Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

“Тоолор, мени кучактагыла”


Жалаң кыздардын калемине таандык “Кыздар ай” аттуу ыр жыйнагы экинчи китеп болуп чыкты. Жыйнактын бет ачар аземин өткөрүүгө даярдык көрүп жүргөн Бурул Карагулова бул китептин жаралышы тууралуу:

- Сабира Бегимкулова, Салия Жусубалиева сыяктуу чыгармачыл эжелер менен шеринебиз бар болчу. Асан Жакшылыков агай акын кыздардын ырларын чогултуп берчи деп суранганынан чогултуп койгом. Карасам бир китеп боло тургандай ырлар топтолуп калыптыр. Сабира эже Бегимкулова “келгиле ушул ырларды чыгарып коёлу” деди. Алгач демөөрчү издедик. Бирок эч ким чыкпай койду. Ыза болдук. Ошондо Сабира эже "бирөөгө жалдырап эмне кылалы. Кимде канча акча болсо өзүбүз эле топтойлу" деп айтты. 500-1000 сомдон чогултуп жүрүп биринчи китепти чыгарып, 8-мартта бет ачар аземин өткөрдүк. Эл жакшы кабыл алып жатат. Мына эми экинчи бөлүгү жарык көрдү. Биринчи китепке 59 акын кыздардын ырлары кирсе, экинчисинде 62 акындын ырлары жарыяланды. Бул албетте алгачкы кадамыбыз. Китепке болгон элдин кызыгуусу артып, жакшы жаңылык болду көрүнөт. Эми болсо өлкөнүн чет жактарында жүргөн таланттуулардан да сунуш түшүп жатат- деп ой бөлүштү.

Акыркы кезде чыккан китептерден баш адашат. Албетте алардан айырмаланып, эл арасындагы таланттуу кыздардын бул демилгеси колдоого гана арзыйт. Ыр жазган айымдардын улуусу 80 жашта болсо эң кичүүсү он сегизде.
Арасында элге белгилүү, таанымал акындары да, жаңы эле чыграмачылык дүйнөгө баш бакканы да бар. Китепке Үрүнса Кадыралиеванын:

Каркыралар, катар бузбай саптарын,
Ала-булут арасында кайкышат.
Канаттарын кайыр кош деп каккылап,
Кайра жазда келээр күнүн айтышат.

Каркыралар, каркыралар,
Араңарда каркырам бар.
Кош айтышып, кол булгалап,
Жалгыз калды каркыраңар.

Бактыгүл Чотурованын:

Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... көпкө узатпагыла...
Жыккан турат мени бир ыза,
Тоолор мени кучактагыла!

Сүйүн Кубатованын өмүрлүк жубайы Сталбек Бактыгуловго арнаган:

Чачтары аппак бубак – түтөп турат,
Саксайып, илхам руху күчөп турат.
Жүрөктүн ырдап турган тамырынан,
Жүзүмдөй ноталарды үзөт чубап.

Динара Бейшеналиеванын:

Жолдо жатса килейген жигит,
Ичип алып, чаңга буланып.
Эч түз басып, жандап кеталбайм,
Бир кылчайбай, түптүз өтөлбайм... деген сыяктуу оригиналдуу саптары кирген.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.
XS
SM
MD
LG