жок беле - ким билет?

Албетте, мунун баары тарыхта өз ордун табаар. А бирок медалдын экинчи жагын тарых эмне деп берет?

Эстеп көрсөк, өлкөбүз эгемендикти алган күндөн бери эмне деген гана тарыхый окуяларды баштан кечирбеппиз. Эки жолу революция жасап, эки жолу жыгылып турдук. Жокчулук, каатчылык, жумушсуздук мойнубузга минди. Каражат издеп, туш-тарапка тентидик. Эл акыйкат, жакшы жашоо издейт, ошон үчүн эки жолу революция жасады, дале оңолбой келебиз. Аны моюнга алалы. Акыйкатсыздык, жеп ичкендер, ыйманын саткандар, ажыдаар кейпин кийген коррупциядан дале чыгалбай чырмалышып келебиз. Аны моюнга алалы. Соттор адилетсиз, алар дале көз каранды, күнкор. Аны моюнга алалы.

Бирок кашайып бир гана нерсени моюнга алгым келбей, бир гана нерсени түшүнө албай турам. Кечээ жакында адилеттик издеп келген нарындык апа өзүнө-өзү өрт койгонун көрүп, ошондон бери өзүмдү жаман сезип, "Биз кайда баратабыз?" деген ийрелеңдеген суроо кежигемди тешип келет.

Апа, издесеңиз адилелеттикти бир күн болбосо, бир күнү табар элеңиз го. А бирок байыртан бери келе жаткан кыргыз аялдарына мүнөзсүз болгон сабырсыздыкты кайдан таптыңыз? Кыргыз аялдары мындан да оор турмушту, адилетсиздикти баштан кечирип, көтөрүп келгени үчүн тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Кокон хандыгын ал мезгилде аялдар башкарганбы?”, “Кыргыз эли энелик-матриархат доорду баштан кечиргенби?», деген ойлорду жазчу эмес беле. А кийинки тарыхчылар эми эмне деп жазат?

Кудай сактасын, бул замандагы айрым апалар «энедолу» болушкан дешпесе болду. Айрым деп жатам дагы бир жолу. Карт тарыхты жакшы өздөштүргөн Үсөн Сыдыков ушул ОБОН-эстелигин калтырып кеткен экен, «рахмат» анысына. Бир учурда жумуртка менен бетке чаап, Докемдей улут абийирин ыйга салган, ошол кезде төрт-бешөө биригип келип, бир райондун акимин алмаштырган, Жогорку Сотту, Ош, Жалал-Абад облакимчиликтерин басып алган, анан банктардан насыя алып, анысын төгө албаса да догурунуп боз үй тигип отуруп алган күнгө жеткирди.

Жыпаркан Өмүрованын баласы күнөөсүз соттолгон болсун, ак жеринен күйгөн үчүн ушундай кадамга баргандыр. Бирок Нарын облсотунан кийин Жогорку Сот деген бар. Чын эле жанагы кадамга барганы кыргыз аялдарынын өтө эле тажаал саясатташып кеткени, болгондо да ОБОН симптомунун өтүшкөн түрү катары таасир калтырды. «Энедолу» дебеске чара жок. Эртең дагы бир эне баласы кимдир бирөөнү өлтүрүп койсо, эртеси балам күнөөсүз деп өзүнө-өзү өрт койбойт, өнөкөткө айланбайт деп эч ким кепил боло албайт.

Байкагандырсыз, жакынкы окуялар, боз үй тигип отуруп алгандар деле, өзүнө өрт койгону деле коомчулукту түгөл өзүнө буралган жок. «Балаңыз күнөөсү болсо жазасын алыш керек», же болбосо «насыя алсаң карызыңды төлөп бер» деген кайчы пикирлер да кошо угулуп жатты. Мындай акциялар боло берип, коомчулуктун деле көңүлү жедеп көнүп калгандай.

Илгери сарбагыш-бугу чабышында да апалар ортого түшүп эки бир тууган элди жараштырганын тарыхтан кезиктирчү элек. Эми тескерисинче аялдар бүлүк салган деп окуп калат окшойбуз...

Өкүнүчтүүсү, бешик терметкен апа - үйдүн куту, жарынын жөлөгү, мамлекеттик маселелерде да активдүү, чечүүчү күч катары сыйланбай калды...


Карамат Токтобаева,
Прага 18-февраль 2013-жыл
XS
SM
MD
LG