Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Мындан бир нече күн мурда Бишкектин милициясы жээним Имамалини талап-тоношкону мени катуу кыжаалат кылды. Алардын кезектеги "чабуулуна" кабылган Имамали Тажикстандан жакында эле келген.

Жээнимен сураганымда болуп өткөн окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Энесай конушунун тушундагы чоң жолдо маршрутка күтүп турсам, милициянын машинеси келип калды. Ичинде алты кызматкер бар экен. Аларды көрүп чочуп кетип, чакырганда барганым жок. Ушундан кийин өздөрү жаныма келип:

- Каякка барасың? – деп сурашты.

- Васильевкага, - дедим.

- А-аа, тажиктердин айылына барам де. Эмне үчүн чакырганда келбейсиң?! - деп бирөө опузалай баштады. Анан бөйрөк тушка бир муштап:

- Тез, машинеге отур! – деп буюруду.

Жолдо баратканда оозумду ачкан сайын «сүйлөбө!» деп уруп жатышты. Бир кезде машине жолдон четтеп, талааны көздөй бет алды. Эч ким көрбөй турган жерге жеткенде сумкамды аңтарышты, андагы намаз китептерди көрүп:

- Силер, тажиктер, намазды да окуйсуңар, башка иштерди да жасай бересиңер! - деп шылдыңдашты. Бүткөн боюмду бүт тинтип чыгышып, чөнтөктөгү акчам менен телефонумдун флешкартасын алып коюшту.

- Мыйзамды бузбасам, күнөө кылбасам, неге мындай кыласыңар, эки айга чейин убактылуу каттоодон өтпөй жүрүүгө укугум бар, - дедим. Бул "каяшам" (негизи алар менин документтеримди сураган да жок) жана мени нукуган неменин жинин келтирип, эки-үч жолу муштап жиберди. Мас дагы болчу. Бир топко чейин ургулашып, «сен тажиксиң, силер баарыңар тажиксиңер» деп оозуна келген сөздөр менен маскаралап жатышты. Телефон чалайын десем, чалдырышпады. Жанымдагы 300 сомго ыраазы болушпай, "телефонуңду дүкөнгө күрөөгө таштап, 1000 сом алып бер" деп кыйнашты. Кое бербейбиз деп коркутушуп, бандиттердей мамиле кылышты.

Тобо! Таламандын тал түшүндө коопсуздугубузду сактайт деп ишенип жүргөн адамдар өздөрү тоноп, өздөрү ур-токмокко алса, эмне деген заманга келип такалдык? Эң башкы милдети - элди каракчылыктан, ар кандай зордук-зомбулуктан коргоо болуп эсептелген ички иштер органдарынын кызматкерлеринин карапайым адамдарды карактап, зомбулук көрсөткөнүн кандай түшүнсөк болот? Өкүнүчтүүсү, бул бир жолку көрүнүш эмес. Тажикстандан же Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар биздин милициялар тарабынан канча жолу тонолгондугуна күбө болгом. Мурда жердештериме "Өз укугуңарды билбегендиктен дайыма милицияга жем болуп жүрөсүңөр" деп көп айтаар элем. Бул окуядан кийин эмне дээримди да билбей калдым. Анткени эгер милиция сени менен мыйзамдын тилинде же адам катары сүйлөшпөсө, сенин сөзүңдү укпаса, тескерисинче, адегенде эле колуңду кайрып, машинеге салып, бандитчесинен мамиле кылса, укуктарыңды билгениңден не пайда? Деги жалпы мамлекеттин, элдин, улуттун коопсуздугу ишенип тапшырылган ички иштер органдарына мындай адамдар каяктан келип жатат? Мындай ашкере жоопкерчиликтүү кызматка алып жатканда алардын адеп-ахлагы, психикасы, жүрүм-туруму текшерилеби? Же айрымдардын таяке-байкеси жогорку кызматта иштесе эле болдубу? Жээним Имамалини кордогон ошол алты милиционердин ичинен Адам укуктарынын жалпы декларациясын жөн койгондо да Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды, бери дегенде милициянын милдеттерин түзүгүрөөк билген, жоопкерчилик эмне экендигин түшүнгөн бирөө болгондо мындайга барышпайт эле да. Ал эми милиция кызматкеринин кызмат учурунда мас жүргөнү эмне деген шумдук, мындай кишиге ишенип курал бергенге болобу? Минтип мас жүрүп бир күнү бирөөнү атып салбайт деп ким кепилдик берет?

Жашырганда не, «биздин милиция бизди коргобой», ачык эле тоноп, кордоп жатат. Айрыкча чет жактан көчүп келген жаштардан опузалап акча өндүрүү, кээде жогорудагыдай күч колдонуп талап-тоноо салтка айланды. Ички иштер органдарына элдин ишениминин кетип жатканы, алардын элге мокочо көрүнгөнү мына ушундан болууда. Эгер милиция кызматкерлерин жумушка алып жатканда жарандардын укугун сыйлоо, аларды коркутуп-үркүтпөй адамча мамиле кылуу б.а. маданияттуу болуу ар бирине катуу милдеттендирилсе, адеп-ахлактын бул ченемдерин бузгандар сөзсүз жазаланса, же жумуштан бошотулса, ошондо тартип болушу ыктымал. Албетте, эң биринчи кезекте мындай жат көрүнүш менен жалпы коомчулук, эл өзү күрөшпөсө, жылыш болоруна ынануу кыйын. Айрыкча алардын тузагына чалынып жаткан этникалык кыргыздардын укуктук маданиятын жогорулатып, аларды талап-тоногон, кемсинткен милиция кызматкерлерин «изин суутпай» кармоого (кайсы РИИБга карай тургандыгын билүү, таанып калуу же машинесинин номурун жаттап алуу, телефонго сүрөткө, видеого тартып алуу ж.б.у.с.) аракет кылуу абзел. Анан эң мурда ички иштер органдарынын социалдык көйгөйлөрү чечилиши зарыл. Алардын абалы «айлыгыңар аз, калганын талоончулук менен толуктап алгыла» деп чоң жолго чыгарып койгондой таасир калтырат.

Аким Кожоев, Бишкек

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG