Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Кыргызстанда жарандардын курал колдонушуна уруксат берген мыйзамды чүргөө менен учурдагы парламент эле эмес, Конституциянын гаранты болуп эсептелген президент да катуу жаңылыштык кетирди деп ойлойм. Болгондо да бул тарых кечирбей турган жаңылыштык болду. Акылга сыйбаган бул мыйзамдын кабыл алынышы мага мамлекетти кимдир бирөөлөр көмүскө башкарып жаткандай, аталган мыйзам да ошолордун көрүнбөгөн колу менен токулгандай таасир калтырды. Албетте, мындай алешем мыйзам биринчи кезекте кол тийбестик мөөнөтү бүтүп бараткан депутаттарга, бийлик башында турган мансаптууларга, акчалууларга зарыл болуп, алар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Бирок өлкөдө тартип орнобосо, кылмыштуулуктун тамырына балта чабылбаса, колуңдагы курал сени сактап калат деп ким кепилдик бере алат? Анан элди куралдандырып, «өзүңдү, үй-бүлөңдү, мал-мүлкүңдү өзүң коргоп ал» деп жоопкерчиликти элге оодарып салуунун өзү эмне деген жорук? Анда бизге милициянын, прокуратуранын, соттун, коопсуздук кызматынын эмне кереги бар?

Ачыгын айтcак, бул мыйзам кылмышкерлердин чырагына май тамызды, тактап айтканда, киши өлтүрүү мыйзамдаштырылып, каалаган адамыңды өлтүрө бер дегендей эле кеп. Кимдир бирөө менен эсептешкиси же өч алгысы келген киши аны каалаган жеринде атып салып, өлүгүн өзүнүн эшигинин алдына алып келип таштап: «Менин өмүрүмө, мүлкүмө кооп жараткандыгы үчүн аргасыз аттым», - деп актанса, жаңы мыйзамга куп жарашып калат турбайбы! Бул өлкөдө күч алып бараткан кылмыш менен мамлекеттин күрөшүүгө дараметсиз экендигин эле күбөлөбөй, ага өзү түрткү болуп жатканга окшошуп жатат.

Жарандык согуштан кийинки 1994-96-жылдарда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында бир кварталдан экинчи кварталга өтүү өтө кооптуу эле. Элдин көбүндө курал-жарак болгондуктан, күн алыс киши өлтүрүү катталып турчу. Ошол кезде жаңы президент болуп шайланган Эмомали Рахмондун алгачкы кадамы элди куралсыздандыруудан башталды. Мунун натыйжасында баш кесерлер менен талоончулардын шаарына айланган шаарда тез эле тынчтык жана коопсуздук орноду. Мындан жыйырма жылдай мурда кылмыштуулуктун очогу болгон Дүйшөмбү шаары бүгүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң коопсуз жана бейпил шаарлардын бири болуп саналат. Ал эми милиция кызматкерлери шаарда биздегидей жарандарга орой мамиле кылбайт, талап-тоногону жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Албетте, бу жаатта Тажикстанда баары телегейи тегиз дегенден алысмын. Мисалы, Жерге-Тал сыяктуу алыскы райондордо али да болсо тартип көңүл жылытарлык эмес.

Бирок бизде да кошуна республикадагыдай ички иштер органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлсө, жылыш болору шексиз. Эң мурда милиция кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу керек. Бальзак: «…жакырчылыктын уят-сыйыты да, абийири да, ар-намысы, жоопкерчилиги да болбойт» деген. Демек, милицияга 7-10 миң сом маяна төлөп андан жоопкерчиликти талап кылуу – бул жомоктогу Жаныбек хандын кырк кочкорду Жээренче чеченге берип, «кырк козу төлдөтүп бересиң» дегениндей эле болуп жатпайбы. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун сактоо моюнуна тагылган кызматкерлердин маянасы болбоду дегенде 20-25 миң сомго көтөрүлгөндө, сөзсүз абал бир топ жакшырат эле.

Ушул жерде Петр I тууралуу бир икая эске түшүп жатат. Падышага кайсы бир губерниянын башчысынүн үстүнөн пара алып жатат деген арыз түшөт. Петр I губернаторду чакыртып, эмне үчүн пара алып жатканын сурайт. Губернатор анын тапкан жалыйнасы тиричилигине жетпей тургандыгын айтат. Падыша анын айлыгын бир аз көбөйтөт. Бирок көп өтпөй ошол эле губернатордун үстүнөн пара алганын токтотпогондугу тууралуу дагы кабар келет. Петр I аны дагы чакырып, себебин сураганда, губернатор жогорудагы жообун кайталайт. Петр I анын маянасына дагы көтөрөт. Бул көрүнүш төртүнчү жолу кайталанганда падышанын ачуусу келип, губернаторду жазага тартат. Муну айтып жатканымдын себеби кээ бир милиционердин айлыгы он эсе көбөйтүлсө да анын үйрөнгөн адаты калбайт, т.а. арам акчага көз артканын койбойт. Бул нерседен арылуу үчүн биринчиден, ички иштер органдарынын катарына көчөдөн келген ар кимди эле ала бербей, алардын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму катуу текшерилип, ар бири милдеттүү түрдө «адамгерчиликтин сынагынан» өтүшү керек. Экинчиден, мындай жооптуу ишке ашкере кыраакы, профессионалдарды тартып, ошол эле учурда сандан сапатка өтүп, алардын кесипкөйлүгүн тынымсыз жогорулатып туруу абзел. Албетте, биринчи кезекте алар үчүн күнү-түнү иштөөгө шарт түзүү, ар бирине (тергөөчү болобу, учаскалык милиционер же катардагы кызматкер болобу) моралдык колдоо көрсөтүү зарыл. Алардын ишине бут тосуп, кийлигишүүгө эч качан жол берилбегендей болсун.

Кайсы жагынан алып карабайлы, аталган мыйзам карапайым элге эле эмес, жалпы улуттун, мамлекеттин бүтүндүгүнө, туруктуулугуна коркунуч жаратышы ыктымал мыйзам болду. Октолуу турган курал бир күнү атылбай койбойт: ал үйдө атылабы, көчөдө атылабы же бөлөк жерде атылабы – болжоп айтуу кыйын. Анүстүнө өлкөдө оожалып бараткан ар кандай экстремисттик маанайды эске албаганда да турмуштук түрдүү кырдаалдардан улам стресске, депрессияга тушуккандар, ошол себептүү өз иш-аракетине жооп бере албагандар (өзүн токтото албай калгандар) жок эмес. Мындан тышкары ар бир үйдө курал сакталгандыгы үчүн отуз жети жылдан бери адам каны суудай төгүлүп, уруш-жаңжал тынчыбай келе жаткан кошуна мамлекет Ооганстанды да унутпайлы.

Аким Кожоев, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG